Айыл чарба министрлиги кумшекерди экспорттоого убактылуу тыюу салууну сунуштоодо

Айыл чарба министрлиги кумшекерди экспорттоого убактылуу тыюу салууну сунуштоодо. Токтом долбооруна ылайык, аталган товарды ЕАЭБден тышкары ташып чыгууга 31-августка чейин чектөө керектиги айтылат.   Долбоор өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, айыл чарба товарларынын жетишсиздигине жол бербөө, бааларды турукташтыруу жана азык-түлүк товарларынын туруктуулугуна карата ички жана тышкы… Кененирээк…

Бишкек ЖЭБиндеги жарылууда жабыркагандар реабилитациядан өтөт

Бишкек Жылуулук электр борборундагы аварияда жабыркаган эки адам мындан ары Курортология институтунда реабилитациядан өтөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.   Эске салсак, жарылууда жабыркаган эки адам үч айдан ашуун убакыт Түркиянын Адана шаардык илимий ооруканасынын күйүк бөлүмүндө дарыланып, Бишкекке 9-майда кайтып… Кененирээк…

Бөкөнбаев — Көл-Төр — Дөң-Талаа унаа жолуна асфальт төшөлдү

Бөкөнбаев — Көл-Төр — Дөң-Талаа унаа жолунун 3 чакырымынаа асфальт төшөө иштери аяктады. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев билдирди.   Анын айтымында, учурда бул тилкедеги асфальт төшөө иштерине 10дон ашык атайын техника тартылып, анда 30 жолчу иштөөдө.   «Жол тилкелеринде “Кыргызавтожол” мамлекеттик… Кененирээк…

14-майда Бишкектин бир бөлүгүндө суу болбойт

14-майда Бишкектин бир бөлүгүндө суу болбойт. Муниципалитеттен билдиришкендей, шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүгө байланыштуу эртең мененки саат 9дан түнкү 11ге  чейин Ахунбаев – Поваринская – Серафимович – Садырбаев көчөлөрү менен чектелген аймакта, “Жал-15” кичи району, 30 дарегинде таза суу берүү токтотулат.   Мекеме-уюмдар… Кененирээк…

Бишкекте Чолпонбай Түлөбердиев атындагы музей ачылды

Бишкектеги №27 орто мектепте Чолпонбай Түлөбердиев атындагы музей ачылды. Музейди, согуш даңк залын уюштурууга жана Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин бюстун орнотууга муниципалдык администрация тарабынан акча бөлүнгөн. Музейди уюштурууда жаш муундарды патриоттуулукка тарбиялоо башкы максат экени белгиленди.

Кыргызстанда эртең иш күнү болот

Кыргызстанда эртең иш күнү болот. Эмгек министрлигинен эскертишкендей, катары менен эс алуу үчүн 3-майдагы иш күн 11-май, ишембиге жылдырылган.   Ал эми бейшемби, 9-май өлкөдө расмий түрдө дем алыш болуп эсептелет.

Кыргызстанга Малайзиянын премьер-министри расмий сапар менен келет

Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим 15-16-майда расмий сапар менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.   “Бул сапар Малайзиянын премьер-министринин Борбор Азия боюнча сапарынын алкагында өтөт, биринчи барган өлкө – Кыргызстан болот. Сапардын жүрүшүндө жогорку жана бийик деңгээлдеги жолугушуулар… Кененирээк…

Катарда кыргыз жарандары үчүн виза режимин жөнөкөйлөтүү маселеси талкууланды

Катарда кыргыз жарандары үчүн виза режимин жөнөкөйлөтүү маселеси талкууланды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.   Маалыматка караганда, Кыргызстандын элчиси Марат Нуралиев Катардын ички иштер министри шейх Абдулазиз бин Файсал Аль Тани менен жолугушту. Анын алкагында эмгек мигранттарынын жүрүү шарттары, ошондой эле Кыргызстандын жарандары үчүн… Кененирээк…

Ала-Букада 70 орундуу заманбап медициналык борбор ачылды

Ала-Букада 70 орундуу заманбап медициналык борбор ачылды. Novosti.kgге президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, медициналык жай Аксы, Ала-Бука жана Чаткал районунун калкын тейлөө мүмкүнчүлүгү бар.   Имарат эки жылда курулган. Анда хирургия, терапия, гинекология бөлүмдөрү, диагностикалык борбор жана компьютердик томография аппараттары орнотулган.

Кыргызстанда кызамыкка чалдыккандардын саны азаюуда

Кыргызстанда кызамыкка чалдыккандардын саны азаюуда. Республикалык иммунопрофилактика боюнча борбордун маалыматына караганда, 10-майга карата аталган ооруну жуктургандардын саны 9 миң 509 адамды түздү   . Илдетке чалдыккандардын басымдуу бөлүгү Бишкек, Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарында катталган.   Саламаттык сактоо министрлиги илдеттин жайылышына ата-энелер түрдүү себептер менен… Кененирээк…