Кыргызстанга Россиядан келген күйүүчү май жана дизелдин баасы кымбаттады

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы билдиргендей, буга чейин Кыргызстан АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин тоннасын 650 доллардын тегерегинде алып келсе, учурда анын баасы орточо 950 доллар болууда.   Ал эми дизелдин тоннасы болжол менен 700 доллар болсо, азыр 1 миң 200 доллардан ашты.   Баанын өсүшүнө Жакынкы… Кененирээк…

Быйыл үч жашка чыга элек балдарга жөлөкпул берүү үчүн Министрлер кабинети бюджеттен 3 миллиард 316 миллион сом бөлөт

Быйыл үч жашка чыга элек балдарга жөлөкпул берүү үчүн Министрлер кабинети бюджеттен 3 миллиард 316 миллион сом бөлөт. Бул тууралуу токтом долбоору коомдук талкууга чыкты.   Бул документ буга чейин президент Садыр Жапаровдун мартта “Бала ырысы” жөлөкпул берүү жөнүндөгү жарлыгын ишке ашыруу үчүн даярдалган. Жарлыкка… Кененирээк…

Кыргызстан 80ден ашык өлкөгө айыл чарба продукциясын экспорттоодо

Кыргызстан 60тан ашык айыл чарба продукциясын 80ден ашык өлкөгө экспорттоодо. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, экспорттун жалпы көлөмүндө айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай продукцияларынын үлүшү 2025-жылдын январь-декабрь айларында 13,3% түздү. Ал эми… Кененирээк…

Улуттук банк эсептик ченди 12 пайыз бойдон калтырды

Чечим бүгүнтөн тартып күчүнө кирет.   Өлкөнүн башкы каржы мекемесинен билдиришкендей, Кыргызстанда учурдагы инфляциялык процесстер тышкы сыяктуу эле, ички факторлордун таасири астында калыптанууда. Мында өлкөдөгү инфляцияга негизги таасир тышкы шарттардан уланууда.   Эсептик чен — инфляциялык процессти жөнгө салуучу негизги финансылык куралдардын бири болуп саналат.… Кененирээк…

2026-жылдын февраль айында Кыргызстанга жалпы 224 млн доллар которулган

2026-жылдын февраль айында Кыргызстанга жалпы 224 млн доллар которулган. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. Маалыматка ылайык, негизги агым 208 млн доллар КМШ өлкөлөрүнөн келген.   Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн келген которуулар 16 млн долларды түзөт.  Ал эми 2026-жылдын февраль айынын аягына карата Кыргызстандан башка… Кененирээк…

Жогорку Кеңеш энергетика жөнүндө мыйзам долбоорду үчүнчү окууда кабыл алды

Жогорку Кеңеш “Кемин” жана “Балыкчы” көмөк чордондорунун ортосунда 500 кВ чыңалуудагы аба электр берүү чубалгысын куруу боюнча мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды.   Бул долбоор Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын кредиттик жана гранттык макулдашуулардын негизинде ишке ашырылат. Жалпысынан энергетика тармагына 67,7 миллион евро бөлүнөт.… Кененирээк…

Кыргызстан Өзбекстан, Тажикстан менен чогуу энергетикалык долбоорду ишке ашырат

Кыргызстан Өзбекстан жана Тажикстан менен чогуу энергетикалык долбоорду ишке киргизет. Бул тууралуу Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.   Маалыматка ылайык, бул үчүн Дүйнөлүк банк 40 млн доллар берет, аны кайтаруу мөөнөтү 40 жылды түзөт.   Долбоордун алкагында Борбор Азия аймагына аба чубалгылары курулат, подстанциялар жаңыланат.… Кененирээк…

Европалык кайра калыбына келтирүү жана өнүктүрүү банкы Кыргызстандын энергетика тармагына 67,7 миллион евро бөлөт

Европалык кайра калыбына келтирүү жана өнүктүрүү банкы Кыргызстандын энергетика тармагына 67,7 миллион евро бөлөт.   Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коопсуздук жана миграция боюнча комитети “Кемин — Балыкчы” жогорку чыңалуудагы электр өткөрүү линияларын жана 500 киловольттук подстанцияны куруу жөнүндө мыйзам долбоорду үчүнчү окууда кабыл алды.… Кененирээк…

Кыргызстанда 50 чакан ГЭС курулуп жатканы кабарланды

Учурда республика боюнча 50 чакан ГЭС курулуп жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Чүй облусунун Сокулук районунда “Сокулук” жана “Туюк” чакан ГЭСтеринин ачылышында билдирди.   Маалыматка ылайык, быйылкы жылдын иш-планында алардын 13үн ишке киргизүү мерчемделген.   «Бул аймактардагы электр менен камсыздоонун сапатын жакшыртып, жаңы жумуш… Кененирээк…

Чүйдө «Сокулук» жана «Туюк» чакан ГЭСтери ишке кирди

Чүй облусунун Сокулук районунда “Сокулук” жана “Туюк” чакан ГЭСтери ишке кирди. Президенттик администрациядан билдиришкендей, эки гидроэлектрстанциянын жалпы кубаттуулугу 15,6 МВтты түзөт.   Объекттер ата мекендик инвестордун каражатына курулган.   Өндүрүлгөн электр энергиясы толугу менен улуттук энергетикалык системасына берилет. Бул долбоор электр энергиясынын тартыштыгын азайтып, энергия… Кененирээк…