Бишкектин борбордук бөлүгүндө 30-декабрдан 1-январга чейин унаа токтотууга тыюу салынат

Бишкектин борбордук бөлүгүндө 30-декабрдан 1-январга чейин унаа токтотууга тыюу салынат. Мэрия маалыматына ылайык, бул күндөрү Эркиндик бульварынын Чүй проспектисинен Киев көчөсүнө чейинки тилкесинде машиналарды токтотууга болбойт.   Аталган күндөрү парковка Раззаков, Орозбеков, Панфилов көчөлөрүндө гана уруксат берилет. Бул Ала-Тоо аянтында жаңы жылдык майрамдоо иш-чараларына байланыштуу… Кененирээк…

Ысык-Көл облусунда жаңы бала бакча пайда болот

Ысык-Көл облусунда жаңы бала бакча пайда болот.   Курулушка тендерди аймактык курулуш жана инфраструктура башкармалыгы жарыялады. Мектепке чейинки билим берүү мекемеси Түр районунда жайгашып, 275 орунга чакталат.   Курулушка 200 миллион сомдон ашык каралды.

Өзгөндө милициянын таяныч пункту ачылды

Ош облусунун Өзгөн районунун Салам-Алик айыл аймагында күн мурун милициянын жаңы таяныч пункту ачылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен (ИИМ) билдиришти.   Имараттын курулушу 2023-жылдын августунда башталып, ИИМ тарабынан каржыланган. Таяныч пункту төрт бөлмөдөн турат, анын ичинен бир канаасы иш бөлмө болуп, калганы жашоо шартка… Кененирээк…

Баткенде куралдуу кагылышта курман болгон жоокердин ысымы Жалал-Абаддагы паркка берилди

Баткенде 2022-жылы куралдуу кагылышта курман болгон Нурислам Карыбековдун аты Жалал-Абад шаарынын Байзаков проспектисиндеги скверге берилди. Эс алуу багынын аянты 80 сотых. Буга чейин каралбай калган паркты оңдоого жергиликтүү бюджеттен 27 млн 446 миң сом бөлүнгөн.   Нурислам Карыбеков 2003-жылы Сузак районунун Багыш айыл аймагында туулган.… Кененирээк…

Бишкекте мектеп жана соода борборлоруна бомба коюлганы тууралуу жалган маалымат бергендер кармалды

Бишкекте мектеп жана соода борборлоруна бомба коюлганы тууралуу жалган маалымат тараткандар кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан террордук коркунучтар боюнча анонимдүү чалуулар көбөйүп кеткендигин аныктоо жана ага бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, козголгон кылмыш ишинин алкагында… Кененирээк…

Салык кызматкерлери коррупцияга айыпталып кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) патентке төлөнүүчү акчаны өздөрүнө ыйгарып алган салыкчылар кармалганын кабарлады. Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматта, Базар-Коргон райондук салык кызматынын инспекторлору райондогу базарда иштеген соодагерлердин патентке төлөөчү акчасын чогултуп, өздөрүнө ыйгарып жүрүшкөн туруктуу коррупциялык схемага бөгөт коюлду. Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси… Кененирээк…

Талас районунда 4 айыл жогорку ылдамдыктагы интернетке туташтырылат

Талас районунун Бекмолдоев айыл өкмөтүндө санариптештирүү долбоорунун алкагында 4 айыл жогорку ылдамдыктагы интернет жана кабелдик телеберүүгө туташтырылат.   «Кыргызтелеком» ААКтан билдиришишкендей, долбоор 1 миң 140 үйдү камтып, жашоочуларды заманбап технологиялар менен камсыз кылып, маалымат жана көңүл ачууга мүмкүнчүлүк берет. Учурда бир айыл ийгиликтүү кошулду, калган… Кененирээк…

Кыргызстандын лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизилди

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” КР Мыйзамына кол койду.   Мыйзам 2023-жылдын 29-ноябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.   Мыйзамдын максаты энергиянын кайра жаралуучу булактарын (ЭКБ) өнүктүрүү, энергетика тармагын өркүндөтүү, ошондой эле жаңы генерациялоочу кубаттуулуктарды… Кененирээк…

Калкты тейлөө борборлору жана паспорттук столдор 1-январдан 7сине чейин иштебейт

Калкты тейлөө борборлору жана паспорттук столдор 1-январдан 7сине чейин иштебейт. Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, борборлор  8-январдан тарта кадимки режимде иштейт.   Ал эми Жибек Жолу проспектисинде жана Нуркамал Жетикашкаева көчөсүндө жайгашкан калкты тейлөө борборлору кечки саат 8ге чейин кабыл алат. Аларда кызмат алуу үчүн электрондук… Кененирээк…

Кара-Көл шаарынын жаңы жылдык балатысы кайрадан күйүп кетти

Кара-Көл шаарынын жаңы жылдык балатысы кайрадан күйүп кетти. Турмуш басылмасы билдиргендей, жалын бүгүн түндө чыкты.   Алдын ала маалымат боюнча, тилсиз жоонун чыгышына электр өткөрүү линияларында чыккан кыска чагылышуу себеп болушу мүмкүн.   Эске салсак, 2022-жылы дагы Кара-Көл шаарындагы балаты күйүп кеткен. Анда атайын өрттөп… Кененирээк…