Футбол боюнча курама команда мартта эки жолдоштук беттеш өткөрөт

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы март айында эки жолдоштук беттеш өткөрөт. Оюндар Индия жана Мьянманын курама командалары менен болот. Спорттук иш-чара келерки жайда Катарда өтө турган Азия кубогуна даярдык катары пландалган.

Бишкекте 60 үй-бүлөгө акысыз көмүр берилди

Бишкекте аярлуу жана аз камсыз 60 үй-бүлөгө акысыз көмүр берилди. Ордо калаанын Ленин райондук администрациясы көмөктү кайрымдуулук фонддун жардамы менен көрсөттү. Маалыматка ылайык, жалпы жонунан 60 тонна көмүр таратылды.

Бишкектеги автобустардын кыймылын эми тиркеме аркылуу көзөмөлдөөгө болот

Бишкектеги автобустардын кыймылын эми тиркеме аркылуу көзөмөлдөөгө болот. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттен билдиришти. Тиркемени колдонуу үчүн Play Market`тен көчүрүп алуу керек. Ошондой эле бул тиркеме App Store үчүн дагы жеткиликтүү. Белгиленгендей, мобилдик тиркеме кыргыз, орус жана англис тилдеринде иштейт.

Кыргызстандын абактарында 7,5 миңден ашуун адам отурат

Кыргызстандын абактарында 7 миң 529 адам отурат. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматы билдирди. Ведомстводон белгилешкендей, ошол эле учурда абакта отурган адамдардын санын кыскартуу тенденциясы бар. Алардын ичинен менчикке каршы кылмыштарды — 2 миң 98 адам, адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна каршы кылмыштарды — 1 миң… Кененирээк…

Аскерде альтернативдик негизде кызмат өтөөнүн төлөмүн кымбаттатуу сунушталды

Кыргызстанда аскерде альтернативдик негизде кызмат өтөөнүн төлөмүн кымбаттатуу сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбооруна ылайык, үй-бүлөлүк жагдайга байланыштуу альтернативдик кызматка чакырылгандар 50 миң сом, диний ишеними курал пайдаланууга жол бербегендер 100 миң сом төлөйт. 22 жашка чыгып бирок аскердик жана альтернативдик кызматты өтөбөгөндөр 300 миң сом төгөт.… Кененирээк…

Бишкектин абоненттери карыздын айынан электр жарыгысыз калышы мүмкүн

Бишкекте 7 миңден ашык абонент карыздын айынан электр жарыгысыз калышы мүмкүн. Шаардык электр тармактар ​​ишканасынын маалыматына ылайык, аралыктан өчүрүү 6-февралда башталат. Ыңгайсыздыктарга кабылбоо үчүн жарандарга карыздарын алдын ала төлөө сунушталат.

Туризм тармагында иштеген ишкерлер жеңилдетилген насыя ала алышат

Туризм тармагында иштеген ишкерлер бизнесин кеңейтүү үчүн жеңилдетилген насыя ала алышат. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү фондунан билдиришти. Микрофинансылык уюмдар менен кызматташуу келишимине буга чейин кол коюлган. Каражаттарды бөлүштүрүү туристтик сезондун башталышы менен башталат. Колдоо эффективдүү болушу үчүн үстөк пайызды рыноктук чендерден төмөн кылуу чечими кабыл… Кененирээк…

Баткенде 100 гектар жерге мисте багы отургузулат

Баткенде 100 гектар жерге мисте багы отургузулат. Бул тууралуу экология, жаратылыш ресурстары жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова билдирди. Маалыматка ылайык, Кең-Талаа айыл аймагындагы иштер март айында башталат жана ал жерде тамчылатып сугаруу системасы орнотулат. Аталган айыл Баткендин Лейлек районуна карайт. Лейлек кыргыз-тажик мамлекеттик чек… Кененирээк…

ФИФАнын машыктыруучусу кыргызстандык балдарды тарбиялай баштады

Испаниялык машыктыруучу Даниэл Лимонес футболго кызыккан таланттуу балдарды Бишкекте машыктыра баштады. Кыргыз футбол бирикмеси билдиргендей, ал Кыргызстанга ФИФАнын программасынын алкагында келген. Лимонес июлга чейин эки өспүрүмдөр командасын машыктырат. Машыктыруучу Испаниядагы «Атлетико Мадрид» академиясынын координатору, Пакистандын футбол федерациясынын улуттук директору болуп иштеген. Анын УЕФА PRO лицензиясы… Кененирээк…

Шашылыш билдирүү! Тоолуу райондордо кар көчкү түшүшү мүмкүн

Шашылыш билдирүү! Тоолуу райондордо кар көчкү түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүнтөн тарта 6-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Ала-Бука — Каныш-Кыя унаа жолундагы Чапчыма ашуусунда жана Красная-Горка — Акташ унаа жолунда кар көчкү түшүп, жолдор тайгак… Кененирээк…