АКШда аял кофе ичкени барып, байып алды

АКШда аял кофе ичкени барып, байып алды. Ал жумушка кетип баратып, кофе алганы май куюу станциясына токтоп, лотерея билетин көрүп калат.   Бирди сатып алууну туура көрүп, ал ошол жерден 1 миллион доллар утуп алганын билди.   Эми аял бул акчага бардык каалоо-тилектерин орундатууну пландап… Кененирээк…

Кыргызстандын мамлекеттик туусу өзгөртүлгөндөн кийин паспортторду алмаштыруунун кажети жок

Кыргызстандын мамлекеттик туусу өзгөртүлгөндөн кийин паспортторду алмаштыруунун кажети жок. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.   Ведомстводон такташкандай, азыркы желек түшүрүлгөн бардык расмий документтер алардын мөөнөтү соңуна чыкканга чейин жарактуу болот. Эске салсак, президенттин демилгеси менен Кыргызстандын желеги өзгөртүлдү.   Андагы түндүк 4 чамгарактуу болуп,… Кененирээк…

«Ала-Тоо» аянтындагы Ардак кароол турган жай реконструкцияланат

«Ала-Тоо» аянтындагы Ардак кароолдун кабинасы реконструкцияланарын мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты. Билдирмеге караганда, мамлекеттик гербдин авторлорунун бири Садырбек Дубанаев муниципалитетке гербди жана Ардак кароол үчүн кабинаны жаңылоо өтүнүчү менен кайрылган. Ал аталган жай эскирип, гербдин сүрөтү да өчүп баратканын айткан. Мындан улам «Бишкек башкы архитектура» ишканасы… Кененирээк…

Кыргызстандыктарды жаңы жылдык узак эс алуулар күтүүдө

Кыргызстандыктарды жаңы жылдык узак эс алуулар күтүүдө.   Өкмөт жарлыгына ылайык, 1-январдан 7-январга чейин дем алыш жарыяланды. Бул күндөрдүн ордуна 8-январь, 27-январь, 2-март жана 2-сентябрга туура келген ишембилер иш күнү болот.   Ошондой эле кыргызстандыктар 21-марттан 24-мартка чейин эс алат. 22-марттагы жумуш күнү 8-апрелге жылдырылат.

Өлкөнүн башкы жолдору кыймылга ачык

Өлкөнүн башкы жолдору кыймылга ачык. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, тоолуу райондордогу трассаларда кар жаап, шамал болуп жатканына карабай, кыймылга чектөөлөр киргизилген жок. Жолчулар тынбай иштеп жатат.   Бирок айдоочуларга жанында тайгактыкка каршы шаймандарды алып жүрүп, жол эрежелерин так сактоо сунушталат.

Бишкекте эртеңден тарта 2 көчө бир тараптуу болуп өзгөртүлөт

  Бишкекте эртеңден тарта 2 көчө бир тараптуу болуп өзгөртүлөт.   Мэриядан эскертишкендей, Гоголь көчөсүнүн Жумабек – Москва тилкесинде эми түштүк багытка карай гана жүрсө болот, ал эми Сүйүмбаев көчөсүнүн Москва – Жибек Жолу бөлүгүндө – түндүктү көздөй.   Учурда бул тилкелерде тиешелүү жол белгилери… Кененирээк…

Майыптыгын аныктаган 450 документ топтому онлайн түзүлдү

Майыптыгын аныктаган 450 документ топтому онлайн түзүлдү.  Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, ведомство медициналык кызматтардагы бюрократияны жоюу чараларын көрүүнүн алкагында санариптик долбоорду ишке киргизди.   Анын алкагында бейтаптын түз катышуусу талап кылынбайт, мамлекеттик органдар ич ара кызматташуусу менен чечим кабыл алынат.  … Кененирээк…

Бириккен күрөш дүйнөсү кыргызстандык Азат Эркимбаевди грек-рим күрөшү боюнча Азия алкагындагы мыкты машыктыруучу деп атады

Бириккен күрөш дүйнөсү кыргызстандык Азат Эркимбаевди грек-рим күрөшү боюнча Азия алкагындагы мыкты машыктыруучу деп атады.   Кыргызстандык устатка бул наам аяктап бараткан 2023-жылдын жыйынтыгы менен ыйгарылды.   Азат Эркимбаев — грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу.

Бишкекте жаңы жыл түнү коомдук транспорт Ала-Тоо аянтынан 12 багытта жүрөт

Бишкекте жаңы жыл түнү коомдук транспорт Ала-Тоо аянтынан 12 багытта жүрөт.   Мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, 1-январга караган түнү автобус-троллейбустар түнкү саат бир жарымга чейин Ала-Тоо аянтынан Рухий-Мурас, Көк-Жар, Арча-Бешик, Ак-Ордо, Ак-Босого, Ала-Тоо, Бакай-Ата, Эне-Сай конуштарына, Аламүдүн-1, 12-кичи райондорго, Чоң-Арык айылына жана Совмин шаарчасына  каттайт.

Төө-Ашуу аркылуу туннелден өтүү акысы 1-январдан тарта кымбаттайт

Төө-Ашуу аркылуу туннелден өтүү акысы 1-январдан тарта кымбаттайт. Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, жаңы жылдан баштап “Сосновка” жана “Кара-Көл” көзөмөл-өткөрүү түйүндөрү аркылуу өтүүнүн жаңы тарифтери күчүнө кирет.   Алсак, жеңил унаалардан 50 сомдон, чет өлкөлүк же транзиттик болсо 200 сомдон алынат. Кичи автобустар жана… Кененирээк…