Күрөш боюнча дүйнө чемпионатында жеңишке жеткен балбандарга президент акчалай сыйлык тапшырды

  Күрөш боюнча дүйнө чемпионатында жеңишке жеткен балбандарга президент акчалай сыйлык тапшырды.   Алтын медалдардын ээлери Айсулуу Тыныбекова, Жоламан Шаршенбеков жана Акжол Махмудов 1 миллион сомдон, күмүш медаль багындырган Айпери Медет кызы 750 миң сом жана коло медалдын ээси Тайырбек Жумашбек уулу 500 миң сом… Кененирээк…

Бишкекте батирлерди ижарага берип, бирок салык төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча рейд жүрүүдө

Бишкекте батирлерди ижарага берип, бирок салык төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча рейд жүрүүдө. Мэрия маалыматы боюнча, 20 дарек аныкталып, ээлерине карата акт тузүлдү.   Белгилеп кетсек, батирин ижарага бергендер айына 1 чарчы метр үчүн 30 сомдон, жер үйлөргө 40 сомдон салык төлөшү шарт. Андан тышкары, Соцфондго 919… Кененирээк…

Улуттук банк шылуундардан сак болууга чакырат

Улуттук банк шылуундардан сак болууга чакырат. Социалдык тармактарда атайын платформага кошулуп, кирешени көбөйтүп алуу сунушу менен билдирүүлөр тарап жатат.   Публикацияларда Улуттук банктын белгисин көрсө болот. Өлкөнүн башкы каржы мекемеси бул билдирүүлөргө тиешеси жок экенин белгилеп, бул шылуундардын дагы бир алдоо жолу деп билдирет.  … Кененирээк…

Кыргызстандык Эрлан Шеров Азия оюндарында алтын медаль утуп алды

Кыргызстандык Эрлан Шеров Азия оюндарында алтын медаль утуп алды. Дзюдочу 90 килограмм салмак категориясында килемге чыгып, өзбекстандык атаандашы Давлат Бобоновду жеңди.   Муну менен Шеров Кыргызстан тарыхында Азия оюндарында алтын медаль утуп алган биринчи дзюдочу болуп калды.

Парламентте Конституциянын 30 жылдыгына жана адам укуктарынын жалпы декларациясынын 75 жылдыгына карата айрым туткундарга амнистия берүү сунушталды

Парламентте Конституциянын 30 жылдыгына жана адам укуктарынын жалпы декларациясынын 75 жылдыгына карата айрым туткундарга амнистия берүү сунушталды.   Мыйзам долбооруна ылайык, абактан 60 жаштан жогорку эркектерди, 55 жаштан улуу аялдарды, 1-жана 2-топтогу майыптарды, үй-бүлөсүнүн жалгыз багуучусу болгон жарандарды, биринчи жолу оор эмес кылмыш үчүн камалгандарды… Кененирээк…

Кыргызстан менен Кытай ортосунда 150 миллион долларлык меморандумдарга кол коюлду

Кыргызстан менен Кытай ортосунда 150 миллион долларлык меморандумдарга кол коюлду. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Пекин шаарында ишкерлер менен жолугушууга катышты.   Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстан менен Кытайдын мамлекеттик органдарынын жана ишкерлеринин ортосунда 150 миллион доллардан ашуун сумманы түзгөн меморандумдарга кол коюлду.   Анын… Кененирээк…

АКШ тургуну Лас-Вегас аэропортунда джекпот утуп алды

АКШ тургуну Лас-Вегас аэропортунда джекпот утуп алды. Техастан келген саякатчы Гарри Рид атындагы аба майдандын аймагында орнотулган терминалдан бактысын сынап көрүүнү чечкен.   Жыйынтыгында, ал ошол жерден 643 миң доллар утуп алды. Маалыматка ылайык, аял джекпоттун жалгыз бактылуу ээси эмес. Бир нече ай мурда ушул… Кененирээк…

Бишкекте муниципалдык “Эко таксинин” биринчи партиясы тартууланды

Бишкекте муниципалдык “Эко таксинин” биринчи партиясы тартууланды. Мэриядан билдиришкендей, жаңычылдык ордо калаада экологиялык таза транспортту жайылтуу демилгесинин бир бөлүгү болуп эсептелет.   Ал абага зыян заттарды чыгарууну кыйла азайтат деп пландалууда. Күтүлгөндөй, “Эко такси” автобус-троллейбустар үчүн бөлүнгөн атайын тилке менен жүрө алат жана муниципалдык таксининин… Кененирээк…

Россия өкмөтү Кыргызстанда 9 мектептин курулушу боюнча макулдашууну жактырды

Россия өкмөтү Кыргызстанда 9 мектептин курулушу боюнча макулдашууну жактырды. Бул тууралуу маалымат россиялык өкмөттүн сайтында жеткиликтүү. Эми документ Мамлекеттик думанын кароосуна чыгарылат.   Документте биргелешип мектеп куруунун шарттары жана россиялык стандарттар менен билим берүү талабы жазылган.   Эске салсак, 1-сентябрда Бишкек, Баткен жана Каракол шаарларындагы… Кененирээк…

Кыргызстанда макулатура экспортуна киргизилген тыюу дагы жарым жылга узартылды

Кыргызстанда макулатура экспортуна киргизилген тыюу дагы жарым жылга узартылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин сайтында жазылат. Чектөөлөр кийинки жылдын март айына чейин күчүндө болот.   Белгилеп кетсек, мораторий  2021-жылы киргизилип, ошондон бери улам узартылып келет.