Баткенде “Жаштык” жана “Жеңиш” эс алуу парктары оңдолот

Баткенде “Жаштык” жана “Жеңиш” эс алуу парктары оңдолот. Вице-мэр Акылбек Орозовдун айтымында, учурда калыбына келтирүү иштерине даярдык көрүлүүдө.   Парктардагы айрым объектилер демонтаждалып жатат. Долбоор Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашат. Донор бул максатта 44 миллион сом бөлүп берүүдө.

Кыргызстанда жаңы туристтик объектилерди 3 жылга салыктан бошотуу сунушталды

Кыргызстанда жаңы туристтик объектилерди 3 жылга салыктан бошотуу сунушталды. Туризм департаментинин башчысынын орун басары Кыял Кенжематованын айтымында, кеп мейманканалар, тоо-лыжа базалары жана туристтик комплекстер жөнүндө болуп жатат.   Демилге жаңы бизнеске колдоо көрсөтүү максатын көздөйт. Сунуш Экономика министрлигине жөнөтүлдү.

Кыргызстан жана Катар ортосунда 13 эки тараптуу документтерге кол коюлду

Кыргызстан жана Катар ортосунда 13 эки тараптуу документтерге кол коюлду. Президент администрациясынан билдиришкендей, алардын ичинде – маданий борборлорду түзүү, аскер, саламаттыкты сактоо жана спорт тармактарында кызматташуу макулдашуулары бар.   Ошондой эле эки өлкөнүн мамлекеттик органдары ортосунда бир катар меморандумдар жетишилди.   Эске салсак, Катардын эмири… Кененирээк…

Кыргызстан Азия өнүктүрүү банкынан саламаттыкты сактоо тармагын жакшыртууга 30 миллион доллар алат

Кыргызстан Азия өнүктүрүү банкынан саламаттыкты сактоо тармагын жакшыртууга 30 миллион доллар алат.   Аталган келишимди ратификациялоо долбоору Жогорку Кеңеш тарабынан үч окууда жактырылды. 10 миллион кредит катары берилсе, 20 миллион доллар грант.   Долбоордун алкагында Бишкек, Ош шаарларында, Чүй жана Ош облустарында 16 лаборатория жана… Кененирээк…

Аргентиналык чабуулчу Лионель Месси ПСЖдан кийинки келечеги боюнча чечим кабыл алды

Аргентиналык чабуулчу Лионель Месси ПСЖдан кийинки келечеги боюнча чечим кабыл алды.   Ал америкалык “Интер Майами” клубуна өтөт. Белгилеп кетсек, аталган клубдун жарым үлүшү  Дэвид Бекхэмге таандык.   Эске салсак, 3-июнда Пари Сен Жермен Мессинин кетиши боюнча расмий жарыялады. ПСЖ үчүн ал  2021-жылдан бери ойноп… Кененирээк…

“Унаа” мекемеси транспорт каражаттарын каттоо, кайра каттоо тутуму маал-маалы менен үзгүлтүккө учурап жатканын билдирди

“Унаа” мекемеси транспорт каражаттарын каттоо, кайра каттоо тутуму маал-маалы менен үзгүлтүккө учурап жатканын билдирди.   Учурда анын себебин аныктоо иштери жүрүп жатат. Андан улам жарандарга каттоо бөлүмдөрүнө баруудан мурда 0999 809 877 номери аркылуу алдын ала маалымат алуу сунушталат.   Белгилеп кетсек, жыл башынан бери… Кененирээк…

Ысык-Көлдө быйыл 5 туристтик сервис борбору курулат

Ысык-Көлдө быйыл 5 туристтик сервис борбору курулат. Туризм департаментинин жетекчисинин орун басары Кыял Кенжематованын айтымында, долбоорду ишке ашыруу боюнча Дүйнөлүк банк менен макулдашуу 2018-жылы эле ратификацияланган.   Убакыттын көбү жер тилкелерин аныктоого, документтерди даярдоого жана экспертизаларды өткөрүүгө кетти. Учурда департамент объектилердин курулушун кайрадан баштоодо, —… Кененирээк…

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоо жөнүндө мыйзам долбоор Жогорку Кеңеште үчүнчү окууда жактырылды

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоо жөнүндө мыйзам долбоор Жогорку Кеңеште үчүнчү окууда жактырылды.   Кайра калыбына келтирүү иштерине   13,5 миллион еврону Европалык өнүктүрүү банкы бөлүп берет.   Каражаттын бир бөлүгү кредит катары берилсе, калганы кайтарымсыз негизде тапшырылат. Күтүлгөндөй, реконструкциялоо иштеринен кийин Лебединовка ГЭСинин кубаттуулугу дээрлик 1,5 эсе… Кененирээк…

Бишкектеги Комсомол жана Пионер көлдөрү быйыл толтурулбайт

Бишкектеги Комсомол жана Пионер көлдөрү быйыл толтурулбайт. Бул тууралуу novosti.kg Свердлов акимиатынан билдиришти. Маалыматка ылайык, суу менен көлдөрдү толтуруу үчүн даярдык иштерин көрүү керек.   Жалпысынан 16 миллион сомдой талап кылынат. Бул жылга карата бюджет бекитилгендиктен, каржы маселеси чечилбей калды.

Аскер институтунун курсанттарынын стипендиясы көбөйтүлдү

Аскер институтунун курсанттарынын стипендиясы көбөйтүлдү. Коргоо министрлигинин маалыматына ылайык, эми жакшы окугандар айына 4 миң сомдон               8 миңге чейин алышат.   Ал эми буга чейин стипендиянын өлчөмү айына 500 сом болчу. Белгилеп кетсек, курсанттар экинчи курстан тарта стипендия ала алышат.