ЖРТга 700дөн ашык адам катышат

Жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алууда ЖРТга 767 адам катталды. Бул тууралуу Билим берүүнү жана окутуу усулдарын баалоо борборунун директору Чынара Батракеева билдирди. Анын айтымында, бул көрсөткүч акыркы эмес, анткени кошумча каттоо күтүлүүдө.   ЖОЖдорго кышкы кабыл алууда абитуриенттерди тандоо контракттык негизде гана жүргүзүлөт.  … Кененирээк…

Эртең Бишкектеги «Ак Босого» конушунда ичүүчү суу жок болот

Эртең Бишкектеги «Ак Босого» конушунда ичүүчү суу жок болот.   Муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, суу эртең мененки саат 10дон кечки 5ке чейин токтотулат. Мунун себеби оңдоо иштерине байланыштуу.   Калк ичүүчү сууну эртелеп камдап алышы зарыл.

Ошто үч мамлекеттик дарыкана ачылды

Ошто үч мамлекеттик дарыкана ачылды. Бул тууралуу Novosti.kgге жергиликтүү мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.   Аптекаларда 800дөн ашык дары-дармектин түрү бар. Шаар тургундары препараттарды жеке дарыканаларга караганда 10-15% арзан сатып алса болот.   Эске салсак, Кыргызстандагы биринчи мамлекеттик дарыкана эки күн мурун Бишкекте ачылган. Мындай… Кененирээк…

Бишкектен Нячангга чартердик каттамдар ачыла элек

Бишкектен Нячангга чартердик каттамдар ачыла элек. “Манас” аэропортунун басма сөз кызматы Novosti.kgге билдиргендей, вьетнамдык авиакомпания кыйынчылыктарга туш болууда.   Каттамдардын качан баштала турганы азырынча белгисиз. Аэропорт бул маселе чечилип жатканын билдирди.   Эске салсак, буга чейин Бишкек – Нячанг каттамындагы самолеттор ​​30-октябрдан тарта уча баштары… Кененирээк…

Бишкектин Элебесов көчөсүндө капиталдык оңдоо иштери аяктады

Бишкектин Элебесов көчөсүндө капиталдык оңдоо иштери аяктады. Мэриядан билдиришкендей, аталган жолдо 10 жылдан ашык убакыттан бери жакшыртуу иштери жүргүзүлгөн эмес.   Элебесов көчөсү күн сайын бир жарым миңден ашык унаа тейлеген жолдордун бири.   Унаалар үчүн жүрүүчү бөлүк ачылгандан кийин батыш тараптан тротуар, чыгыштан ирригациялык… Кененирээк…

Бишкекте жаңы таштанды полигону ачылды

Бишкекте экологиялык-санитардык стандарттарга ылайык курулган жаңы таштанды полигону ачылды. Бул тууралуу Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү билдирди.   Көлөмү дээрлик 2 млн метр куб полигон жакынкы он жылда ордо калаадагы катуу тиричилик калдыктарын коопсуз жок кылууга мүмкүндүк берет деп күтүлүүдө.   Санитардык полигонго Европа реконструкциялоо жана… Кененирээк…

2034-жылы футбол боюнча дүйнө чемпионаты Сауд Арабияда өтөт

2034-жылы футбол боюнча дүйнө чемпионаты Сауд Арабияда өтөт. Бул тууралуу ФИФАнын президенти Джанни Инфантино билдирди. Буга чейин маалымат каражаттары Австралия турнирди өткөрүүдөн баш тартканын жазып чыгышкан.   Эске салсак, 2026-жылкы Дүйнө чемпиондугун Канада, Мексика жана АКШ уюштурат.   2030-жылдагы дүйнө чемпионаты тарыхта биринчи жолу алты… Кененирээк…

Кыргызстанда тузду аз колдонуу боюнча маалыматтык кампания жүрүүдө

Кыргызстанда тузду аз колдонуу боюнча маалыматтык кампания жүрүүдө. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, биринчи кадам нан азыктарын өндүрүүчүлөр менен иштешүүдөн башталат. Андан ары курамында тузу жогору азыктарга түстүү маркировка киргизүү пландаштырылууда. Белгилер жашыл, сары жана кызыл болот.   Ошондой эле коомдук тамактануу жайларында туз колдонууну чектөө,… Кененирээк…

Бишкекте тротуарларды оңдоо иштери аяктап калды

Бишкекте тротуарларды оңдоо иштери аяктап калды. Бул тууралуу 24 агенттигине вице-мэр Максатбек Сазыкулов билдирди. Ал иш графиктен артта калганын моюнга алды. Бул объекттерди бузуу жана ага байланыштуу процедуралар менен шартталган.   Чиновник бардык иштер келерки аптада бүтөт деп ишендирүүдө.   Эске салсак, быйыл ордо калаадагы… Кененирээк…

The Rolling Stones рок группасынын кирешеси миллиард доллардан ашты

Британиялык The Rolling Stones рок группасынын кирешеси миллиард доллардан ашты.   Белгилүү болгондой, концерттер музыкалык топтун мүчөлөрүнө эки миллиард рекорддук киреше алып келген, ал эми 2021-жылы болгону 14 концерт үчүн алардын күйөрмандары жалпысынан 130 миллиондон ашык төлөшкөн.   Ошентип, The Rolling Stones Улуу Британияда миллиарддаган… Кененирээк…