Президенттин Чүйдөгү өкүлү менен Сокулуктун акими кызматтан алынды

Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаев кызматтан алынды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун өлкө башчынын басма сөз кызматы кабарлады.   Садыр Жапаровдун дагы бир жарлыгы менен Чүй облусунун Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаев да кызматынан бошотулду. Президент жер мунапысынын аткарылышы боюнча… Кененирээк…

Бишкектин Биринчи май районунда көчөдө соода жүргузүүгө тыюу салынат

Бишкектин Биринчи май районунда көчөдө соода жүргузүүгө тыюу салынат. Акимиаттан билдиришкендей, жаздын келиши менен тиешелүү документи жок соода кылгандардын саны өсүүдө.   Район администрациясынын чечими менен 15-марттан тарта аймакта балмуздак, суусуздук сатуучу түйүндөрүнө, күч сыноо аппараттарына, велосипед ижарага берүү түйүндөрүнө тыюу салынат.

Кыргызстанда 5 миллиондон ашык банк картасы бар

Кыргызстанда 5 миллиондон ашык банк картасы бар. Улуттук банктын маалыматына ылайык, бир жыл ичинде алардын саны 39 пайызга көбөйдү. Карталардын басымдуусу, же 57,5 пайызы улуттук төлөм системасына туура келсе, калган бөлүгү эл аралык системаларга туура келет.   Накталай эмес төлөм көбүнчө Бишкекте жүргүзүлөт. Эң аз… Кененирээк…

Сейсмология институту пайдалуу долбоор иштеп чыгууда

Сейсмология институту пайдалуу долбоор иштеп чыгууда. Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар кеңешинин катчысы Батыркул Баетов билдиргендей, кеп өлкөнүн бардык калк жашаган түйүндөрүн сейсмикалык аймактарга бөлүү программасы тууралуу болуп жатат.   Кийин бул курулуш нормаларын жана эрежелерин сактоого мүмкүнчүлүк берет.   Баетов белгилегендей, мамлекет тарабынан долбоорду… Кененирээк…

Кыргызстанда аскерге жазгы чакырык жүрүүдө

Кыргызстанда аскерге жазгы чакырык жүрүүдө.   Генералдык штабдан билдиришкендей, 18 жаштан 25ке чейинки бардык жарандар чакырыктан бошотуу укугуна ээ эмес болсо, аскердик комиссариаттарга келип, комиссиядан өтүшү керек.   Жалпысынан, 2 миңден ашык уланды аскерге чакыруу пландалып жатат. Алар Коргоо министрлигинин, Улуттук коопсуздук комитетинин, Жазаларды аткаруу… Кененирээк…

ОшМУда МГУнун борбору ачылат, эки диплом берилет

Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) ректору Кудайберди Кожобеков менен Москва мамлекеттик университетинин (ММУ) ректору Виктор Садовничий ММУнун Ломоносов атындагы борборун ОшМУда ачуу тууралуу келишимге кол коюшту. Бул туурасында түштүк борбордогу аталган ЖОЖдун маалымат кызматы билдирди. Эки окуу жайдын ректорлору туризм (бакалавриат), эл аралык мамилелер, математика жана… Кененирээк…

Жер мунапысы тууралуу өкмөттүн токтомунун 27-пункту жоюлду

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен өкмөттүн 2022-жылдын 31-майындагы № 291 «Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомунун 27-пункту алынып салынды. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбуктагы баракчасына жазды. «Президент Ак-Ордо конушуна күтүүсүз барып, жергиликтүү тургундар менен сүйлөшкөндө бул токтомдун… Кененирээк…

Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга кыргызстандыктар дээрлик 98 миллион сом чогултушту

Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга кыргызстандыктар дээрлик 98 миллион сом чогултушту.   Соңку маалымат менен Каржы министрлиги бөлүштү. Атайын ачылган бирдиктүү депозиттик эсепке каражатты табигый кырсыкка кайдыгер эмес жарандар которуп жатат.   Акчалай жардам берүүнү каалагандар сом, доллар, рубль жана евро түрүндө салым кошо алат.

Бул жылы саякаттоо үчүн мыкты делген өлкөлөр аталды

Бул жылы саякаттоо үчүн мыкты делген өлкөлөр аталды. Аны дүйнө жүзүндөгү туристтердин ой-пикиринин негизинде түзүштү. Биринчи орунда Куба жайгашты. Саякатчылардын айтымында, “Гавана өзүнө байыркы дүйнөнүн архитектурасын жана заманбап маданиятты туура камтыйт”.   Рейтингдин экинчи сабында Вьетнам турат, үчүнчү орунда – арал-мамлекет Вакрикий жайгашты. Андан кийин… Кененирээк…

Бишкек – Ош унаа жолунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда

Бишкек – Ош унаа жолунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда.   Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, мындай абал 9-мартка чейин сакталат. Алыскы сапарга чыга турган айдоочуларга этият болуп, унаалар ортосундагы 500 метрлик аралыкты сактоо сунушталат.