Кыргызстан Парижде өтүүчү Олимпиада жана Паралимпиадага 30 жолдомо алууну пландоодо

Кыргызстан Парижде өтүүчү Олимпиада жана Паралимпиадага катышуу үчүн 30 жолдомо алууну пландоодо. Спорт департаментинен билдиришкендей, спортчуларды даярдоого өзгөчө көңүл бурулууда. Буга чейин Кыргызстан өз спортчулары үчүн эң көп дегенде 21 лицензия алган болсо, учурда алардын санын көбөйтүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Эске салсак, оюндар келерки жайда өтөт.… Кененирээк…

Амстердамда суу астында велосипед гаражы курулду

Амстердамда суу астында велосипед гаражы курулду. Ал шаардык каналдардын астында жайгашкан. Эки дөңгөлөктүү транспортту бул жерге бир күн акысыз токтотсо болот, андан кийин күнүнө бир евродон бир аз көбүрөөк төлөө керек. Муну менен Амстердам бийлиги велосипеддер үчүн токтоочу жайларды жөнөкөйлөштүрүп, коомдук мейкиндикти жөө жүргүнчүлөр менен… Кененирээк…

Энергетика министрлиги электр энергиясын өчүрүү графигин жарыялады

Энергетика министрлиги электр энергиясын өчүрүү графигин жарыялады. Ага ылайык, Бишкек шаарында, Чүй, Жалал-Абад, Ош, Баткен жана Ысык-Көл облустарында жарык үзгүлтүккө учурайт. Өчүрүүлөр негизинен эртең мененки саат 7ден түн ортосуна чейин болот. Электр жарыгын берүү орто эсеп менен бир-эки саатка токтотулат. Мындай көрүнүш январдын аягына чейин… Кененирээк…

Майлуу-Сууда суу жана жылуулуксуз калгандар үчүн убактылуу жай ачылды

Майлуу-Сууда суу жана жылуулуксуз калгандар үчүн убактылуу жай ачылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, тургундар үчүн шаардык ооруканада жана окуу жайдын жатаканасында жалпы 102 орундук даярдалды. Бул жерлер жарандарды 24 саат бою кабыл алуу даяр. Мындан тышкары, жергиликтүү бийлик тарабынан 60 адам баш калкалоочу жай ачылды.… Кененирээк…

Араванда 500гө жакын үй-бүлөгө акысыз көмүр жана азык-түлүк таратылды

Араванда 500гө жакын үй бүлөгө акысыз көмүр жана азык-түлүк таратылды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Жардам калктын аярлуу катмарына социалдык колдоо көрсөтүү иштеринин алкагында берилүүдө. Араван районунун Алля Анаров айыл өкмөтү тарабынан аз камсыздалгандарга буга чейин да көмөк көрсөтүлгөн.

Кыргызстанда адам өмүрүн алган жол кырсыктары 20 пайызга азайды

Кыргызстанда адам өмүрүн алган жол кырсыктары 20 пайызга азайды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгынан билдиришти. 2022-жылдын 12 айында өлкөдө 7 миңден ашык жол кырсыгы катталган. Бул көрсөткүч 2021-жылга салыштырмалуу жол кырсыктары 5 пайызга, көз жумгандар 20 пайызга жана жараат алгандар дээрлик… Кененирээк…

Жыл башынан бери Кыргызстанда 500дөй айдоочу камсыздандыруу полисин алды

Жыл башынан бери Кыргызстанда 500дөй айдоочу камсыздандыруу полисин алды. ОСАГО алуу шарттарын Novosti.kgге Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын камсыздандыруу бөлүмүнүн жетекчиси Тахмина Камчыбекова түшүндүрүп берди. “Азыр ОСАГО боюнча Кыргызстандын аймагында 10 камсыздандыруу компаниясы лицензияланган. Алар менен биздин мекеменин сайтынан таанышса болот. Камсыздандыруу… Кененирээк…

Шакира менен Жерар Пикенин тиреши уланууда

Колумбиялык ырчы Шакира менен мурунку сүйүктүүсү, испаниялык футболчу Жерар Пикенин тиреши уланууда. Жылдыз өзүнүн үйү менен Пикенин апасынын үйүнүн ортосуна дубал кура баштады. Шакиранын кайненеси менен мамилеси ал уулунун 23 жаштагы Клара Чиа менен сүйлөшүп жүргөнүнө макул болгондон кийин бузулган. Буга чейин ырчы коркунучтуу куурчакты… Кененирээк…

Россиянын «кара тизмесинен» 47 миң кыргызстандык чыгарылды

Россияга баруу үчүн 47 миңдей кыргызстандык “кара тизмеден” чыгарылды. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди. Анын айтымында, буга чейин бул маселе боюнча эки өлкөнүн президенттери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн. Натыйжада жарандар Россияга кайтып бара алышат. Көбүнчө алар майда-чүйдө мыйзамдарды бузгандар болгон. Белгилеп кетсек, жети миллион… Кененирээк…

Майлуу-Сууга жылуулук берүү бүгүн толугу менен калыбына келтирилет

Майлуу-Сууга жылуулук берүү бүгүн толугу менен калыбына келтирилет. Буга Энергетика министри Таалайбек Ибраев ишендирүүдө. Анын айтымында, учурда 340тай абонентке жылуулук бериле элек. Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында 12-январда катуу сууктан улам суу түтүктөрү тоңуп, жылуулук берүү жана суу менен камсыз кылуу үзгүлтүккө учураган. Аймакта өзгөчө кырдаал… Кененирээк…