Бишкектин эки көчөсүн узартуу пландалууда

Бишкектин эки көчөсүн узартуу пландалууда.   Муниципалитеттен билдиришкендей, Лев Толстой көчөсүнө чыгуучу темир жол аркылуу Фучик жана Бакаев көчөлөрүн бойлото жолдорду куруу боюнча даярдык иштери башталды. Мындай чара ордо калаада унаа тыгынын чечүү максатын көздөйт.   Келечекте бул жолдорду Түштүк магистралга чейин узартуу пландалууда.

Ноокатта 225 орундуу мектеп ачылды

Ноокат районуна караштуу Арал айылында А.Усенбаева атындагы орто мектеп пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.   Маалыматка ылайык, орто мектептин курулушу 2022-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Сметалык наркы 144 млн 944,5 миң сом, жалпы чыгымдары менен тендердик баасы 118 млн 195,6 миң… Кененирээк…

Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгү Казакстандын аймагында таанылат

Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгү Казакстандын аймагында таанылат.   Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, эки мамлекет 1968-жылдын 8-ноябрынан бери БУУнун “Жол кыймылы жөнүндө” Вена конвенциясынын мүчөлөрү болуп саналат. Ага ылайык, Конвенциянын катышуучулары тараптардын аймагында берилген айдоочулук күбөлүктөрдү өз ара тааныйт.   Бирок Казакстандын аймактык административдик полициясынын кызматкерлери… Кененирээк…

Ташиев Кыргыз футбол союзунун президенттигине жалгыз талапкер катары көрсөтүлдү

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргыз футбол союзунун президенттигине жалгыз талапкер катары көрсөтүлдү. Бул тууралуу КФСтен билдиришти.   Маалыматка ылайык, бир күн мурун шайлоо комитетинин жыйыны болуп, анда КФСтин президенти, биринчи вице-президенти, вице-президенти жана аткаруу комитетинин мүчөлүгүнө шайлануучу кызмат орундарына талапкерлердин баштапкы тизмеси каралып, бекитилди.  … Кененирээк…

Улуттук олимпиаданын I туруна 42 миңден ашык окуучу катышты

Математика, физика, химия, биология жана информатика предметтери боюнча Улуттук олимпиаданын онлайн режиминдеги I этабына 42 миң 997 окуучу катышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, биология боюнча олимпиаданын биринчи этабынын жыйынтыгы боюнча 7 миң 633 катышуучудан 3 миң 583 адам,… Кененирээк…

«Исфайрам-1» чакан ГЭСин март айынын аягында пайдаланууга берүү пландалууда

Баткенде курулуп жаткан «Исфайрам-1» чакан ГЭСин март айынын аягында пайдаланууга берүү пландалууда. Бул тууралуу Novosti.kgге президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.   Исфайрам дарыясына курулуп жаткан ГЭСтин кубаттуулугу 4 МВт, сметалык баасы дээрлик 3 млн долларды түзөт. Учурда каналдын курулушу аяктады.   Кадамжай районунун Майдан айыл аймагындагы… Кененирээк…

Бишкек ЖЭБин калыбына келтирүү үчүн 610 адам жана 18 техника иштеп жатат

Бишкек ЖЭБин калыбына келтирүү үчүн учурда 610 адам жана 18 техника иштеп жатат. Бул тууралуу ыкчам штабдан билдиришти.   Маалыматка ылайык, Жылуулук электр борборунун имаратынын айланасын курулуш материалынын калдыктарынан тазалоо иши дээрлик аяктап калды. Учурда жалпы тартылган жумушчу топтун күчү ЖЭБдин чатырын жабууга жумшалууда.

Баткенди өнүктүрүү иш-чараларынын алкагында 36 долбоор ишке кирди

Баткенди өнүктүрүү иш-чараларынын алкагында 36 долбоор ишке кирди. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.   Маалыматка ылайык, 2023-жылы облусту өнүктүрүүгө республикалык бюджеттен дээрлик 542 млн сом бөлүнгөн. Анын алкагында айыл чарбасын жакшыртуу, интенсивдүү кооператив уюштуруу, тике суу кудуктарын казуу, ирригациялык системаларды жакшыртуу жана муниципиалдык тигүү… Кененирээк…

Бишкекте 1-класстын окуучулары келерки аптада эс алууга чыгышат

Бишкекте 1-класстын окуучулары келерки аптада эс алууга чыгышат. Мэриядан билдиришкендей, 12-февралдан 18-февралга чейин мектеп окуучуларына кошумча каникул берилет. Окуу процесси 19-февралдан тарта уланат.   Белгилеп кетсек, Кыргызстанда кошумча каникул 1-класстын окуучуларына гана берилет. Буга чейин Билим берүү министрлиги даталарды ар бир аймак өз алдынча чечерин… Кененирээк…

Бул айда кыргызстандыктар үч күн катары менен эс алышат

Бул айда кыргызстандыктар үч күн катары менен эс алышат.   Эмгек министрлиги эскерткендей, 23-февраль Ата Мекенди коргоочулар күнү белгиленет. Бул күн жумага туура келет. Ага ылайык, жарандар 23, 24 жана 25-февраль, башкача айтканда, жума, ишемби жана жекшемби күндөрү эс алышат.   26-февраль, дүйшөмбүдө жарандар кайрадан… Кененирээк…