«Бишкексуучарбанын» директору болуп Болотбек Одракаев дайындалды

«Бишкексуучарба» муниципалдык ишканасында кадрдык өзгөрүүлөр болду. Бишкек мэриясынан билдиришкендей, аталган ишкананын директору болуп Болотбек Одракаев дайындалды.   Тиешелүү буйрукка мэр Айбек Жунушалиев кол койду.

Кыргызстанда 500дөй менчик клиника жабылды

Кыргызстанда лицензиялык жана санитардык талаптарга жооп бербеген 485 менчик клиника жабылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев «Азаттыкка» билдирди.   Министрдин айтымында, алардын 333үнө айып пул салынды.   Белгиленгендей, чиновник бул медициналык жайлар канча убакыт аралыгында жабылганын тактаган жок.

Бишкекте №6 автобустун кыймылы өзгөрдү

Бишкекте №6 автобустун кыймылы өзгөрдү. Муниципалитеттен билдиришкендей, мындай чечим ведомстволор аралык комиссиянын жыйынында кабыл алынды.   Эми автобус Ак-Ордо конушунан Көк-Жар кичи районуна, андан ары Рухий-Мурас жаңы конушун көздөй барат.   Буга чейин транспорт Гагарин көчөсүнөн Рухий-Мураска чейин каттап келген.

Эртең Бишкекте жаңы жылдык президенттик балаты өтөт

Бишкекте 22-декабрда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда жаңы жылдык балаты өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.   Балаты майрамы Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында уюштурулуп, ага республиканын бардык аймагынан 650гө жакын бала катышат.

Кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт-2” көзөмөл-өткөрүү бекети жаңыланды

Кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт-2” көзөмөл-өткөрүү бекети жаңыланды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.   Жаңыланган бекетте алты кыймыл тилкеси бар, жабык ангарлар орнотулган. Бул жайда бир учурда алты автоунааны бажы көзөмөлүнөн өткөрүүгө болот. Учурда ал аймактагы эски имараттардын ордуна кошумча машине токтотуучу жайларды ачып, өткөрүү… Кененирээк…

Мектеп окуучуларынын кышкы каникулу эки жумага созулат

Кыргызстанда мектеп окуучуларынын кышкы каникулу эки жумага созулат. Билим берүү министрлиги эскерткендей, окуучулар 1-январдан 14-январга чейин эс алышат.   Үчүнчү чейрек мектептерде 15-январда башталат.

Кыргызстанда азык-түлүк боюнча абал туруктуу

Кыргызстанда азык-түлүк боюнча абал туруктуу. Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдиргендей өлкө сүт, эт, картошка, кумшекер жана жашылча менен камсыздалган.   Ал эми ун, сары май жана жумуртка импорттук запастардын эсебинен камсыздалат.   Министр белгилегендей, жалпысынан рыноктун абалы туруктуу, баанын кескин жогорулоосу байкалган жок.

Ошто жаңы жылдык балатынын оту эртең жанат

Ошто жаңы жылдык балатынын оту эртең жанат. Бул тууралуу Novosti.kgге жергиликтүү мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, майрамдык салтанат түштүк калаада кечки саат 7де башталат.   Белгиленгеней, жаңы жылдык кооздукту жасалгалоого үч жарым миллион сом сарпталды.

Өлкөдө “Тонировка” рейди жүрүүдө

Өлкөдө “Тонировка” рейди жүрүүдө. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын инспекторлору атайын уруксаты жок унаасынын алдыңкы айнектерин караңгылатып алган айдоочуларды аныктайт.   Мындай текшерүүлөр 31-декабрга чейин созулат. Эске салсак, мыйзамсыз тонировка үчүн айып жеке жактарга 20 миң сомду, юридикалык жактарга 40 миң сомду түзөт.

Кыргызстанда жума башынан бери доллар жана рубль бир аз арзандады

Кыргызстанда жума башынан бери доллар жана рубль бир аз арзандады.   Учурда ордо калаанын акча алмаштыруу жайлары жана коммерциялык банктар долларды   88 сом 70 тыйындан сатып алып, кайра 89 сом 40 тыйындан сатышууда.   Жума башынан бери америкалык валюта 30 тыйынга арзандады. Россиялык рубль дагы… Кененирээк…