Айсулуу Тыныбекова эл аралык мелдештен алтын медаль багындырды

Кыргызстандык Айсулуу Тыныбекова Венгрияда өткөн спорттук күрөш боюнча рейтингдик турнирде алтын тагынды.   Балбан кыз 62 кг чейинки салмак ченинде күч сынашкан. Чейрек финалда Тыныбекова россиялык Алина Хасабиеваны 6:1 менен утту. Ал эми жарым финалда бразилиялык Лаис Нуньести 5:2 эсеби менен жеңген. Финалда болгариялык спортчу… Кененирээк…

Кыргыз балбан кыздары Азия чемпионатында 5 медаль алышты

Кыргызстандын күрөш боюнча кыздар курама командасы (U-15) Иорданиянын Амман шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында 2 күмүш жана 3 коло медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.   36 кг чейинки салмак категориясында катышкан Айдеми Асангазиева, 62 кг чейинки салмакта Аяна Асамаликова күмүш… Кененирээк…

Этникалык кыргыздар «кайрылман» макамын «улутташ» деп атооону сунушташат

Этникалык кыргыздар «кайрылман» макамын «улутташ» деп атооону сунушташат. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн «Этно кеңеш-2023» аталышындагы жыйын өттү.   Анда Этностан маданий борборунун негиздөөчүсү Каныбек Толкун уулу «кайрылман» макамынын аталышын өзгөртүүнү сунуштады. ««Кайрылман» деген сөз мурда Кыргызстандан кетип, кийин кайра кайтып келген деген маанини туюнтат… Кененирээк…

Бишкек – Казань – Бишкек каттамынын саны көбөйтүлөт

Бишкек – Казань – Бишкек каттамынын саны көбөйтүлөт. Россиялык авиакомпания тарабынан бүгүн, 15-июлдан тарта аталган багытты кое берди. Каттамдар жумасына бир ирет – ишемби күндөрү аткарылат.   Эске салсак, башка авиакомпаниялар бул багыт боюнча жумасына 5 жолу – дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби жана ишемби күндөрү каттамдарды… Кененирээк…

Калкты тейлөө борборлорунда чет элдиктерди онлайн каттоо функциясы киргизилет

Калкты тейлөө борборлорунда чет элдиктерди онлайн каттоо функциясы киргизилет. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Жазгүл Кийизбаева билдирди.   Анын айтымында, 24-июлдан тарта чет элдик жарандарды өлкөгө киргенде эле идентификациядан өткөрүү мүмкүнчүлүгү жаралат. Статистика боюнча өткөн жылы 660 миңден ашык чет элдик жаран ушул… Кененирээк…

Айсулуу Тыныбекова Венгриядагы рейтингдик турнирде финалга чыкты

Кыргызстандык Айсулуу Тыныбекова Венгрияда өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча рейтингдик турнирдин финалына чыкты. 62 салмак категориясы боюнча кармашып жаткан кыргызстандык спортчу кыз алгач Луиза Хель Герд Неймехти (2:0), андан соң венгриялык Ясмин Солеманды (10:0) жеңип алды. Чейрек финалда Тыныбекова россиялык Алина Хасабиеваны 6:1 менен утту. Ал эми… Кененирээк…

Чүйдө суу жоктугуна нааразылар жолдо акция өткөрүүдө

Сокулуктагы Селекция айылынын жана Сары-Өзөн конушунун элүүдөй тургуну Бишкектин Жайыл баатыр (Түштүк магистраль) көчөсүндө нааразылык акциясын өткөрүүдө. Алар үч айдан бери таза суусуз отурганын, бул маселе тез арада чечилбесе, жолду бууганга чейин бара турганын эскертти. Учурда автоунаалар жолдун бир тарабы менен өтүп жатат. Окуя болгон… Кененирээк…