Кримтөбөл Камчы Көлбаев жок кылынды

Кримтөбөл Камчы Көлбаев Бишкектеги кармоо операциясынын жүрүшүндө жок кылынды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.   Маалыматка ылайык, бүгүн Бишкектеги «Blonder pub» эс алуу жайында кримтөбөлдү кармоо операциясы жүргөн.   Анын алкагында Көлбаев жана анын жансакчылары күч органдарына ок аткан. Натыйжада Көлбаев жана анын жансакчысы жок кылынды.

УКМК: Кыргызстандын жери Тажикстанга өткөнү жөнүндөгү сөздөр чындыкка дал келбейт

Кыргызстандын жери Тажикстанга өткөнү жөнүндөгү сөздөр чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.   Мекеме жарандарды мындай чагымчыл материалдарга ишенбөөгө чакырат. Ошону менен катар эле коомчулукту мамлекеттик органдар гана тараткан расмий маалыматтарга көңүл бурууга үндөйт, — деп жазылган билдирүүдө.   Эске салсак, буга чейин Кыргызстандын… Кененирээк…

Оштун ар бир районунда арзан көмүр саткан атайын базалар ачылат

Ош облусунун ар бир районунда арзан көмүр саткан атайын базалар ачылат. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.   Маалыматка ылайык, базалар түздөн-түз көмүр казуучулар тарабынан камсыз кылынат. Ал эми баасын 5 сомдон ашырбоо пландалууда.

Балбан Акжол Махмудов Азия оюндарында алтын медаль тагынды

Балбан Акжол Махмудов Азия оюндарында алтын медаль тагынды. Ал финалдык беттеште ирандык спортчу Амин Кавиянинежадды жеңип, чемпион болду.   Буга чейин балбан Жоламан Шаршенбеков Азия оюндарында алтын медалга ээ болгон. Ал эми дагы бир балбан Раззак Бейшекеев коло медаль утуп алды.   Эске салсак, ушул… Кененирээк…

Раззак Бейшекеев Азия оюндарында коло медалга татыды

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Раззак Бейшекеев Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарында коло медалга татыды. Ал 4/1 финалдан тарта катышып, 67 кг салмак ченинде күч сынашты.   Бейшекеев алгач япониялык Кацуаки Эндо менен кез келип, 1:5 эсебинде утулуп калган. Япониялык спортчу финалга… Кененирээк…

Бишкектин айрым жерлеринде эки күн газ болбойт

Бишкектин айрым жерлеринде эки күн газ болбойт.   “Бишкекгаз” маалымдагандай бүгүнтөн тарта 6-октябрга чейин Медеров, Кулатов, Абай, Каракөл көчөлөрү менен чектелген аймакта көгүлтүр от убактылуу өчүрүлөт. Мунун себеби оңдоо иштерине байланыштуу.   Бул учурда абоненттерге энергиянын алтернативдүү булактарын колдону сунушталат.

Балбан Жоламан Шаршенбеков Азия оюндарынын чемпиону болду

Балбан Жоламан Шаршенбеков Азия оюндарынын чемпиону болду. Финалдык беттеште ал Япониялык спортчу Аята Сузукини далысын килемге басып, мөөнөтүнөн мурда жеңди.   Эске салсак, ушул күндөрү Кытайдын Ханчжоу шаарында XIX жайкы Азия оюндары өтүп жатат. 45 өлкөнүн катышуусунда уюштурулган оюндарга Кыргызстандан 160 спортчу спорттун 23 түрү… Кененирээк…

Ордо калаада дагы тогуз тез татым жайы убактылуу жабылды

Ордо калаада дагы тогуз тез татым жайы убактылуу жабылды. Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору текшерүүнүн жыйынтыгында аларга 247 миң сом айып пул салынганын билдирди.   Буга чейин санэпидем 37 тез татым түйүнүн текшерип, алардын 10ун убактылуу жапкан. Аларга 588 миң сом айып пул салынган.  … Кененирээк…

Талас – Нылды – Покровка унаа жолуна асфальт төшөө башталды

Талас облусунун Талас – Нылды – Покровка унаа жолунда асфальт-бетон төшөө иштери башталды. Бул тууралуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.   План боюнча асфальт унаа жолдун үч чакырым аралыгына төшөлөт, бүгүнкү күндө жолдун 500 метрге жакын тилкесинде иштер бүттү.

«Кыргыз темир жолу» Казакстан аркылуу күйүүчү май ташуу токтотулганын четке какты

«Кыргыз темир жолу» Казакстан аркылуу күйүүчү май ташуу токтотулганын четке какты.   Аталган ишканадан билдиришкендей, Астанада “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын башкы директору Азамат Сакиев менен “Казакстан темир жолы” ишканасынын башкармалыгынын төрагасы Нурлан Сауранбаев жолугуп, жүк ташуу маселесин талкуулашты. Анда тараптар октябрга карата Кыргызстанга 144… Кененирээк…