Абу-Даби шаарында уникалдуу парк ачылды

Абу-Даби шаарында уникалдуу парк ачылды. Бул жерде деңиз жана океандардын жашоочуларынын 100 миңден ашык түрүн көрсө болот. Паркта дүйнөдөгү эң чоң аквариум жайгашты, аны толтуруу үчүн 25 миллион литр суу талап кылынат.   Аквариум жашоочулары арасында сейрек кездешүүчү акула, скат жана башка суу жашоочулары бар.… Кененирээк…

№26 бала бакчанын аймагында кошумча корпус курулууда

№26 бала бакчанын аймагында кошумча корпус курулууда. Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, мектепке чейинки билим берүү мекемеси “Киргизия-1” конушунда жайгашат.   Жаңы корпус 140 бөбөккө чакталат. Бул жерде оюн бөлмөлөрү, уктоочу бөлмө, медициналык кабинет, спорт жана музыка залдары орун алат.

Бишкекте таза сууга тарифти жыл сайын көтөрүү пландалууда

Бишкекте таза сууга тарифти жыл сайын көтөрүү пландалууда. Бул тууралуу шаардык кеңештин отурумунда вице-мэр Жыргалбек Шамыралиев жарыялады. Анын айтымында, азыркы тариф суунун өз баасын дагы жаппайт.   Андыктан, учурда тарфти инфляцияга байлап, жыл сайын бааларды ага жараша кайра карап чыгып, зарыл болсо кымбаттаттуу маселеси каралып… Кененирээк…

Кыргызстан 900 миллион киловатт-саат электр энергиясын импорттоду

Кыргызстан 900 миллион киловатт-саат электр энергиясын импорттоду. Үстүбүздөгү жылдын январь айынан мартка чейинки маалымат менен Улуттук статистика комитети бөлүштү.   Ага ылайык, өткөн жылдын ушул эле мөөнөт аралыгына салыштырмалуу көрсөткүч 94 миңге көбөйгөнү катталат. Электр энергиянын басымдуу бөлүгү Казакстандан сатылып алынган.   Ошондой Кыргызстан электр… Кененирээк…

Бул жумада окуучулар мектеп менен коштошуп, “Акыркы коңгуроо” кагылат

Бул жумада окуучулар мектеп менен коштошуп, “Акыркы коңгуроо” кагылат. Билим берүү министрлигинен буга чейин билдиришкендей, өлкө мектептерин быйыл 69 миңдей окуучу аяктайт.   Ал эми 115 миң окуучу 9-классты бүтүрүүдө. Ведомстводон эскертишкендей, 25-майда мектептеги салтанаттуу линейкадан тышкары кечелерди, кафе-ресторандарда отуруштарды уюштурууга тыюу салынат.

Бүгүн жалпы республикалык тестирлөөгө негизги убакытта катталууга жетишпей калгандарды каттоо жүрүүдө

Бүгүн жалпы республикалык тестирлөөгө негизги убакытта катталууга жетишпей калгандарды каттоо жүрүүдө. Бул үчүн абитуриенттер республика аймагында ачылган тест борборлоруна келиши керек.   Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунан билдиришкендей, ошондой эле тест борборлорун ЖРТнын экинчи этабына даярдоо жүрүүдө.   Ал 23-24-майга белгиленди. Ал эми жүйөлүү… Кененирээк…

Бишкектин бир катар жаңы конуштарында электр энергиясы үчүн электрондук эсеп-дүмүрчөктөр келип баштады

Бишкектин бир катар жаңы конуштарында электр энергиясы үчүн электрондук эсеп-дүмүрчөктөр келип баштады. Кеп Ак-Бата, Ак-Тилек, Ак-Тилек-2, Көк-Жар, Ала-тоо жана Мурас-Ордо конуштары тууралуу болуп жатат.   Азырынча долбоор сыноо режиминде иштеп жатат. Ага 900дөн ашык абонент катышууда.   Бул жарандарга кагаз квитанциялар келбейт. Ал эми колдонулган… Кененирээк…

Ленин бир мандаттуу округ боюнча депутатты шайлоого 124 миң добуш берүүчү катталды

Ленин бир мандаттуу округ боюнча депутатты шайлоого 124 миң добуш берүүчү катталды.   Боршайкомдун маалыматына ылайык, жалпысынан 51 тилке ачылат. Ал эми тилкеден тышкаркы шайлоо жымжырттык күнү, 27-майда өтөт.   Ага катышууга арыздар 25-майга чейин кабыл алынат. Эске салсак, Жогорку Кеңештин Ленин округу боюнча депутатты… Кененирээк…

Кыргызстандан Кытайга жогорку чыңалуудагы электр линиялары тартылат

Кыргызстандан Кытайга жогорку чыңалуудагы электр линиялары тартылат. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, эки тарап кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюшту.   Ведомстводон белгилешкендей, аталган чубалгылар аркылуу бизде ашыкча болуп калган электр энергиясын жогору баада сатууга мүмкүн болот. Ошондой эле Кыргызстандын экспорттук потенциалы жогорулайт. Линия Жалал-Абад облусундагы “Датка” подстанциясынан… Кененирээк…

Мета корпорациясынын жетекчиси Марк Цукерберг бай адамдардын капиталынын өсүшү боюнча лидер болду

Мета корпорациясынын жетекчиси Марк Цукерберг бай адамдардын капиталынын өсүшү боюнча лидер болду. Жыл башынан бери ишкердин байлыгы дээрлик 2 эсе көбөйүп, 90 миллиард долларга теңелди.   Аналитиктер муну мета-ааламды өнүктүрүү менен байланыштырууда. Цукерберг аталган технологиялар тармагында лидерлик позицияга жайгашуу үчүн көп каражат жумшаганы айтылат.