“Акылман” президенттик лицейи эки айдан кийин иштеп баштайт

Президенттик «Акылман» лицейи эки айдан кийин иштеп баштайт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев социалдык тармактагы баракчасына жазды. Министр учурда куруучулар ыкчам иштеп жатышкандыгын билдирди. Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыктын негизинде Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында мамлекеттик адистештирилген жалпы билим… Кененирээк…

«Ысык-Көл» аэропортунун жаңы аэробекетинин курулушу старт алды

Президент Садыр Жапаров Тамчыдагы «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунун жаңы аэробекетинин имаратынын курулушуна старт берди. Мамлекет башчынын маалымат кызматы бүгүн, 1-июлда, Садыр Жапаров имараттын курулушунун башталышына капсула салганын билдирди. Долбоорго ылайык, аэробекет ABC Tу-154, Tу-204, Boeing 737, Boeing 757, Airbus A319, A320, A321, BAE 146-200, Embraer… Кененирээк…

Ошто өз ишинде өзгөчөлөнгөн куткаруучулар сыйланды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгында куткаруучуларды сыйлоо аземи өттү.   ӨКМден билдиришкендей, эмгегинде түрдүү ыңгайсыздыктар жана кыйынчылыктарга туруштук берүүдө өзгөчөлөнгөн куткаруучуларга стимул жана ыраазычылык иретинде грамота, медаль жана кезектеги аскердик наам ыйгарылды.   Иш-чара 1-июль — өлкө куткаруучуларынын кесиптик майрамына карата өткөрүлдү.

Тамчы аэропорту Алмата шаарынан алгачкы каттамды кабыл алды

Тамчы аэропорту Алмата шаарынан алгачкы каттамды кабыл алды. “Манас” эл аралык аба майданынан билдиришкендей, Алмата-Тамчы-Алмата каттамы аптасына эки ирет – жума жана дүйшөмбү күндөрү аткарылат.   Багыт туристтик болуп жайдын аягына чейин каттайт

Дарыгерлердин айлыгы жогорулашы күтүлөт

Айлык акыны жакынкы жылдары көбөйтүлөрүн Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 29-июнда Бишкекте медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган иш-чарада билдирди.   Ал жакынкы 2-3 жылдын ичинде оорукана, эмкананын баары жаңыланып, медициналык жабдуулар модернизациялана турганын, дары-дармектер менен камсыздоодо баа саясаты жөнгө салынарын айтты.   Анын айтымында, 2021-жылдын… Кененирээк…