“Жунда” заводун кайра иштетүү боюнча практикалык иш-чаралар башталды

Министрлер кабинетинин төрага орун басары Бакыт Төрөбаев Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы “Жунда” мунай иштетүүчү заводуна барып, анын алкагында Кытайдан заводду калыбына келтирүү жана модернизациялоо боюнча иштерди жүргүзүү үчүн Кыргызстанга келген жумушчу топтун эксперттери менен жолукту.   Бакыт Төрөбаев белгилегендей, анын жакында эле Кытайдын Шэньси провинциясына… Кененирээк…

ЖК Кендирбаеваны билим берүү министри кызматына дайындоого макулдук берди

Жогорку Кеңеш Билим берүү жана илим министри кызматына Догдуркүл Кендирбаеваны дайындоого макулдук берди. Анын талапкерлигин каттоодон өткөн 75 депутаттын баары бир добуштан колдоду. Эске салсак, Кендирбаева президент Садыр Жапаровдун 28-сентябрдагы жарлыгы менен министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

Таластагы стадионду реконструкциялоо иштери ноябрдын аягына чейин бүтөт

Таласта Эшим Кутманалиев атындагы стадионду реконструкциялоо иштери ноябрдын аягына чейин бүтөт. Бул тууралуу шаар мэри Эрмат Жумаев билдирди.   Бүгүнкү күндө трибуналардагы отургучтар алмаштырылып, тепкичтер оңдолууда. Жакында чуркоочу аянтча оңдолот.   Белгилеп кетсек, аталган стадион 1989-жылы курулган. Бул жылдар аралыгында объект пландык оңдоодон гана өткөн.… Кененирээк…

Назим Нурланов Азия оюндарында каратэ боюнча коло медаль тагынды

Кыргызстандык Назим Нурланов Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарында каратэ боюнча коло медаль тагынды.   Үчүнчү орун үчүн таймашта биздин спортчу малайзиялык атаандашын жеңип алды.   Белгилеп кетсек, Азия оюндарында азыркы тапта Кыргызстандын курама командасынын капчыгында үч алтын жана беш коло медаль бар.

Кыргыз-казак чек арасындагы бекеттерде 500дөн ашык фура топтолду

Кыргыз-казак чек арасындагы бекеттерде 500дөн ашык фура топтолду.   Чек ара кызматынан билдиришкендей, 395 автоунаа “Ак-Тилек” бекетинде, 121и “Кең-Булуңда”, 53ү Чалдыбар бекетинде Казакстанга өтө албай кезек күтүүдө. Тыгындын пайда болушуна ташылып бараткан жүктөрдүн көлөмү көбөйгөнү себеп болгону айтылды.   Эки мамлекеттин тең чек ара бекеттери… Кененирээк…

Улуу Британияда 13-кылымга таандык Библиянын көчүрмөсү аукционго коюлду

Улуу Британияда 13-кылымга таандык Библиянын көчүрмөсү аукционго коюлду. Китеп 51 миң долларга сатылды.   Адистер Ыйык жазуунун уникалдуу байыркы басылышы тентип жүргөн кечил үчүн жасалганын аныкташкан.   Тарыхый экспонат латын тилиндеги Библия жана канаттуулар, арстандар менен ажыдаарлардын алтын жалатылган 150 иллюстрациясынан турат.

Ош шаардык клиникалык ооруканасынын төрөт үйү кеңейтилет

Ош шаардык клиникалык ооруканасынын төрөт үйү кеңейтилет. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, азыр оорукананын имараттарынын бирин Кыргыз медициналык кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтунун түштүк филиалы ээлейт. Учурда аны бошотууну талап кылган буйрук чыкты.   Маалым болгондой, төрөт үйүнө келгендердин саны жылдан жылга өсүүдө. Бул жерде… Кененирээк…

Өлкө боюнча мектептер көмүр менен жылытууга өтүүдө

Өлкө боюнча мектептер көмүр менен жылытууга өтүүдө. Бул тууралуу Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.   Анын айтымында, айрым билим берүү мекемелеринде альтернативдик газ менен жылытуу системасы бар. Ал эми көгүлтүр от жок мектептер көмүр менен жылытылат.   Жалпысынан, министрдин айтымында мектептер суткасына 31 миллион киловатт-саат… Кененирээк…

Турак жайдын бир чарчы метринин орточо баасы 16 миң 600 сомду түздү

Былтыр турак жайдын бир чарчы метринин орточо баасы 16 миң 600 сомду түздү. Бул тууралуу “Акчабар” порталы Улуттук статистикалык комитетке шилтеме берүү менен билдирди.   Көрсөткүчтү мурунку жылдардын маалыматтары менен салыштырганда өсүш байкалат. Мисалы, 2021-жылы баа 16 миң 100 сом болсо, 2018-жылы 15 миң сомду… Кененирээк…

Пауло Коэльонун «Алхимик» романы биринчи жолу экрандаштырылат

Бразилиялык жазуучу Пауло Коэльонун «Алхимик» романы биринчи жолу экрандаштырылат. Сценарист Джек Торн болмокчу.   Бул долбоор Коэльонун 1988-жылы жарык көргөн китебинин алгачкы ийгиликтүү кино адаптациясы болушу мүмкүн.   Белгилеп кетсек, буга чейин “Алхимикти” чоң экранга ыңгайлаштырууга бир нече жолу аракет жасалган, бирок майнап чыккан эмес.