Күздөн тарта мектеп директорлору менен завучтардын айлыгы жогорулайт

1-сентябрдан тарта жалпы билим берүү уюмдарынын, атайын мектептердин, бардык типтеги жана аталыштагы мектеп-интернаттарынын директорлору менен орун басарларынын маянасы жогорулайт.   Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, кошумча төлөм 50 пайызды түзөт. Бул үчүн жыл аягына чейин бюджеттен 183 миллион сом бөлүнөт.

Жалал-Абадда жер титирөө катталды

Жалал-Абад облусунун аймагында жер титирөө катталды.   Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, силкинүү бүгүн түшкү саат 4ттөрдө болуп, күчү очогунда 3,5 баллга жеткен.   Алдын ала маалыматка ылайык, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Бритни Спирстин күйөөсү Сэм Асгари андан каржылык колдоо талап кылууда

Америкалык ырчы Бритни Спирстин күйөөсү Сэм Асгари ажырашкандан кийин андан каржылык колдоо талап кылууда.   29 жаштагы фитнес-машыктыруучу аялынан акчалай жардам алгандан тышкары, ажырашуу процесси менен алектене турган адвокаттардын кызматы үчүн каражат төлөп берүүгө чакырды.   Эске салсак, Спирс Асгариге былтыр июнда баш кошуп, быйыл… Кененирээк…

Имараттан тышкары добуш бере тургандардын тизмеси 2-сентябрга чейин түзүлөт

Ленин округу боюнча кайра шайлоодо имараттан тышкары добуш бере тургандардын тизмеси 2-сентябрга чейин түзүлөт.   БШКдан билдиришкендей, ага ар кандай себептерден улам шайлоо участогуна келе албаган же ооруканада жаткан жарандар кирет.   Мөөнөтүнөн мурда добуш берүү шайлоого бир күн калганда, тагыраагы, 9-сентябрда болот.

Кыргыз-өзбек демаркация комиссиясынын жыйыны болду

13-19-августка чейин Чолпон-Атада кыргыз-өзбек биргелешкен демаркация комиссиясындагы эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун жолугушуусу өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.   Жолугушууда чек араны демаркациялоо маселелери талкууланып демаркация иштерин жүргүзүү үчүн атайын геодезиялык тармакты түзүү боюнча даярдык иштери жүргүзүлдү. Жыйынтыгында протоколго кол… Кененирээк…

Бишкектеги Тоголок Молдо көчөсүнүн тротуары жаңыланууда

Ордо калаанын Тоголок Молдо көчөсүн бойлой жаңы тротуардын курулушу башталды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.   Ишти «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын подряддык уюму жүргүзүүдө.   Белгилеп кетсек, курулуш иштери Жибек-Жолу проспектисинен Москва көчөсүнө чейин чыгыш тараптан пландалууда. Учурда Жибек-Жолу проспектисинен «Спартак» стадионуна чейинки аралыкта жумуш жүрүп жатат.

Кыргызстандыктар Мальдив аралдарына визасыз бара алышат

Кыргызстандыктар Мальдив аралдарына визасыз бара алышат.   Эки мамлекеттин өкмөттөрүнүн ортосундагы макулдашуу 20-августтан тарта күчүнө киргенин Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.   Документ эки өлкөнүн жарандарына Кыргызстандын жана Мальдив аралдарынын аймагында 30 күнгө чейин визасыз кирүү, чыгуу, транзиттик жана убактылуу жүрүү мүмкүнчүлүгүн берет.

Жиддадан келген алгачкы учак Ош аэропортуна конду

Жиддадан келген алгачкы учак бүгүн Ош аэропортуна конду. “Манас” аба майданынын маалыматына караганда, самолетто 157 жүргүнчү келди.   Белгилеп кетсек, Жидда – Ош – Жидда багыты боюнча каттамдар мындан ары туруктуу аткарылат деп күтүлүүдө.   Учактар ​​дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү учат.

Милиция 30-августтан тарта кызматтын күчөтүлгөн тартибине өтөт

Кыргызстанда милиция 30-августтан тарта кызматтын күчөтүлгөн тартибине өтөт. Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, иш-чаралар Эгемендүүлүк күнүн белгилөө, окуу жылынын башталышы жана Ленин районунда депутаттык шайлоону өткөрүүгө байланыштуу.   Тартипти камсыз кылуу боюнча ведомство тарабынан иш-чаралар планы бекитилди, ошондой эле башка зарыл чаралар көрүлдү.

Кыргызстан тогуз көмүр кенин Кытай менен бирге иштетет

Кыргызстан тогуз көмүр кенин Кытай менен бирге иштетет. Тиешелүү документке Үрүмчү шаарында өткөн кыргыз-кытай бизнес форумунда кол коюлганын Министрлер кабинетинин баса сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, келишимдер «Кыргызкөмүр» ишканасы менен кытайлык 5 компаниянын ортосунда кабыл алынган.   Өкмөт башчы Акылбек Жапаров баштаган расмий делегациянын Шинжаң-Уйгур… Кененирээк…