“Алтын глобус” сыйлыгынын талапкерлери жарыяланды

“Алтын глобус” сыйлыгынын талапкерлери жарыяланды. Көрсөтүлгөн категориялардын саны боюнча “Барби” тасмасы лидерлик позицияда. Ал 9 номинация боюнча көрсөтүлдү.   “Оппенгеймер” 9 категорияда коюлду. Кинематография жаатында мыктыларды аныктоо 2024-жылдын 7-январында өтөт.

Бишкек – Ош унаа жолунун “Сосновка” постунда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

Бишкек – Ош унаа жолунун “Сосновка” постунда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, мындай чара аба-ырайынын шарттары жакшырганга чейин күчүндө болот.   Жеринде атайын техника жана жолчулар иштеп, трассаны кардан тазалоодо. Ашуулар аркылуу сапарга чыгууну пландап жаткан айдоочуларга дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып,… Кененирээк…

Юстиция министрлиги электрондук билериктерди киргизүүнү сунуштады

Юстиция министрлиги электрондук билериктерди киргизүүнү сунуштады. Министр Аяз Баетовдун айтымында, шаймандарды пробациянын алкагында жана кылмыш кодексинде колдонсо болот.   Билериктерди киргизүү менен жарандарды камакка алуу зарылчылыгы азайып, жалпысынан тергөөчү  жана сотторго чара көрүүдө дагы бир вариант пайда болот. Андан тышкары, система кылмыш процессин санариптештирүүгө жакшы… Кененирээк…

Мэрия шаар тургундарына жеке унаадан коомдук транспортко өтүүнү сунуштайт

Мэрия шаар тургундарына жеке унаадан коомдук транспортко өтүүнү сунуштайт. Бул аба-ырайынын катаал шарттарына байланыштуу, — дешти муниципалитеттен. Машинеден баш тартуу менен тыгындардан жана мүмкүн болгон жол кырсыктарынан качса болот.   Автобус, троллейбус, машртуттук таксилер күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Зарылчылык болсо, мэрия кошумча транспорт чыгарууга даяр.

“Түндүк” порталында эми никени каттоо жана никени бузуу жөнүндө күбөлүктөр жеткиликтүү

“Түндүк” порталында эми никени каттоо жана никени бузуу жөнүндө күбөлүктөр жеткиликтүү. Жакында ошондой эле пенсиялык күбөлүктөр пайда болот.   Санариптик өнүктүрүү министрлигинен эскертишкендей, тиркемедеги маанилүү юридикалык санарип документтер тизмесине паспорт, айдоочу күбөлүгү, унааны каттоо жана туулгандыгы тууралуу күбөлүк кирет.   Санарип форматындагы документтер кагаз форматындагыдай… Кененирээк…

CASA-1000 долбоору келе жаткан жылдын май айында ишке кирет деп пландалууда

CASA-1000 долбоору келе жаткан жылдын май айында ишке кирет деп пландалууда. Бул тууралуу Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди. Анын айтымында, жумуштарды соңуна чыгарууга 8,5 миллион доллар жетпей жатат.   Бул сумманы жакынкы арада Дүйнөлүк банк бөлүп берет. Эске салсак, CASA-1000 долбоорунун алкагында Кыргызстан менен Тажикстандан… Кененирээк…

Министрлер кабинетинин 1-январдан тарта ОСАГО полиси жокторго айып салуу токтому күчүндө

Министрлер кабинетинин 1-январдан тарта ОСАГО полиси жокторго айып салуу токтому күчүндө. novosti.kgге Каржы рыногун жөнгө салуу мамлекеттик кызматынан билдиришкендей, чет элдик жарандарга жана юридикалык жактарга апрелде айып салынып баштаган, ал эми катардагы айдоочуларга административдик жаза киргизүү 2024-жылга жылдырылган.   Анын ортосунда, жаңы жылдан тарта патент… Кененирээк…

“Манас” аэропорту Кытайдын Чэнду шаарынан алгачкы каттамды кабыл алды

“Манас” аэропорту Кытайдын Чэнду шаарынан алгачкы каттамды кабыл алды. Аба майдандын маалыматына ылайык, Бишкекке 67 жүргүнчү келди. Эске салсак, рейстерди кытайлык лоукостер аткарат.   Бул багытта самолеттор жумасына эки жолу – шейшемби жана ишемби күндөрү учат. Каттам кийинки жылдын 30-мартына чейин аткарылып турат.

Кыргызстанда бардык маанилүү нотариалдык келишимдер манжа изин колдонуу менен ишке ашат

Кыргызстанда бардык маанилүү нотариалдык келишимдер манжа изин колдонуу менен ишке ашат.   Юстиция министри Аяз Баетов билдиргендей, бул үчүн нотариустарды даярдоо иштери жыл аягына чейин жыйынтыкталат.   Жаңычылдык күчүнө киргенде, тааныш нотариустардын жардамы менен келишимди түзүп, бир айдан кийин документтерге кол коюу мүмкүн болбой калат.… Кененирээк…