Жалал-Абад мэриясынын «Алтын балалык» лагеринде 150 бала акысыз эс алат

Жалал-Абад шаардык мэриясынын «Алтын балалык» лагеринде 150 бала акысыз эс алат.   Муниципалитеттен билдиришкендей, Сузак районунун Кара-Алма айылында жайгашкан «Алтын балалык» лагеринде Жалал-Абад шаарындагы аз камсыз болгон, ата-энесинен ажыраган, июнь окуясында жабыркагандардын, чернобыль кырсыгын жоюуга катышкандардын балдары эс алат.   «Алардын алгачкы бөлүгү учурда лагерде… Кененирээк…

Митингдерге тыюу салган чечимдин мөөнөтү дагы үч айга узарды

Бишкекте митинг-пикеттерге тыюу салган чечимдин мөөнөтү дагы үч айга узарды. Бул тууралуу бүгүн 3-июлда “Азаттыкка” Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.   Мекеменин маалыматына караганда, райондук акимчиликтин тынч жыйындарды өткөрүү жерлерин чектөө тууралуу чечимин мыйзамдуу деп таануу жөнүндөгү арызы 29-июлда каралып, канааттандырылды. Эми, соттун бул чечимине… Кененирээк…

Акылбек Жапаров таза сууга эсептегичтерди коюуну тапшырды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 3-июлда Бишкектеги жана Чүйдүн Аламүдүн районундагы «Орто-Алыш», «Башкара-Суу» жер астындагы суу алгычтарында болду. Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиришинче, Жапаров анда таза суу таңкыстыгын комплекстүү чечүүнү тапшырды. Кошумча сууканаларды курууга каражат бөлүнүп берилерин билдирди.   Жапаров ошондой эле суу үчүн эсептегичтерди… Кененирээк…

Ысык-Көлдө 3 муниципалдык пляж уюштурулат

Ысык-Көлдө 3 муниципалдык пляж уюштурулат. Бул тууралуу Ысык-Көл районунун акими Калыбек Жумадылов “Экономист” басылмасына билдирди. Анын айтымында, Чолпон-Ата шаарында жана  Чоң-Сары-Ой, Кара-Ой айылдарында пляж куруу долбоору иштелип жатат.   Бул жерде коопсуздук жана инфраструктуралык талаптар боюнча бардык шарттар түзүлөт деп күтүлүүдө.

Жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуу 17-июлда старт алат

Жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуу 17-июлда старт алат. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, жалпысынан 4 этап болот. Биринчиси 19-июлга чейин созулса, экинчиси 24-июлдан 26сына чейин.   Үчүнчү этап  31-июлда старт алып, 2-августта токтотулат, ал эми соңку төртүнчү этап 7синен 9-августка чейин жүргүзүлөт.   Арыздарды… Кененирээк…

Килиан Мбаппе ПСЖдан “Реалга” бул жайда өтпөй калды

Килиан Мбаппе ПСЖдан “Реалга” бул жайда өтпөй калды. Чет элдик спорт басылмаларынын маалыматы боюнча, мадриддик клуб бул сезон аралыгында курамды күчтөндүүнү пландаган жок.   “Реалдын” жетекчилиги француз оюнчусу менен келишимге кышында кол коюу ниетинде. Эске салсак, ПСЖда 2018-жылдан бери ойноп келе жаткан Килиан Мбаппе келишимди… Кененирээк…

Өлкөнүн тоолуу аймактарында сел жүрүү коркунучу жаралды

Өлкөнүн тоолуу аймактарында сел жүрүү коркунучу жаралды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, мындай кооптуу абал 6-июлга чейин сакталат.   Буга температуранын жогорулашы жана тоо этектеринде нөшөрлөп жааган жаан себеп. Ошондой эле дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт. Жарандарга этият болуу сунушталат.

“Эл үмүтү” эл аралык стипендиясына документтерди кабыл алуу 10-июлга чейин узартылды

“Эл үмүтү” эл аралык стипендиясына документтерди кабыл алуу 10-июлга чейин узартылды. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.   Документтерди кабыл алуу боюнча талаптар жана эрежелер ведомствонун сайтында жеткиликтүү.   Эске салсак, “Эл үмүтү” стипендиясы өткөн жылы негизделген. Ал жаштарга дүйнөнүн эң мыкты делген университеттеринде магистр… Кененирээк…

Кыргызстанда колдонулган катализаторлорду өлкө аймагынан чыгарууга тыюуну дагы жарым жылга узартуу сунушталды

Кыргызстанда колдонулган катализаторлорду өлкө аймагынан чыгарууга тыюуну дагы жарым жылга узартуу сунушталды. Токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.   Документте жазылгандай, мындай чара ошондой эле катализатордун курамындагы шлак, күл жана баалуу металлдардын калдыктарына дагы тиешелүү болот.   Мыйзам долбоорунун максаты – адам өмүрүн, айлана-чөйрөнү, жаныбарларды жана… Кененирээк…

Кыргызстандык спортчулар Кытайдагы Азия оюндарына катышат

Кыргызстандык спортчулар Кытайдагы Азия оюндарына катышат. Мелдештер күзүндө Ханчжоу шаарында өтөт. Биздин өлкөнүн командасынын курамына 181 адам кирди. Алар спорттун 26 түрү боюнча мелдештерге катышмакчы.   Арасында бокс, сууда сүзүү, жаадан атуу, дзюдо, күрөш, оор атлетика, гимнастика, таэквондо, шахмат жана башкалар бар. Спортчулардын катышуусуна мамлекеттик… Кененирээк…