Кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо онлайн жүргүзүлөт

Пилоттук долбоордун алкагында кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо онлайн режимде жүргүзүлөт. Тиешелүү чечим Министрлер кабинетинин жыйынында кабыл алынды.   Бул пилоттук долбоорду 2024-жылдын 1-мартынан 31-декабрына чейин өткөрүү милдети Санариптик өнүктүрүү министрлигинин координациясында Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттикке тапшырылды.   Документ кыймылсыз… Кененирээк…

Бишкекте абанын сапатын жакшыртуу планы бекитилди

Министрлер кабинети Бишкек шаарынын абасын сапатын жакшыртуу боюнча 2024-2025-жылдарга карата алгачкы чаралардын планын бекитти. Өкмөттүн сайтына 16-февралда чыккан маалыматка караганда, документ баш калаанын экологиялык абалын жакшыртуу, айлана-чөйрөгө жана калктын ден соолугуна зыяндуу таасирлерди азайтуу максатын көздөйт.   Бирок ал планга эмнелер киргени, кандай иштер жасалары… Кененирээк…

ПСЖнын чабуулчусу Килиан Мбаппе клубдун директоруна кете турганын жарыялады

ПСЖнын чабуулчусу Килиан Мбаппе клубдун директоруна кете турганын жарыялады. Спорт журналисти Фабрицио Романонун айтымында, Франция курамасынын капитаны келе жаткан жайда которулат. Килиан клубдан эркин агент катары кетет.   Азырынча Мбаппе кайсы клубга которула турганы белгисиз, бирок аналитиктер трансфер мадриддик “Реалга” болушу мүмкүн  деп билдиришүүдө.

Кыргызстандын чет өлкөлөр менен соода жүгүртүүсү 30 пайызга көбөйдү

Кыргызстандын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү өткөн жылдын январь-декабрында 15,7 миллиард долларды түздү. Бул туурасында Улуттук статистика комитети билдирди. 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу соода жүгүртүү 29,9 пайызга көбөйгөн. Мында экспорттун көлөмү 46,8 пайызга, импорт 26 пайызга өскөн. Ошондой эле ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз… Кененирээк…

Аба ырайына байланыштуу үч унаа жолу убактылуу жабылды – тизме

Өлкөдөгү туруксуз аба ырайына байланыштуу кырсыктардын алдын алуу жана адам өлүмүнө жеткирбөө максатында, үч унаа жолу убактылуу жабылды. Бул тууралуу Өзгөчо кырдаалдар министрлиги билдирет.   Алар: Бишкек – Нарын –Торугарт унаа жолунун 194-чакырымынан 168-чакырымына чейин (Кочкор району); Ала-Бука –Жаңы-Базар – Кировка унаа жолунун 34-101 жана… Кененирээк…

Карантиндик жана фитосанитардык коопсуздукту камсыздоо боюнча кошумча чаралар бекитилди

Министрлер кабинети кезектеги отурумдун жүрүшүндө карантиндик жана фитосанитардык коопсуздукту камсыздоо боюнча кошумча чараларды бекитти. Атап айтканда, төмөнкүлөр бекитилди:   Фитосанитардык чараларды колдонуунун тартиби — билдирүү; Карантиндик объекттер менен булганган карантинге алынган продукцияны алып коюу, жок кылуу жана кайтаруу боюнча фитосанитардык чараларды колдонуунун тартиби; Карантиндик объекттер… Кененирээк…

Бишкектин көчөлөрүн кардан тазалоо уланууда

Бишкектин көчөлөрүн кардан тазалоо уланууда. Мэриянын маалыматына ылайык, кечээ жолдорго дээрлик 100 тонна өндүрүштүк туз чачылды. Учурда                       45 атайын техника иштеп жатат.   Ал эми тротуардагы, жол четтериндеги карды күрөөгө “Тазалык” ишканасынын жумушчулары чыкты. Жарандарга этият болуп, унааларды бак-дарактардын алдына токтотпоо сунушталат. Ал эми айдоочулар… Кененирээк…

Бишкек – Нарын – Торугарт трассасындагы Кубакы ашуусу жолдун тайгагынан улам эки тараптуу жабылды

Бишкек – Нарын – Торугарт трассасындагы Кубакы ашуусу жолдун тайгагынан улам эки тараптуу жабылды. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгү маалымдады. Чектөө кечээ кечинде киргизилген.   Жүргүнчүлѳр Балыкчы – Нарын каттамы аркылуу жүрүп жатат. Айдоочуларга жана жүргүнчүлөргө аталган каттам менен жолго чыкпай туруу эскертилди.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигин Алмазбек Примов жетектемей болду

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттикти Алмазбек Примов жетектемей болду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. Ага ылайык, президент Садыр Жапаров тиешелүү тескемеге кол кой койгон. Январь айында Маммүлктүн буга чейинки директору Канатбек Тургунбеков кызматынан алынган.

Уланбек Далиев президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлү болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Уланбек Далиев президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу мамлекет башчынын сайты 16-февралда кабарлады. 57 жаштагы Уланбек Далиев буга чейин президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн орун басары болуп иштеген. 1992-жылы Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетин аяктаган. Буга… Кененирээк…