Ош шаарында арзан көмүр саткан жайлар уюштурулду

Ош шаарында көмүрдү арзан саткан жайлар уюштурулду. Бул тууралуу жергиликтүү мэриядан билдиришти.   Маалыматка ылайык, көмүрдүн баасы 1 килограммга 5 сомду түзөт.   Белгиленгендей, арзан көмүр төмөнкү даректер боюнча сатылууда:   «Амир-Тимур» муниципалдык аймактык башкармалыгы С.Айни №80 көчөсү; «Туран» муниципалдык аймактык башкармалыгынын мамлекеттик кызмат көрсөтүү… Кененирээк…

Кыргыз-тажик чек арасынын 17,98 чакырымы макулдашылды

Ушул жылдын 1-8-ноябрына чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу Тажикстандын Согди облусунун Бустон шаарында өттү. Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 17,98 чакырымы боюнча макулдашты.… Кененирээк…

Эртең Кыргызстанда ажылык сапарга каттоо башталат

Эртең Кыргызстанда ажылык сапарга каттоо башталат. Муфтияттан билдиришкендей, тизме түзүү 20-ноябрга чейин уланат.   Зыяратка баргысы келгендер ID-картасын, 2 миң доллар жана кайтарымсыз 1 миң сом төлөгөнү тууралуу квитанциясын жана дагы башка ажылыкка керектүү кагаздарды тапшырышы керек. Ал эми сапардын жалпы баасы азырынча тактала элек.… Кененирээк…

«Социалдык контракт» программасын каржылоо келерки жылы да улантылат

«Социалдык контракт» программасын каржылоо келерки жылы да улантылат. Каржы министрлигинин маалыматына караганда, сумма ошол бойдон калып, долбоордун катышуучуларына 100 миң сомдон берилет.   2024-жылы 20 миңге жакын үй-бүлө социалдык келишимдин негизинде жардам алары күтүлүүдө.   Кошумчалай кетсек, аталган программанын алкагында ишкерликти ийгиликтүү жүргүзүп жаткан жарандарды… Кененирээк…

Синоптиктер шашылыш билдирүү таратышты

Синоптиктер шашылыш билдирүү таратышты. Ага ылайык, 9-10-ноябрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында абанын температурасы төмөндөшү күтүлөт.   Көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Ошол эле учурда батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 20 метрге чейин жетет.   Унаа ээлерине жайкы дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштыруу… Кененирээк…

Японияда эс алуу боюнча чемпион аныкталды

Японияда эс алуу боюнча чемпион аныкталды. Анын катышуучулары ким жакшыраак эс ала аларын билүү үчүн жарышты.   Эмгекчил япондор үчүн бул чындап эле кыйын иш болуп чыкты. Шарт боюнча 90 мүнөт сүйлөшүүгө, күлүүгө, жадакалса уктап калууга тыюу салынат. Болгону ачык асман алдында гана көздү ачып… Кененирээк…

ИИМ өспүрүмдөр арасында кооптуу оюн жайылып жатканын билдирди

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги өспүрүмдөр арасында кооптуу оюн жайылып жатканын билдирди.   Маалыматка ылайык, коңшу Казакстанда окуучу бала жолдо бараткан унаанын астынан чуркап чыккан окуя катталды. Буга аны ушундай кадамга түрткөн оюн себеп болушу мүмкүн экени айтылды.   Мындан улам, ата-энелерге оюндун кооптуулугу тууралуу балага… Кененирээк…

Бишкек кайрадан абасы эң булганган шаарлардын сап башына чыкты

Бишкек кайрадан абасы эң булганган шаарлардын сап башына чыкты. Эл аралык индекске ылайык, Кыргызстандын борбору абасы таза эмес 44 өлкөнүн арасынан 7-орунду ээледи.   Бишкектин алдында Индиянын борбору Дели жана Пакистандын Лахор шаары “кооптуу” деген деңгээлде турат.   Ордо калаада абанын булганышына Жылуулук электр борборунун… Кененирээк…

Бишкекке алгачкы электробустар келерки жылдын башында келет

Бишкекке алгачкы электробустар келерки жылдын башында келет. Бул тууралуу “Азаттыкка” вице-мэр Максатбек Сазыкулов билдирди.   Анын айтымында, коомдук автоунаанын бул түрүнөн 120сы сатылып алынды.   Эске салсак, буга чейин электробустар ушул жылдын экинчи кварталында келери айтылган.