Бишкекте таштанды сорттоо үчүн 50 пункт куруу пландалууда

Бишкек шаарынын мэриясы таштандыларды чогултуу жана сорттоо үчүн 50 пункт курууну пландоодо. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Эске салсак, буга чейин таштандыларды сорттоочу пункттар Жибек-Жолу проспектиси менен Панфилов көчөсүнүн кесилишинде, Бишкек Парк соода борборунун жанында, Раззаков менен Жумабек, Токтогул жана Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинде орнотулган.

Таласта компьютердик томографиянын баасы арзандатылды

Талас облустук бириккен ооруканасында компьютердик томографиянын баасы арзандатылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Белгилеп кетсек, 2023-жылдын январь айынан тарта Ч.Мамбетов атындагы Талас облустук бириккен ооруканасында компьютердик томография иштеп баштады. Оорукананын жетекчиси Нурдин Усупбековдун айтымында, 2022-жылы чыккан бул жаңы аппарат дарыгерлердин жумушун кыйла жеңилдетүүдө. «Ооруканабызда… Кененирээк…

Саламаттык сактоо министрлиги 200 млн сомго дары сатып алат

Саламаттык сактоо министрлиги 200 миллион сомго диабетке каршы дары сатып алат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, учурда дары-дармектерди сатып алуу иштери башталды. Эндокринологиялык борбордун арызына ылайык техникалык шарттар даярдалууда.

Бишкекте шаарды көрктөндүрүү боюнча үч айлык жарыяланды

Бишкекте шаарды көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча үч айлык жарыяланды. Муниципалиттен билдиришкендей, иш-чара 31-майга чейин болот. Ал эми 4-мартта ордо калаада жалпы жазгы ишембилик өткөрүлүп, көчөлөр, короо-жайлар тазаланып, көчөттөр отургузулат. Анда имараттарга жана курулуштарга жанаша турган ирригациялык тармактарды, ошондой эле парктарды жана скверлерди тазалоого… Кененирээк…

Окумуштуулар айлыктын аздыгы эрте өлүмгө алып келет деген жыйынтык чыгарышты

Окумуштуулар айлыктын аздыгы эрте өлүмгө алып келет деген жыйынтык чыгарышты. Нью-Йорктогу Колумбия университетиндеги 26 жылдык изилдөөгө 50 жаштан жогору 4 миңден ашык адам катышкан. Стабилдүү аз киреше эрте каза болуу коркунучун 135 пайызга көбөйткөн. Төмөн киреше жана туруксуз жумуш тобокелдикти 218 пайызга жогорулатты. Иликтөөнүн авторлору… Кененирээк…

Ошто Агро Экспо — 2023 жарманкеси өтүп жатат

Бүгүн С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында “Ресурстарды үнөмдөөчү технологиялар жана климаттын өзгөрүшүнө ылайыкташуу” деген темада Агро Экспо — 2023 жарманкеси ачылып, ага дыйкандар жана өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын, үрөндөрдү, жаңы технологияларды жана кызмат көрсөтүүчүлөрдү өндүрүүчүлөр катышып жатат. Иш-чаранын ачылышына президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү… Кененирээк…

Алкоголсуз энергетикалык суусундуктарга акциздик ставка он эсеге төмөндөтүлдү

Алкоголсуз энергетикалык суусундуктарга акциздик ставка он эсеге төмөндөтүлдү. Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына ылайык, ушул жылдын 31-декабрына чейин салыктын ставкасы литрине 20 эмес, эки сом болот. Ал эми 2024-жылдын 1-январынан тарта бул сумма 30 эмес, үч сомду түзөт. Мындан тышкары келерки жылы энергетикалык суусундуктарды милдеттүү түрдө… Кененирээк…

Баткенде акысыз мобилдик клиника иштеп жатат

Баткенде акысыз мобилдик клиника иштеп жатат. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, анда кыз-келиндер текшерилип, дарыгерлерден кеңеш алса болот. Бишкектен барган көчмө клиника 6-мартка чейин Баткен районундагы Самаркандек, Көк-Таш, Ак-Сай, Кара-Бак, Кызыл-Бел жана Боз-Адыр айылдарын кыдырат. Дарыгерлердин арасында онколог, маммолог, гинеколог, терапевт сыяктуу адистер бар.

Бишкекте беш жаңы конушту өнүктүрүү долбоору ишке кирди

Ордо калаада беш жаңы конушту өнүктүрүү долбоору ишке кирди. Бишкек шаардык кеңешинен билдиришкендей, кеп Ак-Босого, Калыс-Ордо, Арча-Бешик, Бакай-Ата жана Рухий-Мурас конуштары жөнүндө болуп жатат. Адистер 6-8 айдын ичинде аймакты комплекстүү өнүктүрүү боюнча изилдөө жүргүзүп, техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгышат. Долбоордун максаты жаңы конуштагы тургундардын жашоосун жеңилдетүү… Кененирээк…

Жалал-Абадды өнүктүрүүгө быйыл 2 млрд сом бөлүндү

Жалал-Абадды өнүктүрүү программасын ишке ашырууга быйыл 2 миллиард сом бөлүндү. Каражатка Түмөнбай Байзаков атындагы маданият жана эс алуу багында балдар оюн комплексин жана заманбап кинотеатр куруу пландалууда. Ошондой эле шаарда инновациялык IT борбору, жаңы оорукана жана муниципалдык бала бакча пайда болот. Мындан тышкары, жыл ичинде… Кененирээк…