Бишкекте дагы эки скважина пайда болот

Бишкекте дагы эки скважина пайда болот. Муниципалитеттен билдиришкендей, алар Валиханов жана 7-апрель көчөлөрүндө жайгашат. Скважиналардын тереңдиги 200 метр, кубаттуулугу секундасына 65 метр куб сууну түзөт.   Белгилеп кетсек, буга чейин жайкысын сугат суусунун жетишсиздигин алдын алуу үчүн Бишкектин Профсоюз – Нарвская, Лев Толстой – Логвиненко,… Кененирээк…

Бишкек мэриясынан «Тулпар» карталарын кайдан алса болорун айтып беришти

Бишкек мэриясынан «Тулпар» карталарын кайдан алса болорун айтып беришти. Муниципалитеттен белгилешкендей, стандарттуу «Тулпар» карталарын О!, Megacom, Beeline уюлдук операторлорунун кеңселеринен, «Кыргыз почтасы» ААК филиалдарынан, «Тулпар» тейлөө борборлорунан, ошондой эле троллейбус менен автобустун айдоочуларынан сатып алса болот. Картанын баасы 50 сомду түзөт. Мындан тышкары, чоңдор үчүн айына 1020 сомдук… Кененирээк…

Бишкекте окуучулар арасында математика боюнча республикалык олимпиада өтөт

 Бишкекте математика боюнча республикалык олимпиада өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет. Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, олимпиаданын I этабы онлайн форматта 2024-жылдын 3-мартында өтөт.   Ал эми 17-мартта олимпиаданын II этабы Кыргыз-Швед математика мектебинин (KSMS) базасында өтөт.   Олимпиада жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларынын… Кененирээк…

«Өрт коопсуздугу жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамга кол коюлду

Президент Садыр Жапаров «Өрт коопсуздугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» КР Мыйзамына кол койду. Мыйзам 2023-жылдын 13-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.   Мыйзам Кыргыз Республикасында өрт коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды өркүндөтүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы карама-каршылыктарды жоюу максатында кабыл алынган.… Кененирээк…

Чыңгыз Бапаев Алай районунун акими болуп дайындалды

Чыңгыз Бапаев Алай районунун акими болуп дайындалды, деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.   «Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Бапаев Чингиз Арстанбекович мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Ош облусунун Алай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды», — деп айтылат билдирүүдө.  … Кененирээк…

Аламүдүн капчыгайында жоголгон адамды издегендер 358ге жетти

Аламүдүн капчыгайында жоголгон адамдын издегендер 358ге жетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Издөөгө чыккандардын 187си ӨКМдин, бешөө «Инсараг» тобунун куткаруучулары болсо, 27си ыктыярчылар, 139у ИИМдин кызматкерлери. Булардын ичинде 5 кинолог да бар.   Алар ӨКМдин 11 дрону, «Инсарагдын» 4 дрону, ыктыярчылар… Кененирээк…

Азия Кубогунун алкагында кыргызстандык футболчулар 21-январда оюн талаасына чыгат

Азия Кубогунун алкагында кыргызстандык футболчулар 21-январда оюн талаасына чыгат. Кыргызстан курамасы F тайпасында Сауд Арабия оюнчулары менен топ талашат.   Андан кийинки беттеш 25-январга Оманга каршы белгиленди. Эске салсак, буга чейин улуттук курама Тайландка 0:2 эсебинде утулуп калган. Учурда Кыргызстан менен Оманда упай жок, ал… Кененирээк…

Баткен облусунун Самаркандек районунда логистикалык борбор курулууда

Баткен облусунун Самаркандек районунда логистикалык борбор курулууда. “Кабар” билдиргендей, тиешелүү жабдуулар жеткирилди, жакында аларды орнотуу иштери башталат.   Жумуштар жергиликтүү ишкердин эсебинен жүрүп жатат. Курулуш аяктагандан кийин логистикалык борбордо мөмө-жемишти кургатууга, сактоого, таңгактоого жана туура тоңдуруу шарттар түзүлөт.

Бишкек шаардык жылуулук электр борборуна Алпбек Садыров директор болуп дайындалды

Бишкек шаардык жылуулук электр борборуна Алпбек Садыров директор болуп дайындалды. Мындай чечимди “Электр станциялары” акционердик коомунун башкы дирекциясы кабыл алганын мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.   Алпбек Садыров буга чейин CASA-1000 долбоорунун алкагында техникалык консультант, “Улуттук электр тармактары” ишканасында бөлүм башчы болуп иштеп келген. Бишкек… Кененирээк…

Кыйраган тик учакта каза тапкан аскер кызматкеринин үй-бүлөсүнө ар тараптуу жардам берилет

Кыйраган тик учакта каза тапкан аскер кызматкеринин үй-бүлөсүнө ар тараптуу жардам берилет. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жабыркагандар дарылануу алып жатат.   Алар керектүү дары-дармек менен толук камсыздалды. Эске салсак, 17-январда Бишкекте Достук кичи районуна жакын жайгашкан “Фрунзе-1” авиабазасында аскердик тик учак кулап,… Кененирээк…