Кытай деңиз аркылуу темир жол курду

Кытай эки провинцияны деңиз аркылуу байланыштырган жогорку ылдамдыктагы темир жолду жана Тайвандын СямЭнь кысыгынын жээгиндеги эң чоң портту ишке киргизди. Бирок жол ушуну менен бүтпөйт – поезд андан ары үч жээк булуңун кесип өтөт.   Поезддердин эң жогорку ылдамдыгы саатына 350 километрди түзөт.   Темир… Кененирээк…

Бишкек: дөңгөлөк кампадагы өрт чектөөгө алынганы кабарланды

Бишкектин Свердлов районунун Широкая көчөсүнүн №5 дарегинде дөңгөлөктөрдөн чыккан өрт күндүзгү саат 4ттөр чамасында чектөөгө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.   Өрттү толук өчүрүү үчүн министрликтин өрт өчүрүү кызматтарынан беш күжүрмөн топ тартылган. Мындан сырткары өрт чыккан жерде 40тай милиция кызматкери, электр тармагындагы… Кененирээк…

Кыргызстандагы китепканаларга балдар үчүн басылган 68 миң китеп таратылат

АКШнын эл аралык өнүгүү агенттиги Кыргызстандагы китепканаларга балдар үчүн басылган 68 миң китеп таратат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, бул «Окуу керемет!» долбоорунун негизинде ишке ашып жатат. Долбоор өлкөдөгү жалпы мектептердин 75 пайызын камтыйт.   Китептердин 1,5 миңдейи 80… Кененирээк…

Коомдук транспорт үчүн тилкени кесип өткөн унааларга айып салынат

Бишкекте коомдук транспорт үчүн тилкени туура эмес жерден кесип өткөн унааларга айып пул салынат. Бул тууралуу мэриянын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти эскертти.   Белгиленгендей, бөлүнгөн тилкелерде коомдук транспорттон башка автотранспорттордун киришине тыюу салган тиешелүү жол белгилери орнотулган.   Линиядан башка жакка бурулуу үчүн… Кененирээк…

УЕФА Еврокубоктордун форматын өзгөртүүнү карап жатат

УЕФА Еврокубоктордун форматын өзгөртүүнү карап жатат. Алсак, инновация катары үч дивизионду киргизүү каралат: Суперлига, Европа лигасы жана Талапкерлер лигасы.   Анын алкагында төрт команда үчүнчү дивизиондон экинчиге, эки команда экинчиден биринчиге өтө алат.   Мүмкүн болгон өзгөртүүлөрдү октябрь айындагы жыйында талкуулоо пландалууда. Бирок жаңычылдык 2027-жылдан… Кененирээк…

Футбол боюнча улуттук курама команда эки жолдоштук беттеш өткөрөт

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы эки жолдоштук беттеш өткөрөт.   12-октябрда кыргызстандыктар Бахрейн, 15-октябрда Филиппин менен беттешет. Алдыдагы окуу-машыгуу Бишкекте жана Бахрейнде өтөт.   Эске салсак, 2026-жылдагы Дүйнө чемпионатына жана 2027-жылкы Азия кубогуна тандоо оюндары ноябрда башталат.

Коронавирустун “Дельта” штаммы жайылып жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт

Кыргызстанда өлүмгө алып келген коронавирустун “Дельта” штаммы жайылып жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт.   Оорулардын алдын алуу департаментинин маалыматына караганда, мындай билдирүүлөр социалдык тармактарда жана мессенджерлерде тарап жатат.   Мекеме өлкөдө эпидемиологиялык абал туруктуу экенин белгилейт жана жарандарды жалган маалыматтарга ишенбөөгө чакырат.

Бишкекте көмүр тартыштыгы жок экени кабарланды

Бишкекте көмүр тартыштыгы жок. Бул тууралуу Монополдукка каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти.   Мекеменин кызматкерлери мониторинг да жүргүзүп, кара отунга баа туруктуу экенин жана кымбатташы күтүлбөй турганын аныкташкан.   Алсак, Кара-Кече көмүрүнүн бир тоннасы 5,5 миң сом, ал эми казакстандык “Каражыра” менен “Шабыркүл” 6 миң… Кененирээк…

Бишкекте 1-октябрдан тарта муниципалдык эко-такси ишке кирди

Бишкекте 1-октябрдан тарта муниципалдык эко-такси ишке кирди. Мэриянын маалыматына ылайык, азырынча электр кубаты менен иштеген 10 унаа каттамга чыкты.   Такси Киев менен Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинен тарта 12-кичи районго чейин эртең мененки саат 7ден 10го чейин жана кечинде саат 5тен 8ге чейин сары тилке менен… Кененирээк…

Бишкекте тез татымда уулангандардын саны 43 адамга жетти

Бишкекте тез татымда уулангандардын саны 43 адамга жетти. Бул тууралуу  24 агенттигине Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти.   Жалпысынан Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасына 43 адам кайрылган, 23ү жаткырылды, алардын экөөсү жаш балдар. Учурда алардын абалы канааттандыраарлык.   Эске салсак,  уулангандар Бишкектеги Чүй жана Сүйүмбаев… Кененирээк…