Ысык-Көл жана Сон-Көлдө балык улоого тыюу салынышы мүмкүн

Ысык-Көл жана Сон-Көлдө балык улоого тыюу салынышы мүмкүн. Айыл чарба министрлиги балык чарбачылыгын өнүктүрүү максатында 3 жылдык мораторий киргизүүнү сунуштап жатат.

 

Документ талкууга коюлду. Ал кабыл алынса, министрлер кабинети балык улоого уруксат бериле турган көлдөрдү аныктай турган тизме түзүү керек болот.