Ленин округу боюнча 100дөн ашык киши сырттан добуш берет

Бишкектин Ленин округу боюнча депутатты кайра шайлоодо 100дөн ашык киши сырттан добуш берет.   БШК эскерткендей, ден соолугуна байланыштуу же башка себептер менен шайлоо участогуна келе албагандар мөөнөтүнөн мурда добуш берүүгө укуктуу. Алар эртең өз тандоосун жасайт.   Шайлоонун өзү жекшемби күнү болот.

Бишкекке жыл аягына чейин дагы 600 автобус алынып келет

Бишкекке жыл аягына чейин дагы 600 автобус алынып келет. Мэриянын маалыматына караганда, анын ичинен 500ү республикалык бюджеттин эсебинен сатып алынса, калганы Евразия реконструкция жана өнүктүрүү банкынын линиясы аркылуу алынат.   Эске салсак, былтыр мэрия кытайлык компаниядан 1 млрд сомго автобустарды сатып алган. Каражат шаардык бюджеттен… Кененирээк…

Токмок – Шамшы – Туюк унаа жолу асфальтталууда

Чүй облусунун Токмок – Шамшы – Туюк унаа жолунда асфальт-бетон төшөө иштери аткарылып жатат. Бул тууралуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата жолдун 560 метр аралыгына асфальт төшөлдү. Планга ылайык, аталган жолдун 3 чакырым аралыгын асфальттоо каралган.

Рианнанын экинчи баласынын аты белгилүү болду

Ырчы жана ишкер Рианнанын экинчи баласынын аты белгилүү болду. Чет элдик басылмалардын маалыматына караганда, ал уулуна Риот Роуз Майерс деген ат койгон.   Басылмалар баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн да көрүүгө жетишкен. Ага ылайык, ымыркай ушул жылдын 1-августунда таңкы саат 7:41де Лос-Анжелестеги төрөтканада жарык дүйнөгө келген.… Кененирээк…

Кыргызстанда фермерлерге пайызсыз жана күрөөсүз дээрлик 226 млн сом бөлүндү

Кыргызстанда фермерлерге пайызсыз жана күрөөсүз дээрлик 226 млн сом бөлүндү. Каражат «Сүт тармагынын өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу» долбоорунун алкагында өздөштүрүлөт.   Каржы министрлигинен билдиришкендей, долбоор жылдын жаз айларынан тарта Ысык-Көл, Нарын жана Таласта пилоттук режимде ишке ашырылып жатат.   Бул аралыкта эки миңдей фермер мамлекеттен пайызсыз… Кененирээк…

Токтогулда Комуз күнү белгиленди

Комуз күнүнө арналган жана залкар комузчу Карамолдо Орозовдун 140 жылдык мааракесине карата Токтогул шаарынын борбордук аянтында майрамдык иш-чара өттү. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.   Маалыматка ылайык, майрамга райондук балдар музыкалык мектебинин жана балдар чыгармачылык үйүнүн комузчулары катышты. Алар айтылуу Т.Сатылганов, К.Досуев, А.Огомбаев, К.Орозов жана… Кененирээк…

Венецияга кирүү акылуу болот

Венецияга кирүү акылуу болот.   Шаар бийлиги тесттик режимде бир күндүк туристтик сапарлар үчүн төлөм киргизүүнү чечти. Ага ылайык, 14 жаштан ашкан саякатчылар Венецияда бир түн калса, беш евро төлөшөт.   Мындай инновациянын максаты Венециянын сырткы көрүнүшүн жана анын маданий мурастарын сактап калуу болуп саналат.… Кененирээк…

Бишкекте жаңы жашыл жана парк аймактарын куруу иштери уланууда

Бишкекте жаңы жашыл жана парк аймактарын куруу иштери уланууда. Маселен, учурда Нариман жана Алтай көчөлөрүнүн кесилишинде жумуш жүрүп жатат.   Буга чейин авариялык абалдагы бак-дарактар жок кылынды. Жакында бул жерге газон төшөлүп, чөптүн үрөнү себилет.   Белгилеп кетсек, бул аймак мурда кароосуз калган.

Сүлүктүдө кап чыгаруучу ири ишкана ачылды

Сүлүктү шаарында кап чыгаруучу ири ишкана ачылды. Ишкананы ата мекендик инвесторлордун бири курган.   Долбоордун баасы 40 миллион сомду түзөт.   Завод жакын аралыкта пайдаланууга берилиши күтүлүүдө. Анын алкагында 120га жакын адам жумуш менен камсыз болот.   Ишкана 5 килограммдан 150 килограммга чейинки каптарды чыгарат.

Бишкекте автобустарга алмаштырылган айрым маршруткалар кайра каттамга чыкты

Бишкекте автобустарга алмаштырылган айрым маршруткалар кайра каттамга чыкты. Кеп 100, 105, 152, 195 жана 212 номурлуу кичи автобустар тууралуу болуп жатат.   Транспорт департаментинин башчысынын орун басары Улан Уезбаев кичи автобустар көп эместигин, алар жүргүнчүлөрдүн автобустардын ортосундагы интервалдардын көптүгүнө даттануусунан улам ишке чыкканын билдирди.  … Кененирээк…