Эдуард Кубатов министрлер кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды
Эдуард Кубатов министрлер кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду. Эске салсак, аталган агенттик өлкө башчы тарабынан өткөн жумада эле түзүлгөн. Ал туризмди өнүктүрүүгө, алдыга жылдырууга багытталат.



