Ошто стадиондун айланасындагы мыйзамсыз курулуштар буздурулууда

Ош шаарындагы А. Сүйүнбаев атындагы борбордук стадиондун айланасына курулган мыйзамсыз курулуштар буздурулууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.   Маалыматка ылайык, стадиондун аянты 2001-жылы берилген токтомга ылайык 5,5 гектар деп көрсөтүлгөн. 1996-жылы соцобьектилердин аймагынын жер аянттарын жеке менчике бербөө боюнча токтому чыкканына карабай, 1 гектардан ашууна жер… Кененирээк…

Коомдук жайларда тамеки тарткандарга эми үч миң сом айып салынат

Коомдук жайларда тамеки тарткандарга эми үч миң сом айып салынат.   «Токтом» порталына жарыяланган маалыматка караганда, Кыргызстанда белгиленбеген жерлерде тамеки чегүүгө, аны сатууга жана жүгүртүү тартибин бузууга жоопкерчилик күчөтүлдү. Ага ылайык, тамеки чегүү үчүн атайын бөлүнгөн жайларды кошпогондо, коомдук жайларда тамеки жана никотинди чегүүгө, анын… Кененирээк…

Индияда 113 млн долларлык үлпөт тойго даярдык боюнча майрам аяктады

Индияда 113 миллион  долларлык үлпөт тойго даярдык боюнча чоң майрамдык кече аяктады. Индиянын эң бай ишкеринин кичүү уулу 12-июлда үйлөнөт жана өткөн дем алыш күндөрү ал колуктусу менен Гуджарат штатынын 51 миң тургунуна кечки тамак тартуулап, “репетиция” өткөрүштү.   Коктейль кечесинде коноктор үчүн Рианна ырдады… Кененирээк…

Быйыл Бишкек ЖЭБинин иши 30-40 күнгө толук токтотулат

Быйыл Бишкек жылуулук электр борборунун иши 30-40 күнгө толук токтотулат. Энергетика министринин орун басары Талайбек Байгазиев билдиргендей, мунун себеби оңдоо иштерине байланыштуу.   Эске салсак, ЖЭБдеги ремонт иштеринен улам жыл сайын май же июнь айларында ысык суу берүү 20-30 күнгө токтотулуп турчу. Быйылкы график кийинчерээк… Кененирээк…

Бишкекте кыргыз күрөшү боюнча чемпионат өтөт

Бишкекте кыргыз күрөшү боюнча эркектер жана кыз-келдиндер арасында Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.   Спорттук иш-чара 10-мартта Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда уюштурулуп, ага өлкө аймактарынан келген спортчулар катышат.   Жеңүүчүлөр диплом, медаль жана кубок менен сыйланышат.  … Кененирээк…

Менчик медициналык лабораториялар кызмат акысын арзандатты

Кыргызстандагы менчик медициналык лабораториялар кызмат акысын арзандатты. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.   Маалыматка ылайык, мындай чечим лабораториялардын өкүлдөрү менен жолугушууда кабыл алынган. Анда айрым жайлар бардык анализдердин баасын 30%га чейин төмөндөтө турган болсо, реагенттерди жеткирүүчүлөр бааны 15%га чейин түшүргөнү айтылат.   Ошондой эле, мамлекеттик медициналык… Кененирээк…

Кыргызстанда жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок

Очогу кыргыз-казак чек арасында болгон жер титирөөдөн өлкөдө жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. Сейсмология институтунан билдиришкендей, бүгүн түшкү саат 12:30дар чамасындагы силкинүүнүн күчү очогунда 5,2 баллды түздү.   Жердин титирегени Чолпон-Ата шаарында, Бостери, Ананьево айылдарында, Казакстандын Алматы шаарында 4,5 балл, Балыкчы шаарында 4 балл, Бишкек, Каракол, Кумтөр… Кененирээк…

Япония Кыргызстанга 7 млн доллар грант берет

Япония ирригациялык каналдарды жакшыртуу үчүн Кыргызстанга 7 млн доллар грант берет. Тиешелүү келишимди ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүктүрүү боюнча комитети биринчи окууда жактырды.   Долбоор Суу чарба кызматынын жер казуучу жана башка техникалардын жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга багытталган.… Кененирээк…

Быйыл Ош облусунда жалпысынан 100дөн ашык объект курулат

Быйыл Ош облусунда жалпысынан 100дөн ашык объект курулат. Novosti.kgге президенттин аймактагы өкүлчүлүгү билдиргендей, алардын арасында 26 мектеп, 15 бала бакча, 7 спорттук зал, 2 оорукана, музыкалык окуу жай ж.б. имараттар бар.   Мындан тышкары, 20га жакын мектеп, китепкана, маданият үйү капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт.

Учурда Ошто 17 мектеп, 11 бала бакчанын курулушу жүрүүдө

Учурда Ош облусунда 17 мектеп, 11 бала бакча, 1 музыкалык окуу жайы, 5 спорттук зал жана 2 оорукананын курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Novosti.kgге президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.   Белгиленгендей, курулуш иштери облустун дээрлик бардык райондорунда жүрүүдө жана жыл аягына чейин пайдаланууга берүү пландалып жатат.