Кыргызстанда 58 млн сомго 100 компьютердик класс жабдылды

Биринчи улуттук онлайн-сабакка Кыргызстандагы ЮНИСЕФтин жана Япония өкмөтүнүн колдоосу менен жабдылган мектептердин окуучулары катышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, ЮНИСЕФ жалпы наркы 58 млн сомдон ашык болгон (650 миң АКШ доллары) 100 компьютердик классты жабдыган.   Белгиленгендей, жабдуулар сапаттуу билим берүүнү… Кененирээк…

8-мартта аялдар эң көп күткөн үч белек аталды

Социологдор сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча 8-март күнү аялдар эң көп күткөн үч белекти атады. Биринчи орунда гүл турат. Аялдардын үчтөн бирине жакыны аларды алууну каалашат.   12%ы саякаттоону жактырса, 9%ы белекти өздөрү тандоону ылайык көрүшкөндүктөнбү, акча алгысы келет.

Милиция калкты чөнтөк ууруларынан сак болууга чакырат

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы калкты чөнтөк ууруларынан сак болууга чакырат. Өзгөчө коомдук транспортто жана базарларда этият болуу керек.   Маалыматка ылайык, соңку убакта жеке буюмдарды уурдоо фактылары көп катталууда. Мындан улам, капчык, телефон жана башка баалуу нерселерди сырткы чөнтөккө салбоо сунушталат.

Бишкекте тазалыкты сактабагандыгы үчүн беш компанияга айып салынды

Бишкекте тазалыкты сактабагандыгы үчүн беш компанияга айып салынды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, мэриянын муниципалдык инспекциясы курулуш объектилери жана чарба жүргүзүүчү субъекттер боюнча рейд жүргүздү. Анын натыйжасында:   Гражданская көчөсү 24 дарегиндеги «Авента курулуш» ЖЧКсына, Ч.Айтматов проспектиси 100/2 дарегиндеги «Кыргыз Каганат» ЖЧКсына курлуш калдыктарын… Кененирээк…

Европа өнүктүрүү банкы Кыргызстанга 18 млн евродон ашык каражат берет

Кыргызстан айрым аймактарды суу менен камсыздоо үчүн Европа өнүктүрүү банкынан 18 млн евродон ашык каражат алат. Президент Садыр Жапаров тиешелүү кредиттик жана гранттык макулдашууларды ратификациялоо боюнча мыйзамга кол койду.   Кадамжай, Таш-Көмүр, Көк-Жаңгак жана Айдаркен шаарларында суу секторунун туруктуулугун жогорулатуу программасы үчүн каражат алуу боюнча… Кененирээк…

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолуна убактылуу чектөө киргизилет

Эртең, 7-мартта Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолуна убактылуу чектөө киргизилет. Мунун себеби кар көчкүнү атайылап атып түшүрүү иштерине байланыштуу экенин Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, жол күндүзгү саат 11ден кечки 6га чейин Кочкор районунун Сары-Булак айылынан Нарын районундагы Оттук айылына чейин жабылат.   Айдоочуларга… Кененирээк…

“Ак-Тилек” өткөрмө бекети штаттык режимде иштеп жатат

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрмө бекети штаттык режимде иштеп жатат. Бул тууралуу Novosti.kgге УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.   Эске салсак, аталган мекеме 6-мартта эртең мененки саат 9дан күндүзгү 2ге чейин «Ак-Тилек» пунктунда убактылуу үзгүлтүктөр болушу мүмкүн экенин, мунун себеби байланыш тармактарында оңдоо-калыбына келтирүү боюнча… Кененирээк…

Соода-өнөр жай палатасына жаңы вице-президент келди

Нурлан Нартаев Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти болду. Бул тууралуу аталган уюмдан кабарлашты.   Маалыматка ылайык, ага палата мүчөлөрүнүн ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө жүктөлдү. Ал ошондой эле палатанын мүчөлөрү жана республиканын аймактары менен иштөө бөлүмүнүн башчысы болду.   Нурлан Нартаев эмгек жолун прокуратурада, андан кийин Экономикалык кылмыштарга каршы… Кененирээк…

Баткендин Кызыл-Кыя шаарында 65 турак жай сел кооптуулугунан корголду

Баткендин Кызыл-Кыя шаарында 65 турак жай сел кооптуулугунан корголду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.   Ведомстводон белгилешкендей, учурда Кызыл-Кыя шаарынын Чоң-Жинжиген айылында сел жүрүүчү Жин-Жиген сайын механикалык тазалоого жумуштары колго алынды.   Жыйынтыгында сай жээгинде жайгашкан 65 турак үй, 3 чакырым ички чарбалык жол… Кененирээк…

Ноокатта 2 млрд сомго соода-логистикалык борбор курулат

Ноокатта 2 млрд сомго соода-логистикалык борбор курулат. Бул боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк келишимине кол коюлганын жергиликтүү бийликтен билдиришти.   Долбоор заманбап соода-логистикалык борборду, анын ичинде соода жана оюн-зоок комплексин, тамак-аш жана азык-түлүк эмес товарларды чекене жана дүңүнөн сатуу үчүн соода жайын, кайра иштетүүчү цехтерди, кампаларды жана… Кененирээк…