Бүгүн Бишкекте мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүүдө

Бишкектин Ленин округу боюнча депутатты кайра шайлоодо 100дөн ашык киши сырттан добуш берет. БШК эскерткендей, ден соолугуна байланыштуу же башка себептер менен шайлоо участогуна келе албагандар мөөнөтүнөн мурда добуш берүүгө укуктуу.   Алар бүгүн өз тандоосун жасап жатат.   Шайлоонун өзү эртең, жекшемби күнү болот.

Чүй облусунун башкы архитектору жана Мамкурулуштун кызматкери кармалды

Чүй облустук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы жана Мамлекеттик курулуш агенттигинин кызматкери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан КР мамлекеттик органдарында коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, КР Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган кылмыштын… Кененирээк…

Бүгүн өлкөдө Комуз күнү белгиленүүдө

Бүгүн өлкөдө Комуз күнү белгиленүүдө. Майрамдык иш-чаралар улуу композитор Карамолдо Орозовдун 140 жылдыгына арналат.   Маданият министрлигинин маалыматына ылайык, иш-чара Кыргыз улуттук филармонияда өтүп, Карамолдо Орозов жөнүндө кыска метраждуу тасма көрсөтүлөт, көргөзмө уюштурулуп, салттуу музыканын концерти болот.