Жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу үчүн жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо 17-октябрдан 27-октябрга чейин жүргүзүлөт

Жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу үчүн жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо 17-октябрдан 27-октябрга чейин жүргүзүлөт. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.   Ведомстводон такташкандай, ЖРТга онлайн форматта катталса болот. Тестирлөөнүн өзү 24-ноябрдан 30-ноябрга чейин өтөт.

Бишкекте трансформаторлор жаңыртылууда

Бишкекте трансформаторлор жаңыртылууда. Ордо калаа электр тармактарынан билдиришкендей, буга чейин Төмөнкү Ала-Арча айылында жабдуулар ашлмаштырылды.   Улуттук электр тармактары компаниясы өлкө аймагындагы бардык бөлүмдөрү үчүн  жаңы трансформаторлорду сатып алды. Бишкекке 28 даана жабдуу бөлүндү. Иштер күзгү-кышкы сезонго даярдык катары жүргүзүлүүдө. Бул керектөөчулөрдү сапаттуу электр энергиясы… Кененирээк…

Бишкекке дагы 58 жаңы автобус жеткирилди

Бишкекке дагы 58 жаңы автобус жеткирилди. Мэриядан билдиришкендей, автобустар Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы менен түзүлгөн келишимдин негизинде Кытай заводунан алынган.   Коомдук транспорт 85 адамды ташууга ылайыкташып, 29 орундугу бар. Салондорунда видеобайкоо системасы орнотулган. Эске салсак, буга чейин ордо калаага 250 газ менен жүрө… Кененирээк…

Ысык-Көл жээгиндеги алгачкы 5 жылдыздуу мейманкананын курулушу башталды

Ысык-Көл жээгиндеги алгачкы 5 жылдыздуу мейманкананын курулушу башталды. Президент администрациясынан билдиришкендей, эл аралык талаптарга жооп берген конок үйү Кара-Ой айылында жайгашат.   Курулуштун мөөнөтү 3 жыл деп белгиленди. Эске салсак, Ысык-Көлдөгү 5 жылдыздуу мейманканын курулушу министрлер кабинети менен Азербайжан өкмөтүнүн ортосунда жетишилген инвестициялык макулдашуунун алкагында… Кененирээк…

Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунда кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт

Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунда кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, трассанын Боом капчыгайына тиешелүү 118-чакырымында 17-октябрдан 20-октябрга чейин таштар атайлап түшүрүлөт.   Буга байланыштуу эртең мененки саат 9дан күндүзгү 3кө чейин унаалар бир тараптуу өткөрүлөт.

Токтогул суу сактагычында суунун жалпы көлөмү 11 миллиард 800 миллион кубометрди түздү

Токтогул суу сактагычында суунун жалпы көлөмү 11 миллиард 800 миллион кубометрди түздү. Бүгүнкү күнгө карата маалымат менен “Электр станциялары” компаниясы бөлүштү.   Суунун башкы резервуарга агып кириши секундасына  300 кубометрди түзсө, чыгышы 170 кубометрге барабар. Белгилеп кетсек, өткөн жылдын ушул мезгилинде Токтогулдагы нымдуулуктун жалпы көлөмү… Кененирээк…

Бишкектин коомдук транспортунда тариф 20 сомго кымбатташы мүмкүн

Бишкектин коомдук транспортунда тариф 20 сомго кымбатташы мүмкүн.   Тиешелүү мыйзам долбоору шаардык кеңеште коомдук талкууга чыгарылды. Документке ылайык, троллейбус, автобус жана маршруттук таксилерде жол кире  20 сомду түзүп калат.   Мындай чара жүргүнчүлөрдү туруктуу коомдук транспорт менен камсыздоого жана муниципалдык автотранпорттук ишкананын экономикалык абалын… Кененирээк…

Жыл башынан берки өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгын Улуттук статистика комитети жарыялады

Жыл башынан берки өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгын Улуттук статистика комитети жарыялады. Ага ылайык, январь-сентябрь айларында республика аймагында керектөөчү баалар жана тарифтер орточо эсеп менен 5,7 пайызга өстү.   Эң чоң секирик Нарын облусунда катталды – 11 пайыз.   Статкомдун маалыматы боюнча, спирт ичимдиктери жана тамекинин… Кененирээк…

Улуттук курама команда Азиянын паралимпиада оюндарына катышат

Кыргызстандын улуттук курама командасы Кытайдын Ханчжоу шаарында өтө турган Азиянын паралимпиада оюндарына катышат. Бүгүн, 16-октябрь күнү улуттук курамага Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстандын туусу тапшырылды. Иш-чарага Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов катышып, курама командага ийгилик каалады. Азиянын паралимпиада оюндары 20-30-октябрь күндөрү өтөт.… Кененирээк…

Бишкекте мыйзамсыз орнотулган жарнама конструкциялары алынууда

Бишкекте мыйзамсыз орнотулган жарнама конструкциялары алынууда.   Муниципалитеттен билдиришкендей, Жибек-Жолу проспектисинен (ЧЧК) баштап Курманжан Датка көчөсүнө чейин 398 жарнамалык конструкция алынды. Ошондой эле уруксат кагаздары жок орнотулган 75 чарчы метрди түзгөн 6 бастырма демонтаждалып, анын ичинен 2 бастырма Курманжан Датка көчөсүндө жана 4 бастырма Жибек-Жолу… Кененирээк…