Бир жыл ичинде Кытайдан Кыргызстанга автоунаа импорту дээрлик 45 эсе өстү

Бир жыл ичинде Кытайдан Кыргызстанга автоунаа импорту дээрлик 45 эсе өстү. Улуттук статистика комитети билдиргендей, өткөн жылдын соңунда коңшу өлкөдөн 79 миңден ашык унаа алынып келинген.   Импорттолгон автопарктын баасы 1 миллиард 197 миллион доллардан ашты. Бул бир унаа орточо эсеп менен 15 миң доллар… Кененирээк…

Кыргызстанда шектүүгө билерик тагып көзөмөлдөө боюнча мыйзамга кол коюлду

Кыргызстанда шектүүгө билерик тагып көзөмөлдөө боюнча мыйзамга кол коюлду. Документти Жогорку Кеңеш былтыр кабыл алган.   Министрлер кабинети сунуштаган мыйзам долбоорунда шектүүнүн кайсы жерде жүргөнүн, баскан-турганын көзөмөлдөп туруу үчүн бөгөт чарасынын жаңы түрү киргизилери айтылган.   Мындай билерик тагылган адамдын кайда жүргөнү аныкталып, кайсы бир… Кененирээк…

Бийлик Бишкектин абасынын сапатын жакшыртуу боюнча планды бекитти

Бийлик Бишкектин абасынын сапатын жакшыртуу боюнча биринчи кезектеги иш-чаралардын планын бекитти. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, документ ордо калаанын экологиялык абалын жакшыртуу максатында иштелип чыккан.   План булгануу проблемаларын чечүүгө багытталган кечиктирилгис жана натыйжалуу чараларды ишке ашырууга жардам берери белгиленген.   Мындан тышкары, абанын сапатын жакшыртууга багытталган… Кененирээк…

Кыргызстанда бул иш жумасы төрт күн болот

23-февралдагы майрамга байланыштуу бул иш жумасы төрт күн болот. Быйыл майрам жума күнгө туура келгендиктен кыргызстандыктар үч күн катары менен эс ала алышат — 23, 24 жана 25-февраль.   Токтомго Министрлер кабинети кол койду. Мындан тышкары, 22-февралдагы иш күнү бир саатка кыскартылат.

Бишкекте бильярд боюнча Дүйнө чемпионаты жана биринчилиги өтөт

Бишкекте чоңдор арасында бильярддын «аралаш пирамида» түрү боюнча Дүйнө чемпионаты жана жаштар арасында «эркин пирамида» боюнча Дүйнө биринчилиги өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, 22-25-февраль күндөрү жаштар арасында «эркин пирамида» түрү боюнча мелдештер болсо, чоңдор арасында «аралаш пирамида» 27-февраль… Кененирээк…

Байтик айылынан Кашка-Сууга чейин 14 чакырымдык веложол курулат

Бишкектин түштүк тарабындагы тоолорго узундугу 14 чакырымдан ашкан веложол курулат. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү фондунан билдиришти.   Анын алкагында Байтик айылынан Кашка-Сууга чейинки унаа жол алты чакырымга узартылат.   Долбоордо унаа токтотуучу жайлар да каралган. Курулуш иштери быйыл жазда башталат деп пландалууда.

Кыргызстанда сасык тумоого чалдыккандар азаюуда

Кыргызстанда сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекцияга чалдыккандардын саны азаюуда. Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришкендей, соңку бир жумада республика боюнча 6 миң 746 учуру катталды. Андан мурунку аптага салыштырганда ооругандар 6,5%га азайды.   Бейтаптардын дээрлик 66 пайызы 14 жашка чейинки… Кененирээк…

Бишкек жана Ошто республикалык агроөнөр жай форуму өтөт

Бишкек жана Ош шаарларында республикалык агроөнөр жай форуму өтөт. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдиргендей, иш-чара ордо калаада 26-28-февраль аралыгында, түштүк калаада 29-февралдан 2-мартка чейин болот.   Форумда дыйкан, фермерлер айыл чарба тармагынын алдыңкы ишкерлери менен таанышып, өнөктөштөрдү табууга өбөлгө… Кененирээк…

Бишкектеги жаңы стадиондун курулушу эки жылда аяктайт

Бишкектин четиндеги Орок айылына курула турган стадион эки жылда аяктайт. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунун президенти, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.   Маалыматка ылайык, спорттук жайдын курулушу 10-15 күндүн ичинде башталат. Ага 40 миң киши батат деп пландалууда. Мындан тышкары, быйыл… Кененирээк…

Улуу Британияда аукциондо эки миң жылдык монета сатылды

Улуу Британияда аукциондо эки миң жылдык монета сатылды. Кичинекей алтын тыйындын диаметри бир сантиметрге жакын.   Эксперттер мындай жети гана үлгүнү билишет. Аларды токойдо жашаган чакан уруу чыгарган деп эсептешет. Анын бир тарабында ат менен арабанын дөңгөлөгү, экинчисинде гүлчамбар жана жарым айдын абстракттуу элеси бар.… Кененирээк…