Лондондо аукциондо Майкл Джексондун күрмөсү сатылды

Лондондо аукциондо Майкл Джексондун күрмөсү сатылды. Ал аны 40 жыл мурда “Триллер” альбомунун эбегейсиз ийгилигинен кийин жарнамага тартылуу учурунда кийген. Лот 306 миң долларга сатылды.   Джексондун күрмөсүнөн тышкары аукциондо Эми Уайнхаустун париги, ошондой эле Элвис Преслиге, Биттлз, Квин жана Оазис топторунун мүчөлөрүнө таандык буюмдар… Кененирээк…

Бишкектин Ынтымак конушунда жаңы сквер пайда болот

Бишкектин Ынтымак конушунда жаңы сквер пайда болот. Мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, эс алуу аймагында балдар аянтчасы, воркаут жана вело жолчолор бар.   Скверди бойлото ирригациялык система, көчө жарыгы орнотулуп, бак-дарактар тигилип, таман таштар төшөлдү.

WhatsApp мессенджеринде жаңы функция пайда болот

WhatsApp мессенджеринде жаңы функция пайда болот.   Ал билдирүүнү жөнөтүлгөн датасы менен тез таап алууга мүмкүнчүлүк берет. Мындай жаңычылдык чаттардын навигациясын жакшыртып, колдонуучунун убакытын үнөмдөйт.   Бул үчүн календарь чагылдырылган баскыч пайда болот. Учурда функция сыноодон өтүп жатат жана жалпы колдонуучуларга жакынкы арада жеткиликтүү болот.

Жалпы республикалык тестирлөөгө кошумча каттоо 24-ноябрда өтөт

Жалпы республикалык тестирлөөгө кошумча каттоо 24-ноябрда өтөт. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, ордо калаада ал Бишкек Гуманитардык университетинин имаратында, ал эми Ошто Ош мамлекеттик университетинин башкы корпусунда болот.   Каттоого жалпы орто жана орто кесиптик билимге ээ жарандардын мүмкүнчүлүгү бар.   Тестирлөөнүн өзү 24-ноябрдан 30-ноябрга чейин… Кененирээк…

Россиялык дарыгерлер маанайга таасир берүүчү азыктарды атады

Россиялык дарыгерлер маанайга таасир берүүчү азыктарды атады. Биринчи кезекте алкоголдук ичимдиктерден баш тартуу керек, алар организмди интоксикацияга алып, келип абалды начарлатат.   Ошондой эле маанайды көтөрүү үчүн таттууга басым жасабоо керек. Глюкозанын деңгээли кескин көтөрүлгөнү менен, ошондой эле кайра дароо түшүп кетет. Жыйынтыгында, эфорияны чарчоо… Кененирээк…

Баткенде каза болгон эки чек арачынын ысымы өздөрү жашаган көчөлөргө берилди

Баткен облусунун Айдаркен шаарындагы көчөгө Ички иштер министрлигинин атайын багытталган полкунун кызматкери Мыктыбек Мурзажановдун ысымы ыйгарылды.   Мыктыбек Мурзажанов 2022-жылдын сентябрында кыргыз-тажик чек арасында орун алган куралдуу жаңжалда баатырларча курман болгон. 23 жашында набыт болгон аскерге «Эрдик» медалы ыйгарылган.   20 жаштагы чек арачы Марат… Кененирээк…

Мамлекеттик материалдык резервдер фонду 22,5 миң тонна буудай сатып алды

2023-жылдын 13-ноябрына карата республика боюнча Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан 22 миң 500 тонна аштык буудай сатып алынды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, сатылып алынган дан эгиндеринин сапаты үчүнчү класстан төмөн эмес жана курамындагы илешкектиги (клейковина) 23 пайыздан кем эмес. Учурда… Кененирээк…

Бишкекте КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын күзгү сессиясы өтөт

16-17-ноябрда Бишкектеги Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине кирген өлкөлөрдүн парламенттер аралык ассамблеясынын күзгү сессиясы өтөт.   16-ноябрда түштөн кийин КМШ Жаштар парламенттер аралык ассамблеясынын жана КМШ ПААнын саясий маселелер, эл аралык кызматташтык, социалдык саясат жана адам укуктары боюнча туруктуу комиссияларынын отурумдары өтөт. Ошондой… Кененирээк…

Кызамык вирусу көп катталып жаткан аймактар айтылды

Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматы боюнча, 2023-жылдын башынан бери кызамык менен ооруган 3618 учур аныкталды. Бишкек шаарында – 1076 учур, Ош шаары – 333 учур, Ош облусу – 695 учур, Баткен облусу – 96 учур, Чүй облусу – 562 учур, Жалал-Абад облусу – 650 учур, Талас… Кененирээк…

Жамалбек Асылбек уулу самбо боюнча дүйнө чемпионатында алтын медаль багындырды

Жамалбек Асылбек уулу самбо боюнча дүйнө чемпионатында алтын медаль багындырды.   Дене тарбия жана спорт департаментинин маалыматына ылайык, спортчу 88 килограммга чейинки салмакта күч сынашып, финалда казакстандык атаандашын жеңди. Ошондой эле Белек Бараканов күмүш, Болот Токтогонов менен Саяк Бараканов коло медалдарды утушту.   Командалык эсепте… Кененирээк…