Принцесса Диананын каттары аукциондо сатылат

Принцесса Диананын каттары аукциондо сатылат. Уюштуруучулардын айтымында, кеп ханбийке жакын досторуна жазган каттар тууралуу болуп жатат. Анда Диананын башынан өткөндөр жазылган. Белгиленгендей, каттардан түшкөн каражат кайрымдуулук уюмдарына которулат. Жалпысынан аукциондун уюштуруучулары 100 миң доллардан ашык чогулта турганы күтүлүүдө.

Бишкекте кургак учукка каршы жаңы оорукана ачылат

Бишкекте кургак учукка каршы жаңы оорукана ачылат. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, объект Германиянын өнүктүрүү банкынын каражатына курулган. Оорукана 128 орунга ылайыкталган. Азыр бул жерде медициналык жабдуулар орнотулууда. Өкмөт ошондой эле быйыл жалпысынан өлкө аймактарында 7 заманбап оорукана курууну пландаштырып жатканын билдирди.

Кыргызстандын Абадан коргонуу күчтөрү жаңы техника менен толукталды

Кыргызстанга модернизацияланган «Печора-2 БМ» мобилдик зениттик-ракеталык комплекси алынып келинди. Бул техниканы Кыргызстан Беларустан сатып алганын, ал Коргоо министрлигинин Абадан коргонуу күчтөрүнө берилерин президенттин басма сөз кызматы билдирди. Мекеме өлкө эгемендик алгандан бери биринчи жолу бюджеттик каражатка мындай көчмө комплекс сатып алып жатканын, аны каалаган убакта… Кененирээк…

Кыргызстанда Жогорку окуу жайлардын улуттук рейтинги түзүлөт

Кыргызстанда Жогорку окуу жайлардын улуттук рейтинги түзүлөт. Билим берүү министрлиги учурда муну жасай турган уюмду тандап жатат. Рейтинг ЖОЖдордогу билим берүүнүн сапатына баа берип, ошондой эле окутуунун деңгээлин көтөрөт. Белгилеп кетсек, өлкөдө 74 университет бар, аларда 230 миңден ашык студент билим алат.

Республиканын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар

Республиканын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, Ала-Бука—Каныш-Кыя жана Красная-Горка—Акташ унаа жолдоруна кар массалары түшүшү мүмкүн. Кар көчкү коркунучу бери дегенде 6-февралга чейин уланат. Бул жолдор аркылуу өткөн айдоочулар унаалар ортосундагы 500 метр аралыкты сактоосу зарыл.

Кыргызстан Дүйнөлүк банктан 50 миллион доллар алат

Кыргызстан Дүйнөлүк банктан 50 миллион доллар алат. Энергетика министри Таалайбек Ибраевдин айтымында, каражат энергетика тармагына жумшалат. Тагыраагы, 600 “акылдуу эсептегич”, мындан тышкары айылдарда көчөгө коюла турган трансформаторлордон 1 миң даана жана 350 километр өз алдынча изоляциялануучу зым сатылып алынат. Сумманын 25 миллиону грант, 25 миллиону… Кененирээк…

Элтон Джондун коштошуу туру тарыхтагы эң кирешелүү тур болду

Элтон Джондун коштошуу туру тарыхтагы эң кирешелүү тур болду. Чет элдик басылмалардын маалыматына караганда, гастролдон 800 миллион доллардан ашык киреше түшкөн. Буга чейин мындай көрсөткүчкө бир дагы артист жеткен эмес. Эске салсак, Элтон Джон быйылкы коштошуу турнесин 2018-жылы январь айында эле жарыялап, аны тогуз ай… Кененирээк…

ӨКМге, Саламаттык сактоо министрлигине жана мэрияга жаңы техникалар тапшырылды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине, Саламаттык сактоо тармагына жана мэрияга жаңы техникалар тапшырылды. Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, ӨКМ өрт өчүрүүчү 100 техникага ээ болду. Алар өлкөнүн бардык аймактарына бөлүштүрүлөт. Мындан тышкары, Бишкек шаарынын мэриясына бюджеттин эсебинен 120 автобус сатып алынды. Жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорт газ менен жүрөт.… Кененирээк…

Кыргызстанда туулгандыгы тууралуу күбөлүктү үйгө жеткирүү кызматы иштей баштады

Кыргызстанда туулгандыгы тууралуу күбөлүктү үйгө жеткирүү кызматы иштей баштады. Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, жарандар инновацияны электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталы же Tunduk мобилдик тиркемеси аркылуу документти онлайн тариздөө менен колдоно алышат. Кызматты онлайн алуу үчүн калкты тейлөө борборлорунда акысыз берилген электрондук кол тамга болушу керек.… Кененирээк…

Майкл Джексон тууралуу тасмада башкы каарманды анын жээни ойнойт

Майкл Джексондун өмүр баяны тууралуу фильмде башкы ролду анын жээни Джафар Джексон ойнойт. Тасма «Майкл» деп аталат. 26 жаштагы Джафар 12 жашынан бери ырдап, бийлейт. Ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына атактуу агасынын бий кыймылдарын чагылдырган сүрөтүн жарыялаган. Фильмдин режиссеру Антуан Фукуа болот. Лента артисттин жашоосунун… Кененирээк…