Бишкектен Сиань шаарына түз аба каттамы ачылат

Бишкектен Сиань шаарына түз аба каттамы ачылат. “Манас” эл аралык аэропортунун маалыматына ылайык, Кытайдын ири шаарларынын бирине туруктуу каттамдар алгачкы ирет кое берилет. Биринчи учак аталган багыт менен 11-февралга белгиленди.   Андан кийин Бишкек – Сиань каттамы жумасына бир жолу, жекшемби күндөрү аткарылат.

Бишкекте таштанды чыгаруу үчүн тарифти жогорулатуу сунушталды

Бишкекте таштанды чыгаруу үчүн тарифти жогорулатуу сунушталды. Документ шаардык кеңештин сайтында жарыяланды. Ал эми демилге мэрияга таандык. Жаңы эсептөөлөргө ылайык, катардагы жарандар үчүн тариф киши башына 22 сом 50 тыйындын ордуна 41 сомду түзүп калат.   Чарбачылык субъектилерге 1 кубометрге 361 сом. Азыркы тариф 225… Кененирээк…

Тайланд буга чейин коронавируска байланыштуу жарыяланган чектөөлөрдү кайра алып салды

Тайланд буга чейин коронавируска байланыштуу жарыяланган чектөөлөрдү кайра алып салды. Бийликтин чечими менен бүгүнтөн тарта өлкө аймагына кирген чет элдиктер вакцинация боюнча сертификатын көрсөтүшү керек болчу.   Бирок көп өтпөй эксперттер дүйнө элдеринин көбү эмдөө алганын эске алуу менен бул чечимди жокко чыгарды.

«Тазалык» ишканасына жаңы жетекчи дайындалды

«Тазалык» муниципалдык ишканасына жаңы директор болуп Рамиз Алиев дайындалды. Бул тууралуу шаардык муниципалитет билдирди. Аталган ишкананы Нурлан Касымов жетектеп келген. Ал эми Алиев буга чейин «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын бөлүм башчысы болуп иштеген. Тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду.

Кыргызстанда быйыл 7 миллион бак отургузуу пландалды

Кыргызстанда быйыл 7 миллион бак отургузуу пландалды.   Жаратылыш ресурстары жана экология министрлигинин маалыматына ылайык, көчөттөрдү тигүү иштери “Жашыл мурас” улуттук кампаниясынын алкагында жүргүзүлөт.   Ведомстводон кошумчалашкандай, өткөн жылы өлкө аймагында 8 миллион бак отургузулуп, анын 70 пайызы өсүп кеткен.

Бишкекте таштанды иргей турган пункт иштеп баштады

Бишкекте таштанды иргей турган пункт иштеп баштады. Мэрия маалыматына ылайык, түйүндүн жалпы аянты 147 чарчы метр, анда 12 евроконтейнер, эки видеобайкоо камерасы орнотулган.   Таштандыны иргөө үчүн 15-16 чарчы метр иш бөлмө курулуп, суу, канализация жана электр энергиясы менен камсыздалды. Мэриядан белгилешкендей, долбоордун максаты –… Кененирээк…

Кыргызстанда курч респиратордук вирустарга жана сасык тумоого чалдыгуу эки эсе азайды

Кыргызстанда курч респиратордук вирустарга жана сасык тумоого чалдыгуу эки эсе азайды.   Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана санэпидем көзөмөл департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жылдын алгачкы жумасында 7 миң 900 учур катталды.   Бул ага чейинки аптага салыштырмалуу 2 эсе төмөн. Дарыгерлер эл көп чогулган… Кененирээк…

Кыргызстанда окуучулардын кышкы эс алуусу 16-январга чейин узартылды

Кыргызстанда окуучулардын кышкы эс алуусу 16-январга чейин узартылды.   Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти. Ведомстводон белгилешкендей, бул алдыңкы күндөрдө күтүлүп жаткан катуу суукка байланыштуу кабыл алынган чара.   Эске салсак, базистик окуу планына ылайык, өлкө мектептеринде үчүнчү чейрек ушул жума, 11-январда башталмак.

Бишкек ЖЭБи алдыдагы аномалдуу суукка туруштук бере алат

Бишкек ЖЭБи алдыдагы аномалдуу суукка туруштук бере алат. Буга “Электр станциялары” ишканасынан ишендиришүүдө.   Андан такташкандай, жылуулук-электр станциясында жана Токтогул ГЭСинде кызматкерлердин күнү-түнү нөөмөтү уюштурулуп, катуу сууктан чыгуу үчүн бардык ресурстар жетиштүү.   ЖЭБке көмүр жеткирүү графикке ылайык жүрүп жатат. Буга карабай, электр линияларга күч… Кененирээк…

Айдоочуларга алыс жолго чыкпай туруу сунушталат

Транспорт жана байланыш министрлиги зарыл иш болбосо 9-13-январда тоолуу, ашуусу бийик жолдорго чыкпай турууну айдоочуларга эскертти. «9-январдан тарта өлкөнүн аймактарында кар жаап, жолдор тайгак болот. Тоолуу аймактарда, ашууларда адаттан тыш суук болот. Байланыш жана энергетикалык кызматтардын иши солгундашы мүмкүн», — деп жазылган билдирүүдө. Кыргызстандын Гидрометеорология… Кененирээк…