Баткенде маданий-тарыхый музей пайдаланууга берилди

40 жылдык тарыхы бар Баткен районунун Кара-Булак айылындагы музей үчүн жаңы имарат курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.   Аталган айылда биздин замандын II-IV кылымдарына таандык “Мыктын Гөрү” көрүстөнү казылган. Анда мумияланган келиндин табыты табылган. Аймактагы… Кененирээк…

2-апрелде Бишкектин айрым жерлеринде суу жок болот

2-апрелде Бишкектин айрым райондорунда суу жок болот. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады. «Өчүрүлчү аймак — Достоевский, Анкара, Ауэзов көчөлөрү жана темир жол менен чектешкен жерлер. Мындан тышкары, Алтын Ордо, Кара-Жыгач, Полиция шаарчасы конуштарында да таза суу саат 9:00дөн 19:00гө чейин жок болмокчу», — деп… Кененирээк…

Бишкекте күрөш боюнча Азия чемпионаты өтөт

Бишкекте 11-16-апрель күндөрү “Бишкек Арена” шаардык муз аянтчасында грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча чоңдор арасында Азия чемпионаты өтөт.   Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, чемпионатка Кыргызстандын улуттук курама командалары дагы катышат.

Бишкекте 3 миң орундуу боз үй түрүндөгү концерттик зал пайда болот

Бишкекте “Манас” улуттук театрынын аймагында 3 миң орундуу боз үй түрүндөгү чоң концерттик зал пайда болот. Бул тууралуу театрдын директору Азиз Биймырза уулу билдирди.   Ал белгилегендей, ошондой эле театрдын аймагында Манас баатырдын жана анын жубайы Каныкейдин эстелиги да пайда болот.

Бишкекте 6 көчө капиталдык оңдоодон өтөт

Бишкекте 6 көчө капиталдык оңдоодон өтөт. Мэрия бул максатта тендер жарыялады. Ага ылайык, Чүй, Жибек Жолу проспектилери, Абдрахманов, Горький жана Юнусалиев көчөлөрү ремонттолот.   Ауэзов көчөсүндөгү Бишкек ЖЭБинен чыккан каналга жана Жибек Жолу проспектисиндеги Аламүдүн дарыясына көпүрөлөр салынат. Дагы бир көпүрө Шүкүров көчөсүнө Чыгыш Чоң… Кененирээк…

Балыкчы шаарындагы катуу шамалдын кесепети такталып жатат

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 30-мартка караган түнү, саат 01.50дө Ысык-Көл облусуна караштуу Балыкчы шаарында катуу шамал болгонун билдирди. Анын ылдамдыгы секундасына 24-28 метрге чейин жетти. Учурда катуу шамалдын кесепет-зыяны такталып жатат.   “Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жеринде тактоо иштерин жүргүзүүдө. Алдын ала маалыматка ылайык, жабыркагандар… Кененирээк…