Ысык-Көлгө кошумча такси каттамдары уюштурулду

Бишкектеги автобекеттерде Ысык-Көлгө каттай турган жүргүнчү ташуучу жеңил унаалар жана маршруттук таксилердин жетишсиздигине байланыштуу 20га жакын кошумча такси жана 8 автобус уюштурулду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.   Транспорт Бишкек-Чолпон-Ата-Каракол багыты боюнча жүрөт.   Айдоочулардын жолго чыгаар алдында күн сайын медициналык жана… Кененирээк…

Эмгек министрлиги мигранттар үчүн мобилдик тиркеме иштеп чыкты

Эмгек министрлиги мигранттар үчүн мобилдик тиркеме иштеп чыкты. Калкты иш менен камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы Арслан Байсопуевдин айтымында, анда каалаган адам ишке орноштуруу агенттиктеринин расмий түрдө иштер-иштебесин текшере алат.   Мындан тышкары, ишке орношуу үчүн бара турган өлкөнүн мыйзамдары тууралуу маалымат алса болот.   Ошондой… Кененирээк…

Илон Маск кайрадан эң бай адамдардын сап башына чыкты

Америкалык бизнесмен Илон Маск кайрадан Forbes журналындагы эң бай адамдардын тизмесин жетектеди. Учурда ишкердин байлыгы 242 миллиард доллардан ашат деп бааланууда.   Экинчи орунда 235,7 миллиард доллар менен Бернар Арно турат. Ал эми 151,5 миллиарддан азыраак көрсөткүч менен алдыңкы үчтүктү Amazonдун негиздөөчүсү Джефф Безос жабат.

Саламаттык сактоо системасы кагаз менен иштөөдөн баш тартат

Кыргызстандын саламаттык сактоо системасы кагаз менен иштөөдөн баш тартат. Мекемеден билдиришкендей, эми иш кагаздары электрондук форматта жүргүзүлөт.   Жаңы эрежеге ылайык, медицина кызматкерлери мындан ары бейтаптарга көбүрөөк убакыт бөлүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт деп күтүлүүдө.   Жарандар аларга көрсөтүлүп жаткан кызматтар тууралуу маалыматты электрондук кызматтардын мамлекеттик порталындагы… Кененирээк…

Эл аралык уюмдар Кыргызстанга дээрлик 10 миллион евро бөлөт

Швейцариянын, Германиянын өкмөттөрү жана Евробиримдиктин структуралары Кыргызстанга дээрлик 10 миллион евро бөлөт. Каражат жашыл экономика долбоорлорун өнүктүрүүгө жумшалат.   Акча грант түрүндө берилет, программанын өзү үч жылга эсептелген. Ар кандай тармактарда, анын ичинде энергетикада чакан жана орто бизнеске колдоо көрсөтүлөт.

Кыргызстанда 1800дөн ашуун адам унаа башкаруу укугунан ажыратылды

Кыргызстанда төрт айда 1800дөн ашуун адам бир жылга унаа башкаруу укугунан ажыратылды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.   Маалыматка ылайык, мас айдоочулардын жоопкерчилиги күчөтүлгөндөн тарта ичимдик ичип машине айдагандар 17 пайызга азайды.   Эске салсак, быйыл 8-марттан тарта жол эрежесин бузган айдоочуларга… Кененирээк…

Ошто үч эм төрөлдү

Ошто үч эм төрөлдү. Жергиликтүү дарыгерлер билдиришкендей, алардын бири кыз, экөө уул.   Ымыркайлардын абалы туруктуу жана алар үйлөрүнө чыгарылды.   Үч эмди Ош облусунун Чоң-Алай районунун 21 жаштагы тургуну жарык дүйнөгө алып келген. Бул анын биринчи төрөтү.

Аймактык реформанын алкагында Нарындагы 63 айыл өкмөтү 27ге чейин кыскарды

Аймактык реформанын алкагында Нарындагы 63 айыл өкмөтү 27ге чейин кыскарды. Бул тууралуу облустук администрациядан билдиришти.   Маалыматка ылайык, ирилештирүүнүн негизинде 113 миллион сом үнөмдөлөт, аны үч жылга аймакка калтыруу сунушталып жатат.   Эске салсак, аймактык реформа үчүн Ысык-Көл облусунун Түп району пилоттук долбоор катары тандалып… Кененирээк…

Ташкентте көчөлөрдү жарыктандыруу чектелди

Ташкентте абанын температурасынын кескин жогорулашына байланыштуу көчөлөрдү жарыктандыруу чектелди. Мындай абал турак жайларда жана административдик имараттарда кондиционерлердин энергия керектөөсү кескин өскөндүктөн киргизилди.   Өзбекстандын гидрометеорологиялык борборунун маалыматына ылайык, жакынкы күндөрү республикада абанын температурасы 40 градустан ашса, айрым жерлерде 44 градуска чейин ысыйт.

Быйыл Кыргызстанда тоют нормадан 30 пайызга аз жыйналат деп күтүлүүдө

Айыл чарба министрлиги быйыл Кыргызстанда тоют нормадан 30 пайызга аз жыйналат деп күтүүдө. Бул тууралуу министрлер кабинетинин жыйынында ведомство башчысы Аскарбек Жаныбеков билдирип, экспортко чектөө, импортко жеңилдиктерди киргизүүнү сунуштады.   Өз кезегинде өкмөт башчы Акылбек Жапаров тоют жетишсиз болгон учурда малды сатуу системасын иштеп чыгууну… Кененирээк…