Соңку үч жылда Кыргызстанда 214 жаңы мектеп курулду

Соңку үч жылда Кыргызстанда 214 жаңы мектеп курулду. Анын ичинен быйыл 72си пайдаланууга берилгени Экинчи элдик курултайдын жүрүшүндө белгилүү болду.   Жалпысынан билим берүү мекемелерин курууга 7 миллиард сомдон ашык каражат жумшалган.   Өлкөдөгү 2 миң 350 мектептин 2 миң 145и же 90%дан ашыгы интернетке… Кененирээк…

ЖОЖдорго кышкы кабыл алуу 35 университетте жүргүзүлөт

ЖОЖдорго кышкы кабыл алуу 35 университетте жүргүзүлөт. Билим берүү министрлиги билдиргендей, алардын тизмеси “Абитуриент онлайн” сайтында жеткиликтүү.   Бирок студенттер жайкы кабыл алуудан кийин бош калган контракттык орундарга гана кабыл алынат.   Кошумчаласак, жогорку окуу жайларына кышкы кабыл алуу үчүн өткөрүлгөн жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгында… Кененирээк…

Кыргызстанда эки миңге жакын чет элдик “Санарип көчмөн” макамын алышты

Кыргызстанда эки миңге жакын чет элдик “Санарип көчмөн” макамын алышты. Эмгек министрлигинин маалыматына караганда, алардын арасында Армения, Азербайжан, Беларусь, Казакстан, Молдова, Россиянын жарандары бар.   Эске салсак, “Санарип көчмөн” статусун чет элдик адистер, негизинен программисттер жана дизайнерлер ала алышат.   Бул макам бир катар артыкчылыктарга… Кененирээк…

Каражыгач багында жаңы балдар аянтчасы пайда болду

Бишкектеги Каражыгач багынын аймагында жаңы балдар аянтчасы пайда болду. Муниципалитеттен билдиришкендей, анда турниктер жана селкинчектер орнотулган.   Ошондой эле ата-энелердин ыңгайлуулугу үчүн отургучтар жана таштанды челектери коюлду. Ал эми эски аянтча демонтаждалды.

Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү унаа токтотуу жайларга сааттык төлөм киргизилет

Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү унаа токтотуу жайларга сааттык төлөм киргизилет.   Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүнтөн баштап ордо калаада унаа токтотуучу жайлардын ишмердүүлүгүнө электрондук системаны киргизүү боюнча иштер жүргүзүлөт. Жумуштар тесттик режимде Токтогул — Тыныстанов — Фрунзе — Турусбеков көчөлөрү менен чектелген кварталда башталат.   Мэрия алдыда бардык… Кененирээк…

Кыргызстанда ЖОЖдорго кышкы кабыл алуу 25-декабрда башталат

Кыргызстанда ЖОЖдорго кышкы кабыл алуу 25-декабрда башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.   Абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу 4 тур менен өтөт.   Кошумчаласак, жогорку окуу жайларына кышкы кабыл алуу үчүн өткөрүлгөн жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгында 554 адам босого баллдан өттү. Жалпысынан… Кененирээк…

Автоунааларды милдеттүү камсыздандыруу 2025-жылга жылдырылды

Кыргызстанда автоунааларды милдеттүү камсыздандыруу 2025-жылга жылдырылды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.   Эске салсак, ОСАГО полиси жокторго 2024-жылдын 1-январынан тарта айып пул салынмак.   Өлкөдө машинелерди камсыздандыруу эрежесин киргизүү аракети бир нече жылдан бери көрүлүп, бирок ишке ашпай келет.   Ал эми Кыргызстанда… Кененирээк…

Кышкы кабыл алуу үчүн ЖРТдан 554 абитуриент босого баллдан өттү

Жогорку окуу жайларына кышкы кабыл алуу үчүн өткөрүлгөн жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгында 554 абитуриент босого баллдан өттү. Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, ЖРТнын жыйынтыгы менен эң жогорку балл – 214, эң төмөнкү балл – 38, орточо – 120 болду.   Жалпысынан тестке 902 адам… Кененирээк…

«Мекен-карт» макамын 38 киши алды

«Мекен-карт» макамын 38 киши алды. Бул тууралуу Эмгек министрлигинин миграция башкармалыгынын башчысы Жыпара Мамбетова билдирди.   Маалыматка ылайык, документти Россия, Германия, Корея, Бельгия, Түркия, Австрия, Түркмөнстан жана Катардын жарандары алды.   “Мекен-карт” мурда Кыргызстандын жараны болгон чет өлкөлүктөргө, алардын балдары жана неберелерине берилет. Аны алуу… Кененирээк…

Чүй проспектисинде мындан ары кичи автобустар жүрбөйт

Бишкектин Чүй проспектисинде мындан ары кичи автобустар жүрбөйт. Мэриянын Транспорт департаментинен билдиришкендей, кеп Ибраимов көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейинки тилкеде болууда.   Бардык маршруткалар Киев, Токтогул жана Фрунзе көчөлөрүнө которулду.   Ошол эле учурда бул тилкеде каттаган автобустар өзгөрүүсүз иштей берет.