Британиялык окумуштуулар тез татым IQ көрсөткүчүн төмөндөтүүгө алып келет деп жарыялашты

Британиялык окумуштуулар тез татым IQ көрсөткүчүн төмөндөтүүгө алып келет деп жарыялашты. Изилдөөчүлөрдүн айтымында, акыркы 10 жыл ичинде адамдын мээси 20 пайызга кичирейген. Бул курамында углеводдор жана кумшекер көп болгон тамак-аш үчүн болууда.   Андан тышкары, тез татымда адам мээсин өнүктүрө турган заттар такыр жок.

Индиядагы бойдок фермерлер жалгыздык маселесине көңүл бурдуруу үчүн жөө зыяратка чыгат

Индиядагы бойдок фермерлер жалгыздык маселесине көңүл бурдуруу үчүн жөө зыяратка чыгат. Эркектердин айтымында, аялдар айыл жергесинде жашагысы келбегендиктен, “жубайлардын кризиси” катталууда.   Зыярат бул маселени кандайдыр бир жол менен чечүүгө жардам берет деген үмүттө фермерлер ыйык жерге барышат. Зыярат декабрда өтөт.

Бишкекте Парламенттер аралык ассамблеянын Жаштар отуруму өтүүдө

Бишкекте Парламенттер аралык ассамблеянын Жаштар отуруму өтүүдө. Иш-чарага Кыргызстан, Россия, Беларусь, Азербайжан, Армения, Тажикстан, Өзбекстан парламенттеринин жаш депутаттары, коомдук уюмдардын жана бирикмелердин өкүлдөрү катышып жатат. Жаштардын интернеттеги маалыматтык коопсуздугу күн тартибинде негизги маселе катары каралды. Парламентарийлер бул жаатта өз өлкөлөрүндөгү тажрыйбалар менен алмашты. Ассамблеянын катышуучулары… Кененирээк…

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын алкагында Малайзия менен беттешет

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын алкагында Малайзия менен беттешет.   Оюн бүгүн Куала-Лумпур шаарындагы “Букит Жалил” стадионунда өтүп, Бишкек убактысы боюнча кечки саат 7де старт алат. Кыргызстан D тайпасында Кытайдын Тайбэйи, Малайзия жана Оман курамалары менен ойнойт.

Баткен шаарында жаштар үчүн бардык шарты бар заманбап спорт комплекси курулууда

Баткен шаарында жаштар үчүн бардык шарты бар заманбап спорт комплекси курулууда. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлугүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.   Курулуш иштерине жергиликтүү бюджеттен 12 миллион сом каралган, учурда жумуштар 80 пайызга аяктап калды. Спорт комплексте волейбол, баскетбол, футбол, күрөш менен машыкса болот.

Калкка акысыз укуктук жардам көрсөтүү акциясы Баткен облусунун Кадамжай районунда уланат

Калкка акысыз укуктук жардам көрсөтүү акциясы Баткен облусунун Кадамжай районунда уланат. Юстиция министрлигинен билдиришкендей, “Тилектештик автобус” кызматы Кадамжай районунда 21-ноябрдан 24-ноябрга чейин иш алып барат.   Акциянын алкагында жер, турак жай, жарандык, үй-бүлөлүк, кылмыш-жаза жана башка укуктук маселелер боюнча кеп кеңеш алууга болот.

Кыргызстанга жыл башынан бери Кытайдан 32 миң 500дөн ашык унаа жеткирилди

Кыргызстанга жыл башынан бери Кытайдан 32 миң 500дөн ашык унаа жеткирилди. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети маалымдайт. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу көрсөткүч 35 эсе көп.   Алсак, 2022-жылдын январь-сентябрь айларында өлкөгө болгону 938 унаа ташылган. Кытайдан импорттолгон машиналардын жалпы баасы 516 миң доллардан ашат.

Бишкек мектептеринде коопсуздукту камсыздоо боюнча маселе чечилди

Бишкек мектептеринде коопсуздукту камсыздоо боюнча маселе чечилди. 24 агенттигине ордо калаа билим берүү департаментинен билдиришкендей, жыл аягына чейин камсыздоо үчүн 35 миллион сом бөлүндү. 4 райондук башкармалыкта сынак өткөрүлүп, кайтаруу агенттиктери менен келишим түзүлдү. Ал эми региондордогу маселе чечиле элек.   Эске салсак, ушул жылдын… Кененирээк…

Камбар-Ата-1 ГЭСине баруучу жолдорду кеңейтүү үчүн тоону жаруу иштери жүргүзүлдү

Камбар-Ата-1 ГЭСине баруучу жолдорду кеңейтүү үчүн тоону жаруу иштери жүргүзүлдү.   Министрлер кабинетинин маалыматына ылайык, бул Нарын дарыясынын нугун буруп, курулуштун кийинки этабына коопсуз өтүүнү камсыздайт.   Ошондой эле, план боюнча жер казуу, монтаж иштери жүргүзүлүп, 1 миңден ашык кубометр бетон куюлуп, электр өткөрүү линиялары… Кененирээк…

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 5 миллиард 987 миллион долларды түздү

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 5 миллиард 987 миллион долларды түздү. Ушул жылдын сентябрь айына карата маалымат менен Каржы министрлиги бөлүштү.   Бересенин басымдуу бөлүгүн же 4,5 миллиард долларын тышкы карыздар түзөт. Калганы ички береселер. Үстүбүздөгү жылдын июнь айы менен салыштыра турган болсок, мамлекеттик карыз 300 миллион… Кененирээк…