“Ак-Кула” ат майданынын ордуна бизнес борбор курулат

Бишкектеги “Ак-Кула” ат майданынын ордуна Москва менен Ташкенттегидей бизнес борбор курулат. Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун айтымында, ипподром үчүн жаңы жер тандалып, тиешелүү топ жаңы бизнес борбордун долбоорун иштеп чыгууда.   Эске салсак, Ак-Кула ат майданы 1947-жылы курулуп, 60 гектарды ээлейт. 2020-жылы объект кооптуу жана… Кененирээк…

Кыргызстанда 160тан ашык маалымкатты “Түндүк” электрондук системасынан алса болот

Кыргызстанда бүгүнкү күндө 160тан ашык маалымкатты “Түндүк” электрондук системасы аркылуу алса болот. Тиркемени учурда 1,5 миллионго жакын жаран колдонуп жатат. Анын артыкчылыктары тууралуу Novosti.kgге Президенттин Администрациясынын санарип өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Азамат Буржуев айтып берди.   “Азыр бүт мамлекеттик кызматтарды онлайн форматка өткөрүп жатабыз. Анткени ЦОНдорго… Кененирээк…

Бишкек ЖЭБинде кубаттуулук дагы көбөйтүлдү

Бишкек ЖЭБинде кубаттуулук дагы көбөйтүлдү. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, учурда Жылуулук электр борбору 300 МВт жүктөмдү активдүү көтөрүп жатат.   Маалыматка ылайык, сырттагы абанын температурасы төмөндөгөнүнө байланыштуу «Бишкекжылуулуктармагына» берилген ысык суунун температурасы орто эсеп менен +60 градусту түзүүдө.   Белгилеп кетсек, суук түшкөндөн бери шаар тургундарынан… Кененирээк…

Эртең Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт

Эртең Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт. Муниципалитеттен билдиришкендей, эртең мененки саат 10дон кечки 6га чейин Жайыл Баатыр — Арча-Бешик – Куюкова – Муромский – Ахунбаев – Садырбаев көчөлөрү менен чектешкен аймакта суу берүү токтотулат.   Мунун себеби оңдоо иштерине байланыштуу. Калк жана мекеме-уюмдар ичүүчү сууну… Кененирээк…

Быйыл Кыргызстанда «Санарип сом» системасы ишке ашат

Быйыл Кыргызстанда «Санарип сом» системасы ишке ашат. Бул технология финансылык кызматтарды көрсөтүүгө байланыштуу процесстерди бир кыйла жөнөкөйлөтөрүн Президенттин Администрациясынын санарип өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Азамат Буржуев төмөнкүчө түшүндүрдү:   “Бул биткоинге окшош десек болот. Бирок мамлекеттин признаниеси бар. Ошол акчаны телефондо сактаса болот. Бирок жер же… Кененирээк…

Сириядан дагы 99 жаран Кыргызстанга алынып келди

Сириядан дагы 28 аял жана 71 бала Кыргызстанга алынып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.   “Айкөл 5” гуманитардык миссиясынын алкагында жалпы 99 жаран кайтарылды.   Акыркы жолу Сириянын түндүк-чыгышындагы лагерлерден былтыр Кыргызстандын 95 жараны мекенине жеткирилген.

Талас районунда бир нече чакан ГЭС курулат

Талас районунда бир нече чакан ГЭС курулат. Бул тууралуу Novosti.kgге жергиликтүү акимчиликтен билдиришти.   Маалыматка ылайык, Бекмолдо айыл аймагында кубаттуулугу 18 мегаватты түзгөн гидроэлектрстанция салынат. Жерге-Тал айыл аймагына курула турган чакан ГЭС 5 мегаватты түзөт.   Ал эми Көк-Ой айылында 125 мегаваттык күн электр станциясы… Кененирээк…

Оң рулдуу унааны такси катары айдоого тыюу салган токтом талкууга чыкты

Кыргызстанда оң рулдуу унааларда такси кызматын көрсөтүүгө, жүк ташууга тыюу салган токтом талкууга чыкты. Министрлер кабинети бул кырсыктардын алдын алуу жана көзөмөлдөө максатында кабыл алынган чара экенин белгиледи.   ИИМдин маалыматына караганда, Кыргызстанда 17 миңдей машиненин ээси жүргүнчү ташыйт. Анын тең жарымы оң рулдуу унаалар.

Кыргызстанда жасалма интеллект медицинада колдонула баштайт

Кыргызстанда жасалма интеллект медицинада колдонула баштайт. Алсак, компьютердик томографиянын анализдерин анын жардамы аркылуу билүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.   Ошондой эле өлкөдөгү бардык мыйзамдар жасалма интеллектке жүктөлүп, жарандарга робот юрист консультация берет. Мунун баары кыргыз тилинде болот, — деп билдирди Президенттин Администрациясынын санарип өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Азамат… Кененирээк…

Чүй облусунда эки жаңы бала бакча ачылды

Чүй облусунда эки жаңы бала бакча ачылды. Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, мектепке чейинки билим берүүчү жайлар Маловодное жана Төрт-Көл айылдарында жайгашкан.   Имараттарда бөбөктөр үчүн бардык шарттар түзүлгөн.   Белгилеп кетсек, 2023-жылы Чүй облусунда жалпысынан жети бала бакча ачылган.