Чолпон-Атада жаңы футбол аянтчасы ачылды
Чолпон-Ата шаарында жаны курулган футбол аянтчасы ачылып, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан билдиришти. Аянтчанын курулушун толугу менен фонд каржылаган. Сметалык баасы 3 млн 266 миң 499 сомду түздү.