Ведомство аралык комиссия Бишкек ЖЭБиндеги авариянын себептерин аныктоону улантууда

Ведомство аралык комиссия Бишкек ЖЭБиндеги авариянын себептерин аныктоону улантууда. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, учурда бир нече версия каралып жатат.   Ал эми атайын жардыруу боюнча божомолдор четке кагылды. Андан тышкары, материалдык зыянды тактоо жүрүүдө. Ал эми мэрия өз кезегинде ысык суу жана жылуулук үчүн кайра эсептөө… Кененирээк…

Улуттук госпиталдын дарыгерлерин эми күзөтчүлөр кайтарат

Бишкектеги Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүндө эмгектенген дарыгерлердин иш бөлмөлөрүнө коопсуздук баскычтары орнотулууда. Мындан ары бейтап же анын жакындары коопсуздугуна коркунуч жаратса, дарыгер баскыч аркылуу күзөтчүгө кабар берет. Алар ИИМдин өкүлдөрүн чакырышат. Айта кетсек, Медициналык профсоюз уюмунун төрайымы Бермет Барыктабасова социалдык тармактагы баракчасына бир аялдын дарыгерди сабап… Кененирээк…

Кыргызстандык волейболчулар Париждеги Олимпиадага жолдомо үчүн ойнойт

Кум үстүндөгү волейбол боюнча Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасы Парижде өтө турган олимпиада оюндарына лицензия алуу үчүн күрөшүн улантат. 2023-жылдын сентябрь айында кыргызстандык курама команда тандоонун алдын ала беттешинде экинчи орунду ээлеген. Бул жыйынтык команда үчүн олимпиадага тандоонун финалдык бөлүгүнө чыгууга мүмкүнчүлүк берген.   Олимпиадага тандоонун финалдык… Кененирээк…

Дубайда эми жүргүнчүлөрдү учуучу такси тейлейт

Дубайда эми жүргүнчүлөрдү учуучу такси тейлейт.   Жергиликтүү бийлик жаңычылдыкты 2026-жылы ишке киргизүүнү пландап жатат. Учуулар 4 адам бата турган чакан учактар менен жүргүзүлөт.   Алар саатына 320 чакырым ылдамдыкта жүрө алат. Мындай жаңы муундагы таксилер электр кубаты менен жүрүп, бир рейстен кийин 10 мүнөт… Кененирээк…

Лейлекте суу сактагычтын реконструкциясы 1-мартка чейин аяктайт

Лейлекте суу сактагычтын реконструкциясы 1-мартка чейин аяктайт. Бул тууралуу Суу ресурстары кызматынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, Мурас айылында жайгашкан суу сактагычта өткөн жылы калыбына келтирүү иштери башталып, бул максатта 11 миллион сомдон ашык каражат каралган.   Учурда курулуш жумуштары аяктап, объект 1-мартта колдонууга берилет. Андан… Кененирээк…

Айыл чарба министрлиги 60,6 млн сомго жайыт чөптөрүнүн үрөнүн сатып алат

Кыргызстан 2024-жылы 60,6 млн сомго 207 миң 280 кг жайыт чөптөрүнүн үрөнүн сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, алынган үрөн 22 миң 530 гектар кунарсыз жайыт аянтын жакшыртуу максатында колдонулат.  … Кененирээк…

The Beatles тобунун катышуучуларынын кол тамгалары сатыкка чыгарылды

The Beatles тобунун катышуучуларынын кол тамгалары сатыкка чыгарылды. Кадимки ак кагаздын бетине төрт музыкант – Пол Маккартни, Джон Леннон, Ринго Старр жана Джордж Харрисон кол коюшкан.   Эми бул кагаз 100 миң долларга бааланууда. Бирок күйөрмандар аны андан дагы кымбат суммага алышы толук мүмкүн.

Ишке орноштуруу кызматы электрондук форматка өткөрүлдү

Ишке орноштуруу кызматы электрондук форматка өткөрүлдү.   Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей,  система калкты иш менен камсыз кылуу жана ишке орноштуруу чөйрөсүндө бош орундарга тез жетүүнү жана эмгек рыногундагы иштин ачыктыгын камсыз кылат.   Zanyatost.kg порталы жарандарга жумуш издөөчү катары каттоого электрондук арыз… Кененирээк…

Аламүдүн, Сокулук райондорунда 7 миң акылдуу эсептегич орнотулду

Аламүдүн, Сокулук райондорунда 7 миң акылдуу эсептегич орнотулду. Улуттук электр тармактары компаниясынан билдиришкендей, учурга карата Чүй облусунда заманбап жабдуу менен жалпысынан 74 миң абонент камсыздалды.   Мындай эсептегичтер автоматтык түрдө көрсөткүчтү бөлүштүрүүчү компаниянын серверине жөнөтүп, электр жабдууларындагы ашыра жүктөлгөндүктү азайтууга шарт түзөт. Ошондой эле, абонеттердин… Кененирээк…

Кыргызстанда лом жана кара металлды экспорттоого убактылуу тыюу салынды

Кыргызстанда лом жана кара металлды экспорттоого убактылуу тыюу салынды. Тиешелүү токтом долбоорго министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.   Чектөөлөр жарым жыл күчүндө болот. Тыюу лом, кара металл жана аны куюу үчүн металл калдыктарын өлкөдөн чыгарууга тиешелүү.