Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев эми суу ресурстары, айыл чарба министринин да милдетин аткармай болду

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев эми суу ресурстары, айыл чарба министринин да милдетин аткармай болду.   Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.   Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. Эми Төрөбаевдин талапкерлигин Жогорку Кеңеш бекитип бериши керек. Эскерте кетсек, буга чейин… Кененирээк…

АКШда өзгөчө ресторан ачылды

АКШда өзгөчө ресторан ачылды. Мекемеде бир дагы адам иштебейт. Эт жана гриль бышыруу процесси жасалма интеллекттин жардамы менен иштеп, автоматташтырылган болот.   Кардарлар буйрутманы экран аркылуу берет, андан кийин роботтор гриль менен иштеп, даяр азыкты чыгарып берет.

Аскарбек Жаныбеков Айыл чарба министри кызматынан бошотулду

Аскарбек Жаныбеков Айыл чарба министри кызматынан бошотулду.   Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.  Документте Жаныбеков жумушунан башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу бошотулганы айтылат.   Эске салсак, Аскарбек Жаныбеков айыл чарба министри болуп 2021-жылдын февралында дайындалган.

Жалал-Абад шаарында жаңы мектеп ачылды

Жалал-Абад шаарында жаңы мектеп ачылды. Министрлер кабинетинин басма-сөз кызматынан билдиришкендей, Михаил Бабкин атындагы мектеп-гимназия  375 окуучуга чакталат.   3 кабаттуу окуу имаратынын курулушуна мамлекеттик бюджеттен 59 миллион сомдон ашык бөлүнгөн. Мамлекеттик курулуш агенттигинин маалыматына караганда, өлкө аймагында 100 мектеп салынып жатат. Учурда анын токсон беши… Кененирээк…

Таластагы “Бала-Саруу” ГЭСине кичи гидроагрегат орнотулду

Таластагы “Бала-Саруу” ГЭСине кичи гидроагрегат орнотулду. Бул тууралуу “Чакан ГЭС” ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, агрегаттын кубаттуулугу  5 мегаватты түзөт.   Андан тышкары, станцияда эки трансформаторду орнотуу, 110 киловаттык Бала-Саруу – Кара-Арча электр линиясын өткөрүү иштери аткарылды.

Бишкек жана Жалал-Абад шаарларында кийинки жылы 3 миңден ашык батирлүү турак-жайлардын курулушу аяктайт

Бишкек жана Жалал-Абад шаарларында кийинки жылы 3 миңден ашык батирлүү турак-жайлардын курулушу аяктайт. Үйлөр мамлекеттик ипотекалык программанын катышуучулары үчүн курулууда, — деп билдиришти Мамлекеттик ипотекалык уюмдан.   Компаниядан белгилешкендей, бул турак-жайлар башка үйлөргө салыштырмалуу арзаныраак болот.   Андан тышкары, 2024-жылы уюм өлкөнүн бардык аймактарында үйлөрдү… Кененирээк…

Жаңы жылдан тарта окуучулардын тамагы үчүн 14 сом бөлүнөт

Кыргызстанда башталгыч класста окуган балдардын бир маал тамагын мектепте уюштурууга мамлекеттен ар бир окуучуга бөлүнүүчү акча 14 сом болот. Бул тууралуу 25-декабрда Билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинде билдирди. Айрым депутаттар бул акчанын өтө эле аздыгына нааразылыгын… Кененирээк…

Жалал-Абадда шаар сыртына чыгарылган тергөө абагы ачылды

Сузак районунун аймагына салынган №53 тергөө абагынын курулушу аяктап, пайдаланууга берилди. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 25-декабрда Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарынын алкагында тергөө абагынын жаңы имаратынын ачылышына катышты. Бул тергөө абагынын имараты мурда Жалал-Абад шаарынын ичинде болгон. Акылбек Жапаров тергөө абагы жаза аткаруу тармагын… Кененирээк…

Сойкуканалар иши: Биринчи май районунун акими кызматынан алынды

Бишкектин Биринчи май районунун акими Мурат Осмонов менен райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Тилек Тукебаев кызматынан алынды. Бул тууралуу төрага Камчыбек Ташиев УКМКнын Москва райондук бөлүмүнүн жаңы имаратын ачуу салтанатында билдирди.   Анын айтымында, жетекчилер сойкуканаларды жабуу боюнча көрүлүп жаткан чаралардын алкагында иштеринен бошотулган.  … Кененирээк…

Мамлекеттик спорт мектептерге берилүүчү акча көбөйтүлөт

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов мамлекеттик спорт мектептерине көңүл бурулбай калганын айтып, ага бөлүнүүчү каржылык көлөмдүн суммасын көтөрүүнү сунуштады. Депутат бул маселени 25-декабрда Жогорку Кеңештин социалдык саясат комитетинин жыйынында билдирди. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Спорт жана физкультура департаментинин жетекчиси Айбек Абдымомунов… Кененирээк…