Кытайдагы мектепте 12 жуп эгиз 1-класска келишти

Кытайдагы мектептердин биринин мугалимдери адаттан тыш жагдайга күбө болушту. Окууга кабыл алуунун натыйжасында алар бир эле учурда 12 жуп эгиз 1-класска келгендигин аныкташты.   Мектеп жетекчилиги кеңешип, эгиздердин баарын бир класска кабыл алууну чечишкен. Мугалимдер муну менен балдардын мектеп жашоосуна ыңгайлашуусу алда канча ыңгайлуу болот… Кененирээк…

«Ак шумкарлар» “Аль-Наср” менен беттешет

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Бахрейн курамасы менен беттешет. Жолдоштук беттеш 12-октябрда Манамеде өтөт.   Кошумчалай кетсек, 7-сентябрда кыргызстандык футболчулар “Аль-Наср” клубу менен беттешсе, 12-сентябрда Кувейт курама командасы менен оюн талаасына чыгат.

Кыргызстандын оор атлетчилери Дүйнө чемпионатына катышат

Кыргызстандын оор атлетика боюнча курама командасынын мүчөлөрү Бекдөөлөт Расулбеков (102 кг) жана Эмил Молдодосов (89 кг) Дүйнө чемпионатына катышат.   Дене тарбия жана споррт департаментинен билдиришкендей, мелдештер 18-сентябрга чейин Сауд Аравиясынын Эр-Рияд шаарында өтөт.   Спортчулар чемпионатка улук машыктыруучу Өмүржан Молдодосов жана башкы машыктыруучу Камбар… Кененирээк…

Нарында 75 орундуу бала бакча ачылды

Нарын районундагы Эмгек-Талаа айылында 75 орундуу бала бакча ачылды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.   Бала бакчанын курулушу 2015-жылы башталып, 8 жылдан бери каражаттын жетишсиздигинен бүтпөй турган.   Жалпы сметалык баасы 32 миллион сом болуп, республикалык бюджеттен каржыланды.

Ленин округу боюнча шайлоочулардын акыркы тизмеси жарыяланды

Бишкектин Ленин округу боюнча шайлоочулардын акыркы тизмеси жарыяланды. БШКнын маалыматына ылайык, ага 127 миңден ашык адам кирген.   Калктын бирдиктүү реестринин маалыматтарынын негизинде түзүлгөн тизме мамлекеттик «Тизме» порталына жайгаштырылды.   Аталган аймак боюнча парламент депутатын кайра шайлоо ушул жекшемби, 10-сентябрда өтөт. Депутат болуу үчүн 25… Кененирээк…

Бишкек турак жай куруу үчүн эң кымбат шаар

Бишкек Кыргызстанда турак жай куруу үчүн эң кымбат шаар. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына караганда, борбордо курулган жеке турак жайдын чарчы метри орто эсеп менен 31 миң сомдон ашат.   Ал эми Баткен же Нарын облусунда турак жай курууга баалар өлкө боюнча эң арзан — чарчы… Кененирээк…

Быйыл кышында үйлөрдү электр энергиясы менен жылытууга тыюу салынат

Кыргызстан быйылкы кышта электр менен жылытууга толук тыюу салууну пландоодо. Бул тууралуу Энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиев билдирди.   Анын айтымында, мындай чара өлкөнүн негизги ГЭСтерине суунун аз агып келиши жана электр энергиясын керектөөнүн өсүшүнө байланыштуу.   Чиновник ишендиргендей, жарыкты өчүрүүлөр болбойт, ар бир… Кененирээк…

Германия төрт күндүк иш жумасын сынап жатат

Германия төрт күндүк иш жумасын сынап жатат. Изилдөөгө ар түрдүү тармактардын 50дөн ашык компаниялары катышат. Жаңы графикке ылайык, тандалган уюмдар 1-февралдан тарта иштей баштайт, ал эми кызматкерлердин маянасы ошол эле бойдон калат.   Германиянын пилоттук долбоорунун алгачкы жыйынтыгы май айында күтүлүүдө.   Жаңычылдык жумасына беш… Кененирээк…

Быйыл окуу китептерди басып чыгарууга 152 миллион сом бөлүндү

Быйыл жаңы окуу китептерди басып чыгарууга республикалык бюджеттен 152 миллион сом бөлүндү. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, бул каражаттын эсебинен 136 миң нускадан ашуун китеп басылып чыкты.   Белгилеп кетсек, Кыргызстандын мектептери окуу китептери менен толук камсыз боло элек. Бул маселе ижаралык негизде чечилип келет.  … Кененирээк…

Түркияда август айында жылдык инфляция дээрлик 59 пайызды түздү

Түркияда август айында жылдык инфляция дээрлик 59 пайызды түздү. Мындай маалыматты Улуттук статистика институту билдирди.   Бул акыркы 8 айдагы эң жогорку көрсөткүч болуп калды.   Эксперттердин айтымында, өсүш салыктардын көбөйүшү, лиранын алсызданышы жана азык-түлүктүн кымбатташына байланыштуу. Бир айда өлкөдө тамак-аш дээрлик 73%га, ал эми… Кененирээк…