Бишкектин айрым аймактарында пландык суу өчүрүүлөр жылдырылды

Бишкектин айрым аймактарында пландык суу өчүрүүлөр жылдырылды. Буга чейин мэриядан билдиришкендей, эртең таза суу Алтын-Ордо, Кара-Жыгач конуштарында, Полиция шаарчасында, Достоевский, Анкара жана Ауэзов көчөлөрүндө өчүрүлмөк.   Бирок аталган райондо хоккей боюнча дүйнө чемпионаты өтүп жатканын эске алып, ремонттук иштерди башка күнгө жылдыруу чечими кабыл алынды.

Мектептерде сабак учурунда телефон колдонууга тыюу салынышы мүмкүн

Мектептерде сабак учурунда телефон колдонууга тыюу салынышы мүмкүн.   Президент Садыр Жапаров Билим берүү министрлигине мектептерде телефон колдонууга тыюу салган эл аралык практикага көңүл бурууну тапшырды.   Өлкө башчы белгилегендей, смартфондор окуучунун билим алуусуна терс таасирин тийгизүүдө. Андыктан, ата-энелери менен биргеликте туура чечим кабыл алуу… Кененирээк…

Жалпы республикалык тестирлөөгө катталуу үчүн документтер топтому керектелет. Тизме

Жалпы республикалык тестирлөөгө катталуу үчүн документтер топтому керектелет. Ал тууралуу кененирээк Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынар Батракеева айтып берет.   “Абитуриенттин колунда паспорту болушу керек, мурдагы жылдын бүтүрүүчүлөрүндө аттестат болушу керек орто билими жөнүндө же орто кесиптик жөнүндө диплом. Каттоо төлөмүн төлөшү… Кененирээк…

Бельгияда айрым туткундар жазаны аралыктан өткөрсө болот

Бельгияда айрым туткундар жазаны аралыктан өткөрсө болот.   Аларга бир ай түрмөдө, бир ай үй камагында болуу сунушталат. Мындай чечимди бийлик абактар ашыра жүктөлгөндүктөн кабыл алды. Учурда 10 миң орунга 12 миң туткун туура келет.   Бул абалды эксперттер жаңы саясат менен түшүндүрүүдө, ага ылайык,… Кененирээк…

Республиканын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу жогору

Республиканын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу жогору.   Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кар массалары Бишкек – Ош, Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу, Бишкек – Нарын – Торугарт, Ала-Бука – Каныш-Кыя жана Красная Горка – Ак-Таш унаа жолдорунда түшүшү мүмкүн.   Бул каттамдар менен сапарга… Кененирээк…

Кыргызстанда ветеринардык жана санитардык нормаларга туура келбеген  20 касапкана жабылды

Кыргызстанда ветеринардык жана санитардык нормаларга туура келбеген  20 касапкана жабылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин алдындагы Ветеринардык кызматтын директору Улугбек Кожобергенов билдирди.   Анын айтымында, жалпысынан өлкө аймагында 101 касапкана каттоодон өткөн.   Аларды текшерүү жана көзөмөлдөө иштери декабрдан январга чейин жүргүзүлдү. Рейддин жыйынтыгында талаптарга… Кененирээк…

Депутат Айбек Осмонов мандатын тапшыруу боюнча арыз жазды

Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов мандатын тапшыруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берди. Бул тууралуу “Азаттыкка” Боршайкомдун мүчөсү Абдыжапар Бекматов билдирип, арызы БШКнын жакынкы отурумунда караларын айтты. Жыйын качан өтөрү азырынча белгисиз.   15-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге жакын экени… Кененирээк…

Бишкектеги №8 бала бакчага кошумча корпус курулууда

Бишкектин Чокморов көчөсү, 253 дарегинде жайгашкан №8 бала бакчанын кошумча корпусу курула баштады. Капиталдык курулуш башкармалыгынан билдиришкендей, имарат эки кабаттан турат жана 90 орунга ылайыкташтырылган. Имараттын жалпы аянты 987,90 чарчы метрди түзөт.   Долбоор боюнча имаратта уктоочу, ойноочу, жуунучу бөлмөлөр, медициналык кабинет, кызматкерлердин бөлмөсү, музыкалык-гимнастикалык… Кененирээк…

Жети-Өгүз районунда жаңы эс алуу аймагы курулууда

Жети-Өгүз районунда жаңы эс алуу аймагы курулууда. Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинин маалыматына ылайык, ал Саруу айылында жайгашат.   Паркта воркаут аянтчасы, эс алуу аймагы орун алып, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери жүргүзүлөт.