Бүгүнтөн тарта Бишкекте 20 каттамдын кыймыл схемасы өзгөртүлдү

Бишкекте 20 каттамдын кыймыл схемасы өзгөртүлдү. Мэриядан маалым болгондой, бүгүнтөн тарта ордо калаадагы 400дөн ашык кичи автобус менен альтернативдүү көчөлөргө багытталды.   Мындай иш-чаралар Бишкектин көчөлөрүндө маршруттук схемаларды оптималдаштырууга жана тыгындарды жоюуга багытталган.

«Лейлек» ГЭСинин биринчи агрегаты жайында ишке берилиши мүмкүн

«Лейлек» ГЭСинин биринчи агрегаты жайында ишке берилиши мүмкүн. Novosti.kgге жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, аталган гидроэлектрстанциянын кубаттуулугу 5,9 МВтты түзөт.   ГЭС Баткен облусуна караштуу Өзгөрүш айылындагы Козу-Баглан дарыясына курулууда.   Долбоорду ишке ашыруу үчүн өнүктүрүү фонддордун бири тарабынан жеңилдетилген насыя катары 5,6 млн доллар бөлүнгөн.

Кыргызстан Түркияга 400 тонна жаңгак экспорттойт

Кыргызстан Түркияга 400 тонна жаңгак экспорттойт. Мындай макулдашууга эки өлкөнүн ортосундагы Соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 11-жыйынынын жыйынтыгында жетишилди.   Отурум 9-февралда Анкара шаарында өттү.   Экономика жана коммерция министрлигинин Түркиядагы соода өкүлү Чыңгыз Токтобеков билдиргендей, түзүлгөн келишимдин негизинде жаңгактын алгачкы тобу 15-февралда… Кененирээк…

Бишкекте балдар ооруканасында гемодиализ борбору курулат

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында гемодиализ борбору курулат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, гемодиализ борборунан тышкары бул жерде эндокринология, нефрология жана башка бөлүмдөр жайгашат.   Курулуш иштерин коомдук фонд каржылайт жана заманбап жабдуулар менен жабдыйт.

Ош шаарында кезектеги таштанды ылгоочу аянтча ишке кирди

“Ош-Тазалык” муниципалдык ишканасы Кулатов кичи районунда жалпы аянты 105 чарчы метрди түзгөн тиричилик таштандыларын ылгоочу бешинчи аянтчаны ишке киргизди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти   Буга чейин шаар аймагында, тактап айтканда Г.Айтиев, Е.Алиев, А.Пушкин, Алай, Ленин көчөлөрүнүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн жанында таштанды ылгоочу аянтчалар курулуп, пайдаланууга… Кененирээк…