Бишкекте экинчи скважинаны бургулоо башталды

Бишкекте экинчи скважинаны бургулоо башталды. Муниципалитеттен билдиришкендей, “Бишкек суу чарба”муниципалдык ишканасы пландалган алты скважинанын экинчисин бургулоого киришти. Скважинанын тереңдиги 200 метр, кубаттуулугу секундасына 65 метр куб сууну, бул секундасына 17 литрди түзөт. Белгилей кетсек, Бишкектин Профсоюз – Нарвская, Л.Толстой – Логвиненко, Жайыл-Баатыр – Чортеков, Ахунбаев… Кененирээк…

Баткенде кыргыз-тажик жумушчу топторунун жолугушуусу башталды

Баткенде 4-июлда Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу башталды.   Бул тууралуу Министрлер кабинетинин чек ара боюнча өкүлү Назирбек Бөрүбаев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып айтты. Анын сөзүнө караганда, жолугушуу 9-июлга чейин созулат.  … Кененирээк…

Казань шаарынан Бишкекке түз аба каттамы ачылууда

Казань шаарынан Бишкекке түз аба каттамы ачылууда. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунан билдиришти. 15-июлдан тарта россиялык авиакомпания тарабынан Казань – Бишкек – Казань туруктуу каттамы кое берилет.   Татарстандын борбор шаарынан учактар Бишкекке жекшемби күндөрү учса, кайра Казань шаарына учактар ишембиде каттайт. Учуу убактысы… Кененирээк…

“Түндүк” уюлдук порталы эми бардык колдонуучуларды айыптар тууралуу эскертип турат

“Түндүк” уюлдук порталы эми бардык колдонуучуларды айыптар тууралуу эскертип турат. “Түндүк” мамлекеттик ишканасынын директору Чыңгыз Аманатов билдиргендей, алсак, тиркемеде алимент, “Коопсуз шаар” долбоорунун айыптары жана башка административдик айыптар боюнча маалымат жеткиликтүү.   Учурда аталган тиркемени 400 миңдей адам колдонуп жатат, — деди чиновник.

Түндүк-түштүк альтернативалык жолдун курулушу уланууда

Түндүк-түштүк альтернативалык жолдун курулушу уланууда. Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, учурда иштер Казарман – Жалал-Абад тилкесинде жүрүп жатат.   Бул жерде куруучулар Көк-Арт ашуусу аркылуу туннель салууда.   Бул участоктогу жумуштар кийинки жылы аяктайт деп пландалууда. Эске салсак, түндүк менен түштүктү байланыштырган альтернативалык трассанын… Кененирээк…

Кыргызстандын мамлекеттик бюджетинин кирешеси быйыл үчтөн бир бөлүгүнө өстү

Кыргызстандын мамлекеттик бюджетинин кирешеси быйыл үчтөн бир бөлүгүнө өстү. Мамлекеттик казынага январдан май айына чейин 143 миллиард сом түштү. Бул өткөн жылдын ушул эле мөөнөт аралыгына салыштырмалуу 30 пайызга көп, — деп жазылат Каржы министрлигинин отчетунда.   Сумманын 75 пайызы же 108 миллиард сом салык… Кененирээк…

Нарын облусундагы “Куланак” ГЭСинин курулушуна 88 миллион доллар багытталат

Нарын облусундагы “Куланак” ГЭСинин курулушуна 88 миллион доллар багытталат. Биргелешип каржылоо боюнча макулдашуу Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду менен Евразиялык өнүктүрүү банкы ортосунда жетишилди.   Аталган фонддон белгилешкендей, сумманын 44 миллион долларын эл аралык банк каржыласа, ушундай эле сумманы фонд бөлүп берет.   “Куланак” ГЭСинин кубаттуулугу 100… Кененирээк…

Бурана мунарасын калыбына келтирүү иштери жыйынтыкталды

Бурана мунарасын калыбына келтирүү иштери жыйынтыкталды. Долбоорду ишке ашырган АКШнын элчилигинин маалыматына ылаык, 2021-жылдын сентябрь айынан бери мунаранын үстүңкү бөлүгүн эл аралык эксперттер калыбына келтирди.   Эске салсак, Бурана ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурасы тизмесине киргизилген.

Кыргызстанда “Күн булагы” күн электр станциясынын курулушуна даярдыктар жүрүүдө

Кыргызстанда “Күн булагы” күн электр станциясынын курулушуна даярдыктар жүрүүдө. Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришкендей, объект Ысык-Көл облусунда пайда болот.   Ага салына турган инвестициялардын жалпы суммасы 35 миллион долларды түзөт.   Долбоор казакстандык компания менен биргелешип ишке ашат деп пландалууда. Казак тарап техникалык-экономикалык негиздемени даярдап,… Кененирээк…

Ташкент – Тамчы – Ташкент аба каттамы 14-июлда кое берилет

Ташкент – Тамчы – Ташкент аба каттамы 14-июлда кое берилет. “Манас” эл аралык аэропорттун басма-сөз кызматынан билдиришкендей, рейстерди өзбекстандык компания аткарат.   Коңшу өлкөнүн борбор шаарынан көл жээгине учактар аптасына бир жолу – жума күндөрү каттайт.