Дүйнөдөгү эң чоң круиздик лайнер биринчи саякатына даярданып жатат

Дүйнөдөгү эң чоң круиздик лайнер биринчи саякатына даярданып жатат. Кеме  5 миңге чейин жүргүнчүнү жана 2 миңге чейин экипаж мүчөсүн батыра алат.   Ал 20 палубадан туруп, анда ондогон дүкөндөр, ресторандар, концерттик залдар, аквапарк, түнкү клуб, парк, театр жана муз майданы бар. Ошондой эле ар… Кененирээк…

Кийинки жумада Кыргызстанда абитуриенттерди жогорку окуу жайларга кабыл алуу башталат

Кийинки жумада Кыргызстанда абитуриенттерди жогорку окуу жайларга кабыл алуу башталат. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, жараян 4 этап менен жүргүзүлөт.   Биринчиси 17-июлдан 19уна чейин, экинчиси 24-июлдан 26-июлга чейин, үчүнчү этап 31-июлда башталып, 2-августка дейре жана акыркы, төртүнчү тур 7синен 9-августка чейин. Арыздар жана документтер… Кененирээк…

Кыргызстанда баалар жана тарифтер 5 пайызга кымбаттады

Кыргызстанда баалар жана тарифтер 5 пайызга кымбаттады. Ушул жылдын январь айынан июнга чейинки маалыматты Улуттук статистика комитети таратты. Ага ылайык, эң чоң кымбаттоо спирт ичимдиктери жана тамеки продукциясына болду – 8 пайыз. Азык-түлүк эмес товарлар 6 пайызга, калк үчүн кызматтардын тарифи   5,5 пайызга кымбаттады.  … Кененирээк…

“Мекен-карт” март айынан бери 18 адамга берилди

“Мекен-карт” март айынан бери 18 адамга берилди. Эмгек министрлигинин маалыматына ылайык, жалпысынан 34 арыз келип түшкөн. Алар онлайн форматта кабыл алынып, комиссиянын кароосунан өтөт.   Эске салсак, “Мекен-карт” мурда Кыргызстандын жараны болгон чет өлкөлүктөргө, алардын балдары, неберелерине берилет.   Аны алган кыргызстандыктарга тарыхый мекенине визасыз… Кененирээк…

Нарын облусунун аймагына туристтердин коопсуздугун камсыздоо жана алардын эс алуусуна толук кандуу шарттарды түзүү максатында QR код менен маалымат такталары илинүүдө

Нарын облусунун аймагына туристтердин коопсуздугун камсыздоо жана алардын эс алуусуна толук кандуу шарттарды түзүү максатында QR код менен маалымат такталары илинүүдө.   Анын жардамы менен саякатчылар уюлдук телефонуна облус аймагындагы эс алуучу, тамактануучу жайларды жана унаа тейлөөчү сервердик жерлерди, ошондой эле жол карталарын көрө алышат.… Кененирээк…

Кыргызстандын Монголиядагы элчилиги Улан-Батор шаарында ачылды

Кыргызстандын Монголиядагы элчилиги Улан-Батор шаарында ачылды.   Эске салсак, буга чейин өлкө башчы жарлыгы менен Айбек Артыкбаевди аталган өлкөдөгү Кыргызстандын ыйгарымдуу элчиси кылып дайындаган.   Дипломатиялык өкүлчүлүктүн салтанаттуу ачылышы аземине биздин өлкөнүн Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев жана анын монголиялык кесиптеши Батцэцэг Батмунхийн катышты.

Кыргызстанда орточо айлык акы 31 миң 330 сомду түздү

Кыргызстанда орточо айлык акы 31 миң 330 сомду түздү. Үстүбүздөгү жылдын январь-май айларына карата маалымат менен Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Назира Керималиева бөлүштү.   Анын айтымында, маяна 2022-жылдын ушул мөөнөт аралыгына  салыштырмалуу 32 пайызга өскөн.   Эң чоң өсүш искусство, мамлекеттик башкаруу… Кененирээк…

Кыргызстанда санарип кодекси иштелип чыкты

Кыргызстанда санарип кодекси иштелип чыкты. Санариптик өнүктүрүү министри Талант Иманов билдиргендей, бул жумада документ ведомствонун сайтында жарыяланат.   Кодекстин башкы максаты – бардык санариптик нормаларды бирдиктүү укуктук талаага бириктирүү. Кыргызстан дүйнөдө мындай документ иштеп чыккан биринчи өлкө болуп калды.   Эми алдыда документти иш жүзүндө… Кененирээк…

Кыргызстанда жыл башынан тарта 4,8 миң батир жана үй пайдаланууга берилди

Кыргызстанда жыл башынан тарта 4,8 миң батир жана үй пайдаланууга берилди. Бул тууралуу брифингде Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Назира Керималиева билдирди.   Керималиеванын маалыматына ылайык, алардын жалпы аянты 506 миң метрден ашуун.   Комитеттин төрагасынын биринчи орун басары белгилегендей, мындан тышкары республика… Кененирээк…

Чүй облустук ооруканасына профессор Эрнст Акрамовдун ысымы ыйгарылды

Чүй облустук бириктирилген ооруканасына профессор Эрнст Акрамовдун ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Маалыматта Акрамовдун хирургиялык практика жана дарылоонун новатордук ыкмаларын өнүктүрүүгө кошкон салымы зор экени белгиленген. «Анын тажрыйбасы жана кесипкөйлүгү медицина тармагы үчүн үлгү», — дешти ведомстводон. Профессор Акрамов 1989-1992-жылдары СССРдин, кийин КРдин Жогорку… Кененирээк…