100 мамлекеттик лабораторияда iLab лабораториялык маалымат системасы колдонулат

Кыргызстандагы 100 мамлекеттик лабораторияда iLab лабораториялык маалымат системасы колдонулат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.   Маалыматтык система лабораториялар үчүн жолдомолорду иштетүү, анализдөө, эсепке алуу жана изилдөө натыйжаларын жеткирүү процесстерин автоматташтырууга мүмкүндүк берди.   Система ошондой эле бейтаптарга жана дарыгерлерге диагностикалоо жана изилдөө тарыхын тез… Кененирээк…

Аскар Бешимов Кыргызстандын Шри-Ланкадагы элчиси болуп дайындалды

Аскар Бешимов Нью-Дели шаарындагы резиденциясы менен ишин айкалыштыруу боюнча Кыргызстандын Шри-Ланкадагы элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.   Билдирүүгө ылайык, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Анвар Анарбаев Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси болуп дайындалды

Анвар Анарбаев Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгон.

Марат Нуралиев Кыргызстандын Катардагы элчиси болуп дайындалды

Марат Нуралиев Кыргызстандын Катардагы элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгон

Жаңы жылдык майрамдарда ИИМ коопсуздук чараларын күчөтөт

Жаңы жылдык майрамдарда Ички иштер министрлиги коопсуздук чараларын күчөтөт. Алсак, коомдук жайларда балдардын жоголушуна жол бербөө боюнча иштер жүргүзүлөт.   Мындан тышкары маанилүү объектилер, анын ичинде чек арага жакын жайгашкан жайлар өзгөчө кайтарууга алынат.   Ошондой эле милиция кызматкерлерине эл көп чогулган жерлерде бейбаштык, массалык… Кененирээк…

Бишкек жана Жалал-Абадда үч миңге жакын батирдин курулушу аяктайт

Келерки жылы Бишкек жана Жалал-Абад шаарларында үч миңге жакын батирдин курулушу аяктайт. Мамлекеттик ипотекалык компаниядан билдиришкендей, турак жайлар ипотекалык программанын катышуучулары үчүн курулуп жатат.   Белгиленгендей, үйлөрдүн баасы базар баасынан төмөн болот.   Кошумчалай кетсек, 2024-жылы Мамлекеттик ипотекалык компания ар бир облуска там салууну пландоодо.

Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун иштөө убактысы узартылды

Курч респиратордук вирустук инфекциялар жана сасык тумоо менен ооругандардын көбөйүшүнө байланыштуу үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун иштөө убактысы узартылды. Бул тууралуу Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунан билдиришти.   Алсак, поликлиникалар иш күндөрү эртең мененки саат 8ден кечки 8ге чейин, дем алыш күндөрү саат 8ден… Кененирээк…

Ноокатта 100 орундуу бала бакча ачылды

Ош облусунун Ноокат районунда 100 орундуу бала бакча ачылды. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш агенттигинен билдиришти.   Объекттин курулушу 2018-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Бала бакча эки кабаттан турат.

Кийинки жылы Кыргызстанда пенсияны жогорулатууга 970 миллион сом каралат

Кийинки жылы Кыргызстанда пенсияны жогорулатууга 970 миллион сом каралат.   Бул тууралуу Соцфонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди. Анын айтымында, 2024-жылы пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн 7 пайызга көбөйтүү пландалууда.   Жарым жылдын жыйынтыгы менен камсыздандыруу төгүмдөр кайра каралат, эгер сумма жогоруласа, анда пенсиянын көбөйтүлө турган пайызы дагы… Кененирээк…

Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздугун көзөмөлдөгөн институт түзүлөт

Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздугун көзөмөлдөгөн институт түзүлөт.   Президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеевдин айтымында, ал азык-түлүктүн абалын, өндүрүштү, керектөөнү, резервдерди, тамак-аш азыктарынын жеткиликтүүлүгүн изилдеп-талдоо менен алектенет жана тиешелүү сунуштар менен божомолдорду иштеп чыгат.